Кыргызстандын экономикасынын бир катар тармактарында иштегендердин саны азайды
Кыргызстандын экономикасынын бир катар тармактарында 2025-жылы иштегендердин саны азайды. Эң олуттуу төмөндөө мейманкана жана ресторан бизнесинде катталды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бул тармакта 191 миң адам иштесе, 2025-жылы алардын саны 170 миңге чейин азайган. Башкача айтканда, иштегендердин саны 21 миң адамга кыскарган.
Маалымат жана байланыш тармагында иштегендердин саны 39,3 миңден 29,2 миң адамга чейин азайган.
Мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иштегендердин саны 106,7 миңден 96,3 миң адамга чейин кыскарган.
Транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында бул көрсөткүч 259,3 миңден 245,5 миң адамга чейин төмөндөгөн.
Ошол эле учурда өлкөдө жалпы иштегендердин саны өсүшүн улантып, дээрлик 2,8 млн адамга жеткен.
