сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август
Бир жыл ичинде Россиядан Кыргызстанга 14 миңден ашык адам келген
2025-жылы калктын тышкы миграциясында Россия Кыргызстан үчүн негизги багыт болуп калды.
«Кыргызстан сандарда – 2026» статистикалык жыйнагынын маалыматына ылайык, 2025-жылы Орусиядан Кыргызстанга 14 миң 422 адам келген.
Ал эми Кыргызстанда Россияга 1 миң 932 адам кеткен.
Ошентип, Россия менен миграциялык алмашууда өсүш 12 миң 490 адамды түздү.
Салыштыруу үчүн, Тажикстандан Кыргызстанга 905 адам келип, 14 адам кеткен. Казакстандан тиешелүүлүгүнө жараша 593 жана 320 адам келген.
Өзбекстандан 247 адам келип, 23 адам кеткен.
Жалпысынан 2025-жылы КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 16 миң 234 адам келген.
