сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август
Кыргызстан калкынын дээрлик 78%ын кыргыздар түзөт, экинчи орунда өзбектер, үчүнчүдө орустар турат
2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы кыргыздардын саны 5 млн 763 миң адамды түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, алар өлкөнүн калкынын 77,8 пайызын түзөт.
Этникалык курамы боюнча экинчи орунда өзбектер турат – 1 млн 61,8 миң адам же калктын 14,3 пайызы.
Орустардын саны 270,2 миң адамды же 3,6 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, өлкөдө 71,9 миң дунган, 64,9 миң тажик, 35,4 миң уйгур, 29,5 миң казак жана 24,3 миң түрк жашайт.
2026-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын жалпы саны 7 млн 404,3 миң адамды түзгөн.
