Өзбекстан менен чектешкен Каримберди участогунун тургундары үчүн автобус уюштурулду
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бактыбек Кошалиевдин Каримберди участогунун тургундары менен болгон жолугушуусунда айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кызыл-кыя шаардык мэриясынан кабарлашкандай, Каримберди участкасы — Кызыл-Кыя шаарынан болжол менен 46 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чектешкен шаар аймагындагы алыскы участоктордун бири.
Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин негизинде:
Кызыл-Кыя муниципалдык автобусу тарабынан Каримберди участкасына күнүнө 2 жолу каттам уюштурулду. Бул тургундардын шаарга каттап-келүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын техникалары тарабынан участкадагы ички жолдорду тегиздөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле участка шаардын борборунан алыс жайгашкандыгын жана калктын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, Каримберди участогунун тургундарын ооруканага кезексиз кабыл алуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды.
