Бакытбек Жумагулов: Эмне үчүн Айтматов бизге актанууга жол бербеген жазуучу бойдон калууда
21 январь

Бакытбек Жумагулов: Эмне үчүн Айтматов бизге актанууга жол бербеген жазуучу бойдон калууда

Чыңгыз Айтматов XX кылымдын жазгандары XXI кылымда дагы актуалдуулугун жоготпогон аз сандагы жазуучуларынын бири бойдон калат. Анын чыгармалары Европанын, Азиянын жана АКШнын мектептеринде жана университеттеринде ушул кезде да окутулат. Ошол эле учурда Айтматовдун мекенинде ал талашып-тартышууга мүмкүн болгон тирүү автор эмес, маданий мурастын бир бөлүгү катары кабыл алынып калды. Эмнеге Айтматов юбилейлик риторикага муктаж эмес жана эмнеге анын чыгармалары бүгүнкү күндө коомдун аң сезиминин жетиктиги тууралуу маселеге айланганы тууралуу Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат таануучу Бакытбек Жумагулов менен маектештик.

Бакытбек Сатымбайевич, көпчүлүк Чыңгыз Айтматов аймактык жана советтик жазуучу эмес, ал дүйнөлүк классиканын автору деп айтышат. Мындай кабылдоо сиздин көз карашыңызда, канчалык туура?

– Биринчи кезекте жеке тажрыйбама таянып айтсам, 2005-жылы Германияда стажировкадан өтүп жүргөн кезимде, Гамбургда катардагы мектептердин бириндеги адабият сабагына катышып калдым. Бул башка маданияттарды чагылдырбаган кадимки эле окуу процесси болчу. Программада дүйнөлүк адабияттын авторлорунун катарында “Жамиля” повести дагы изилденди.

Окуучулар аны тандоодогу эркиндик, адамдык ар-намыс жана жеке жоопкерчиликтин жазмасы катары белгилешти. Ошондо дүйнөлүк маданий мейкиндикте Айтматов  перифериялык жазуучу эмес, а дүйнөлүк адабияттын толук кандуу бөлүгүндөй кабыл алынаары айкын болду.

Мындай универсалдуулуктун себеби эмнеде?

– Чыңгыз Айтматов эч убакта даяр жооптордун жазуучусу болбогон. Ал атайылап морализмди жана идеологиялык насааттарды четке каккан. Ал насаат айтпаган жана окурманына кантип туура жашоону үйрөтпөгөн. Анын позициясы улуу тарыхый жана моралдык бурулуштардын доорунда адамдын тагдыры жөнүндө чындыкты айтуу болгон.

Анын чыгармаларында бакубат жашоону убадалаган идеологиялар кантип кыйроолорго алып келгени, социалдык жана техникалык прогресс адеп-ахлактык өнүгүүдөн кантип аттап кеткени, адам акырындап эс тутуму, тамыры жана жеке абийири менен болгон байланышты кантип жоготуп жатканы көрсөтүлөт. Айтматовдун эң бир маанилүү ою эң жөнөкөй айтылганы да жөн жерден эмес. Адамга күн сайын: бүгүн, эртең жана дайыма адам болуу кыйын.

Айтматов менен жеке таанышууңуз кайсы чыгармасы менен башталган?

- “Атадан калган туяк” аңгемесинен. Он жаштын тегерегинде болсом керек эле. Согушка кеткен атасын күткөн баланын окуясын окугам. Ал жөн эле күткөн эмес, а бүткүл жандүйнөсү менен, күн сайын жана жолго тигилген ар бир көз ирмеми менен күткөн.

Ал убакта мен согуштун тарыхый жана саясий маанисин түшүнгөн эмесмин. Бирок күтүү, жоготуу жана эң маанилүү суроого жооп жок болгон учурдагы унчукпоо эмне экенин биринчи жолу сезгем. Бул сезим мени менен өмүр бою калды.

Чыңгыз Айтматов окурмандарды аябайт деп айтууга болобу?

– Ооба, бул улууларга да, балдарга да тиешелүү. Ал ооруну кооз сөздөрдүн артында жашырбайт. Ал сооротпойт жана мунун баары эмнеге болгонун түшүндүрбөйт. Анын тексти комфорт тартуулабайт, бирок ички жоопкерчилик сезимин жаратат.

йтматов даяр жолду көрсөтпөйт. Ал адамзаттык жоготуунун баасын көрсөтөт. Так ошондуктан анын чыгармалары жөнөкөй жоопторду жана так моралдык схемаларды издегендерге жага бербейт.

Анын чыгармаларында согуш жана зомбулук көбүнчө ачык көрсөтүлгөн эмес. Эмнеге?

– Анткени Айтматов үчүн окуянын өзү эмес, а анын адамзатка тийчү кесепеттери маанилүү. “Саманчынын жолунда” согуш баарынан айрылып, бирок жашоону жана иштөөнү уланткан эненин тагдыры аркылуу көрсөтүлгөн. “Кылым карытар бир күн” романында эс тутумунан, өткөнүнөн жана тамырынан айрылган адам манкурттун образында берилген.

ул коркунучтуу образ эмес. Бул адамдын эс тутумунан ажырашынын жыйынтыгы. Айтматов эс тутумун жоготкон коом өзү да байкабаган тейде өз тамырын кыйып салууга жөндөмдүү экенин эскертет.

Эмнеге “Кыямат” романы ушул кезге чейин эң бир оор жазмалардын бири болуп эсептелинет? Муну кандай түшүндүрүүгө болот?

– Чыңгыз Айтматов окурманды атайылап таянычынан ажыратат. Бул романда элдештирүүчү финал да, баш калкалай турган каарман да жок. Ал окурмандын жеке жоопкерчилигине түз кайрылат. Чындыгында, “Кыямат” каармандарга эмес, доорго жана бизге – ар бирибизге өкүм чыгарат.  

Чыңгыз Айтматовду Федор Достоевский менен салыштыруу канчалык туура?

– Негизинен туура эле. Достоевский сыяктуу эле Айтматов да жамандык бир гана кара өзгөйдөн эмес, абийир менен болгон компромистен, адамдын идея же тартип үчүн зордук-зомбулукка макул болгонунан улам келип чыгарын көрсөтөт.

Айырмасы масштабында. Достоевский биринчи кезекте жеке адамдын ички трагедиясы менен иштейт. Айтматов бул драманы коом жана цивилизация деңгээлинде ачып берет.

Сизге бүгүнкү күндө Айтматовду талашып-тартышууга мүмкүн болгон автордон символ жана эстеликке айландырып, аны атайын коопсуз кылуу аракети жасалып жаткандай туюлган жокпу?

Ооба, мындай тенденция бар. Айтматовду юбилейлик даталарга, салтанаттуу сөздөргө жана милдеттүү цитаталарга байлап коюу ыңгайлуу. Ошондо ал эч кимге тоскоолдук жаратпайт жана эч кимден эч нерсе талап кылбайт. Бирок тирүү Айтматов дайыма талашып-тартышып турат. Ал формалдуу жооп берүүгө мүмкүн болбогон суроолорду берет. Дал ушул себептен анын жазмаларын өтмүшкө жылдырып, бүгүнкү баарлашуунун эмес, ритуалдын бир бөлүгүнө айлантууга аракет кылышат. Бул ыкма жеке жоопкерчилик жөнүндө өтө ачык айткан авторду зыянсыздандырууга жардам берет.

Эмнеге Айтматов бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу?

Биз маалымат эс тутумду кысымга алган заманда жашап жатабыз. Идентификация жөнөкөйлөшүүдө. Адам барган сайын функцияга, керектөөчүгө же колдонучууга айланууда. Маңкурт адабий образ болуудан калып, социалдык реалдуулукка өттү.

Айтматовду бүгүнкү күндө формалдуу эмес, чындашып окуганга эмне тоскоолдук кылат?

– Айтматов доорго, системага же милдетке жашынып калуу мүмкүнчүлүгүн бербейт. Анын жазмалары абийирге бетме бет кайрылат. Алар мезгил, мамлекет же кимдир бирөө күнөлүү деп айтууга жол бербейт. Жыйынтыгында, окурман жеке жоопкерчилигине тиешелүү суроо менен жалгыз калат, а бул дайыма эле ыңгайлуулук жаратпайт.

Бизге Айтматовду эстелик, символ, милдеттүү маданий программанын бир бөлүгү катары кабылдоо жеңил. Ушул абалда ал коопсуз. Бирок эгер аны кунт коюп окусак, ал өтмүш жөнүндө эмес, башкалардын катачылыгы жөнүндө эмес, а биз, өзүбүз тууралуу айтып жатканы түшүнүктүү болот. Коом бүгүнкү күндө дал ушул сүйлөшүүдөн качууга аракеттенүүдө.

2028-жылы Айтматовго 100 жыл толот. Бул юбилей эмнени билдириши керек?

– Бул формалдуу иш-чараларды өткөрүүнүн шылтоосу эмес. Бул коомдун жетилгендигине болчу сынак. Эгер биз Айтматовду өзүбүз кайрадан окуп чыкпасак, дүйнө аны биз үчүн жасап бербейт. Юбилей окуу, эс тутум, абийир жана жоопкерчилик жөнүндө олуттуу сүйлөшүүгө түрткү болушу керек.

Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу сиздин жыйынтыктоочу тыянагыңыз.

– Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк классикага таандык, анткени ал саясий конъюнктура жана режим үчүн жазбаган. Ал чыгармаларын адеп-ахлактык тандоо алдында жалгыз калган адам үчүн жараткан. Анын жазмалары жоопкерчиликти убакытка, кырдаалга же системага төңкөрүүгө жол бербейт. Ал абийир менен ыңгайлуулуктун ортосундагы жеке чийин кайсы жерден өтөөрүн түз сурайт.

Дүйнөдө согуш, зомбулук, акыйкатсыздык жана адамдык ар-намысты жоготуу түгөнмөйүнчө, анын башкы керээзи актуалдуу бойдон калат. Күн сайын жана өмүрдүн акырына чейин адам бойдон калуу керек. Ошондуктан бүгүн Айтматовду кайра окуп чыгууну каалашпайт, бирок мактаганды жакшы көрүшөт. Анын чыгармалары эскиргенден эмес, ал биз жөнүндө, биздин кандай болоорубуз жөнүндө абдан так айткандыктан, окугандан качышат.