Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында музыкалык кече өттү
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында музыкалык кече уюштурулду.
Кеченин жүрүшүндө шаар тургундарына белгилүү эстрада ырчылары жана музыкалык топтор өнөр тартуулашты. Алардын арасында Назира Жетигенова, «Доор» ансамбли, Карина Омурзакова, Айзада Касаболотова, Жылдыз Тутуева жана Батыр Омурзаков бар.
Майрамдык маанай шаар тургундары менен борбор калаанын конокторун бириктирди. Келгендер музыка угуп, бийлеп, ырчыларга кошулуп ырдап, жагымдуу жана жылуу маанайда кеч өткөрүштү.
Бишкек шаарынын мэриясы мындан ары да ушундай маданий-көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүнү улантып, борбор калаанын тургундарына бош убактысын шаардын борборунда кызыктуу өткөрүүгө шарт түзүүдө.
Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер белгиленген графикке ылайык ар жума күнү жана ишемби күнү өтүп турат.
