Трамптын жеке жактоочусу АКШнын башкы прокурору болду
АКШ Сенаты Тодд Бланшты өлкөнүн башкы прокурору кызматына бекитти. Буга чейин ал президент Дональд Трамптын жеке жактоочусу болгон.
Бланштын талапкерлигин 50 сенатор колдоп, 49 сенатор каршы добуш берди. Демократтар менен бирге республикачылардан Сьюзан Коллинз жана Лиза Мурковски да каршы добуш беришти.
Чечүүчү добушту республикачыл сенатор Билл Кэссиди берди. Ал Бланш президентке көз карандысыз юридикалык кеңеш бере алат деп ишенерин билдирди.
Бланш апрель айынан бери Юстиция министрлигинин башчысынын милдетин аткарып келген. Ведомствого келгенге чейин ал Трамптын бир нече кылмыш иштери боюнча, анын ичинде Сторми Дэниэлске төлөмдөргө байланыштуу иште адвокаты болгон.
Анын талапкерлиги Сенатта талаш-тартыштарды жаратты. Демократтар жана айрым республикачылар Бланштын президент менен мурдагы тыгыз мамилеси Юстиция министрлигинин көз карандысыздыгына шек жаратышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен.
Сенаторлордун кошумча суроолорун Юстиция министрлигинин Джеффри Эпштейндин иши боюнча материалдар менен иштөөсү, Трамптын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн салык текшерүүлөрүнө байланыштуу келишим, ошондой эле администрация саясий негизде куугунтуктоонун курмандыктары деп эсептеген адамдар үчүн дээрлик 1,8 млрд долларлык фонд түзүү планы жараткан.
Добуш берүүнүн алдында Бланш бир катар жеңилдиктерге барды. Атап айтканда, ал фонд түзүүдөн баш тартууга көрсөтмө берип, салык текшерүүлөрүнө байланыштуу келишимдердин колдонулушун мурдагы салык мезгилдери менен чектөөгө макул болду.
Бекитилгенден кийин Бланш Трампка ишеними үчүн жана дайындоо жол-жобосун аяктаган сенаторлорго ыраазычылык билдирди.
