Чыңгыз Тешебаев: Түрк инвесторлорунун биринчи суроосу «Кыргызстанда мафия кандай деңгээлде?» болду
2024-жылдын 31-августунда Кыргызстанда 100 ишкана ишмердүүлүгүн баштаган. Бул жылы да эгемендүүлүк күнүнө карата 100 ишкананын ачылышы күтүлүүдө жана анын бири – Кадамжай мунайды кайра иштетүүчү заводу (мындан ары – НПЗ). Аталган заводдун вице-президенти Тешебаев Чыңгыз Гапарович Караван-Инфого ишкерчиликке алып келген жол жана заводдун кыргыз экономикасына кошо турчу салымы тууралуу айтып берди.
– Маегибизди кандайча ишкерчиликтин ушул багытын тандап алганыңыздан баштасак. Мунайды кайра иштетүүчү завод куруу идеясы кайдан пайда болду?
– Кадамжай менин кичи мекеним, ушул аймакта төрөлүп-өсүп, Кадамжай лицейин аяктагам. ОшМУда «Химия» адистиги боюнча билим алдым. Андан соң Россияда 6 жыл мигрант болуп жүрдүм. Ал жакта энергетика компаниясында иштедим. Кайра Кыргызстанга кайтып келип, жеке ишимди баштап, компаниялардын жүгүн жеткирип иштедим. Негизинен мунай ташыдым: Кочкор-Атадан Джунда жана Кемин НПЗга, Токмокко, айрым учурда Өзбекстанга, Тажикстанга жеткирчүбүз. Кайсы чөйрөдө иштесең акырындык менен ал жааттагы жагдай сага толук дайын болот, ичиңден анализ кыла баштайсың. Мен дагы түштүктө кайра иштетүүчү заводдор дээрлик жок болгондуктан, ал жакта өндүрүлгөн мунайды Өзбекстан, Тажикстандагы ушундай заводдорго жеткирип, кайра иштетип келүүгө аргасыз болоорубузду билдим. Кесибим химия адиси эмеспи, эмнеге мындай завод бизде курууга болбосун деген ой келди. Ал ой бышып жүрүп отуруп, 2019-жылы Кадамжайга мунайды кайра иштетүүчү заводду негиздедим. Өзүмдүн айылыма – Көк-Талаага курмай болдум.
– Эмне үчүн Кадамжайга? Кичи мекениңиздин калкын жумуш менен камсыз кылууну ойлондуңузбу?
– Ушул суроону көп беришет: эмне үчүн Ош же Бишкекке жакын жерди тандабадыңар деп. Биринчиден, Бишкекке жакын жерде Джунда жана Кемин НПЗ бар. Түштүктө болсо бир гана Жалал-Абадда орун алган, Ош менен Баткенде жок. Мындан улам Баткенден чыккан мунай Тажикстанга кетчү. Эгер ошону өзүбүз иштете алсак, аны менен кошо Кочкор-Атада өндүрүлгөн мунайды ташысак пайдалуу болоорун түшүндүм. Анын үстүнө Кызыл-Кыяга темир жол келген, бул жагы ыңгайлуу болду. Кадамжай районунда мурда Өзбекстан иштеткен «Түндүк Сох» жана «Чоң Гара-Галча» деген эки мунай кени чыккан жер жабылып калган болчу. Бирок запастары бар. Ал кендер бир күн болбосо, бир күнү ачылат деп билгем.
Ошондо, аны ким иштетүүгө албасын, эгерде биз кайра иштетүүчү завод ачсак, бир райондо тургандан кийин чийки зат бизге келип түшөөрүн ойлондум. Кыскасы, бардык жагынан алганда заводду Кадамжайда ачуу пайдалуу сезилди. Негизи, өлкө боюнча күйүүчү-майлоочу май Баткен облусунда эң кымбат сатылат. Анткени, ал жакта өндүрүлгөн мунай Чүйгө ташылып келип, кайра артка жеткирилип, жол чыгымы көбөйөт. Бул биринчи кезекте чыгым менен кошо өздүк наркын да кымбаттатса, экинчиден оор жүк ташуучу унаалар канчалык көп каттаган сайын жол тез жарактан чыгат. Ал эми Баткенде казылган мунай ошол эле жерде кайра иштетилип, сатылса, баасын арзандатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дагы бир себеп – кошумча жумуш орундары түзүлүп, миграция агымы кайсы бир деңгээлде болсо да токтойт. Мына, ушул ойлор менен завод курууга аракетибизди баштадык.
– Ал кайсы жылдар эле?
– 2019-жылы негиздедик, бирок ковид пандемиясы башталып кетип, убактылуу токтоп калдык. Бир жылдан кийин курулуш үчүн жер алдык, документтерди бүтүрдүк. Анан дагы бир канча убакыттан соң трансформациялоо маселесине жеткенибизде, бүт документтерди чогултуп Бишкекке келдим. Ошол маалда президент Садыр Жапаровдун өңдүрүшкө берилчү жерлер ошол райондун өзүндө трансформация болсун деген жарлыгы чыгып калбаспы. Бизге абдан жакшы болду. Себеби, эски мыйзам боюнча жерди трансформациялоо үчүн абдан көп процедуралардан өтүү керек эле. Борбор калаага келип, ар бир министрликтен, анан барып Жогорку Кеңештен өткөндөн кийин гана чечилчү. Эми райондук деңгээлде чечиле тургандай болуп, көптөгөн өндүрүшчүлөргө табылгыс жеңилдик болду. Бул жарлыктын негизинде биз биринчилерден болуп жерди трансформациялап, 49 жылга ижарага алдык дагы, жайыттан өндүрүш категориясына которуп, экспертизадан өткөрүп, анан гана курулушту баштадык. Бул 2021-жыл болчу.
– Түрк инвесторлору менен кантип байланышып, аларды каражат салууга кантип ынандыра алдыңыз?
– Заводду курулуш иштерин баштайм деп жүргөн убакта, 2020-жылдын август айында Өзбекстанга мунай ташып барып, ошол жакта мунайды кайра иштетүүчү завод куруп жаткан түрктөр менен таанышып калдым. Мындай заводдордун ар кандай категориясы бар: толук кайра иштете турган жана жарым жартылай кайра иштете турган. Экономикалык жактан пайдалуу болушу үчүн толук иштетиш керек, калдык калбоого тийиш, мен ошол категорияны тандап жаткам. Жарым жартылай иштеткенде чийки заттын 50 пайызы мазут болуп калып кетет – бул кышында гана иштетиле турган отун. Калдык калбаш үчүн мазут кетиши керек. Болбосо жаз-жайлай аны чогултуп, кышында гана сатууга туура келет. А бул миңдеген тонна болуп чогулганда, аябай көп акчаны кармап калат. Түрктөрдүн Өзбекстанга курган заводун карап көрсөм, мен каалагандай экен. Мунайды толук иштетип, мотор майын, битум кошо чыгарат. А битум менен мотор майын чыгарган завод бүгүнкү күндө Кыргызстанда жок. Биринчилерден болуп биз баштап жатабыз. Анан түрктөргө өзүмдүн баштаган ишимди айтып, бул заводду аяктагандан кийин байланышалы, бизге да ушундай кылып курсак жакшы болмок деп кеткем. Бир канча убакыттан кийин телефон чалышты, көрсө, алардын Сирияга кура турган бир долбоору болгон экен, бирок ал жакта согуш башталып кетип, тоңдурулуп калыптыр, «ошону силерге курбайлыбы, сүйлөшөлү», – дешти. Стамбулга бардым, алар менен дагы жакшылап таанышып, сүйлөштүм. Анан алар Кадамжайга келип, мунай чыккан жерлерди көрүп кетишти, өздөрүнчө кеңешишти. Жыйынтыгында, заводдун курулушун биргеликте баштадык.
– Заводдун негиздөөчүлөрү – сиз жана үч түрк инвестору экен. Курулушка кеткен чыгаша кандай бөлүштүрүлөт: каражатты бирдей чыгарасыздарбы же кандай?
– Чыгаша инвестор тараптан болот деп сүйлөшкөнбүз. Мен башында заводго 500 миң доллардай каражат салгам, бирок кийин үлүштөрдү кайра бөлүштүргөндө мага бүт документацияны жүргүзүү, уюштуруу иштери жүктөлдү. А алардан бир гана каржылоо болот деп келиштик. Ага ылайык, мага кайра иштетүү заводунан 25 пайыз, өндүрүү ишканасынан 25 пайыз үлүш беришмек болду. Азыр ушул негизде иштеп жатабыз.
– Долбоордун жалпы суммасы канча болду? Өлкөгө канча инвестиция тартууга жетиштиңиз?
– Биринчи этаптагы инвестиция 12 миллион долларга бааланды. Мунайды өндүрүү үчүн 78 миллион доллар деп эсептелген. Эми экинчи этап дагы бар, анда сумма өзгөрүшү мүмкүн. Себеби, мотор майын чыгарганга парафинди бөлүш керек, присадкаларды алып келиш керек. Ал үчүн өзүнчө бир завод курулат. Ошол убак жакындаганда каржылоонун суммасын кайра эсептейбиз.
– Ал эми заводдун кубаттуулугу канча? Сиздер чыгарган продукция Кыргызстандын ички керектөөсүн камсыздай алабы?
– Бизде мунай аз болгондуктан, заводдун кубаттуулугу башында 300 тоннага ылайыкташтырылган болчу, азыр көбөйтүп 500 тоннага жеткирүү үчүн өзгөртүү киргиздик. Эгерде биз өндүрүү иштерин баштагандан кийин мунайдын чыгышы көбөйсө, ага карата заводдун кубаттуулугун көтөрүүгө болот. Көп жери миң тоннага, бир-эки жери гана 500 тоннага ылайыкташтырылган. Анын баарын иш жүзүндө өзгөртүүгө мүмкүн. Бирок канча болбосун, биз чыгарган продукция өлкөнүн 3-5 пайызын гана камсыздай алат. Анткени, Кыргызстандын масштабында жылына 1,5 – 2 миллион тонна күйүүчү май керектелет. А биздин завод 150 миң тонна өндүрсө, демек, жалпы керектөөнүн 10 пайызын түзөт. Анан да өндүрүлгөн 150 тоннаны кайра иштеткенде жарымы бензин, жарымы дизель болсо, калганы май, битум болот. Биз Казакстан же Россия сыяктуу мунай кенине бай эмеспиз.
– Мунай кантип иштетилет?
– Мунай деген эмне, жаныбарлардын калдыктары нечен жылдап жер астында жатканда кычкылтек жетпегендиктен ажырайт, аралаш углеводородго айланат, ушул субстанциянын баары аралашып, мунай заты пайда болот. Мунай заттын ичинде көмүртек, углеводород, суу, туз, газ, аз санда күкүрт болот. Мына, ошол аралашмаларды өз өзүнчө бөлүү үчүн кайра иштетүүчү заводдор сөзсүз болууга тийиш. Бул этап, этап менен кайра иштетилет. Мисалы, биринчи этапда бензин менен дизелди бөлдү, бирок анын ичинде дагы эле башка калдыктар болот, аны фильтрлеп күкүрт, сууларын бөлүш керек. Ошого жараша дизелдин категориялары пайда болот: Евро-3, Евро-4, Евро-5. Бул ЕАЭБдин жаңы талабында бар күйүүчү май, анын дагы бир аталышы К-3, К-4, К-5. Биз так ушул категориядагы дизелди чыгарууну пландап жатабыз. Керектүү жабдыктардын баары Түркиядан алып келинди.
– Өндүрүлгөн мунайдын 50 пайызы мамлекетке, 50 пайызы сиздерге калат экен. Калган 50 пайызы чыгашаларды жаап, кирешеге жетүүгө жетиштүү болобу?
– Албетте, актайт. Себеби, мунайдын буга чейин бургуланган кудуктары бар, болгону биринчи этапта капиталдык оңдоодон өткөрүп, экинчи этапта бургулоону баштайбыз. Биринчи этап жеңил болгондуктан, мунай аз убакытта өндүрүлүп баштайт. Кен жайларда союз убагынан калган бургуланган кудуктар бар. Болгону керектүү жабдыктарды алмаштыруу керектелет. Эң негизгиси бургулоо бар, болбосо чыгашанын эң көбү ошол болмок.
– Экологияга тийгизчү терс таасирлер боюнча да айтып берсеңиз, экологиялык талаптарды канчалык деңгээлде жооп бересиздер?
– Ал жагын толук карадык, экологиялык экспертиза өткөрүлгөн. Санитардык зоналар болот. Ар кайсы завод калктуу конуштан канча аралыкта жайгашусу керек деген эреже бар эмеспи, мисалы, мунайды кайра иштетүүчү заводдор эң аз дегенде 1 чакырым алыстыкта болууга тийиш. Бизде бул жагы так аткарылган: келечекте түшө турган айылдан 1 чакырым алыстыктабыз, ал эми учурдагы айыл 3,5 чакырым аралыкта жайгашкан. Демек, эч кимге тоскоолдук жаратпаган жердебиз. Экологияга чындасак, бардык нерсенин терс таасири бар, ошол эле машинаны алалы, дизель күйүп сыртка чыгып, айлана-чөйрөгө тарап жатат. Бирок күйүп жаткан отун канчалык деңгээлде күйдү – так ошол нерсени жакшыртуу керек. Жакшы күйбөй эле сыртка чыгып кетсе, зыяны көбүрөөк. А жакшы күйүп, кара түтүндү кармап калса, анда зыяны азыраак болоору анык. Биздин заводдон кара түтүн чыкпайт, баарын күйгүзүп, фильтрлеп, анан сыртка чыгат.
– Заводдо жумушчулар жергиликтүү элден алынабы жана алардын коопсуздугу каралуудабы?
– Жарандарды ишке алаарда аларды техникалык коопсуздук боюнча окуудан өткөрөбүз. Кимдин кандай милдети бар, ошол милдетти аткарууда кандай талаптарды сакташы керек – баары үйрөтүлөт. Мисалы, 32 метрге чейинки бийиктиктерге чыгуу керек болот, башы айланып кулап кетүүлөрү мүмкүн же бир жумушчу жумуш убагында ден соолугу начарлап жыгылып калса, кранды убагында жаппай калышы ыктымал. Ушундай күтүүсүз кырдаалдардын баары эске алынат. Завод толугу менен автоматташтырылган, ага карабай адамдын көзөмөлү болушу керек.
Ал эми заводду иштеткен технологдор менен 2 жылга контракт түзгөнбүз. Ар бир технологдун жанына 3-4 билимдүү жергиликтүү балдарды коебуз. Алар 2 жылдын ичинде бүт нерсени үйрөнүшү керек. Андан кийин түркиялык адистерди жөнөтүп, ишти өзүбүздүн кадрлар менен улантып кетебиз. А жумушчулардын дээрлик баары жергиликтүү калктан болот. Ошондо, 300дөн ашуун жумушчу оруну түзүлөт.
– Заманбап заводдор илгерки заводдорго караганда бир топ коопсуз болот экен да.
– Сөзсүз түрдө. Мурда компьютер болгон эмес. Азыр компьютерден карап эле, мурда бир адам барып колу менен ачып жүргөн кранды аралыктан ачып коюуга болот. Температураны 400 градуска жогорулатуу керек болсо, аны да аралыктан жогорулатабыз.
– Акыркы жылдары мамлекет атамекендик өңдүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүп, бир катар жеңилдиктерди берди. Бул сиздерге сезилип жатабы?
– Чындыгында мурдагыга салыштырмалуу азыр жеңилдик көп. Мисалы, биз Энергетика министрлигине түз карайбыз. Энергетика министри өзү кабарлашып, «кандай кыйынчылыктар бар, маселе жаралса түз кайрылгыла» деп турат. Кудайга шүгүр, тоскоолдук жараткан эч ким жок. Экспертизадан өтүүдө эч кандай создуктуруу болбоду. Баары өз убагында, кыйынчылыксыз ишке ашты. Айыл өкмөтү, акимчилик да колунан келишче жардам берип жатышат.
– Түрк инвесторлорун эмне чоочулатты? Сырттан келчү инвесторлор ошол жердеги кандай көрүнүшкө биринчи көңүл бурушат?
– Алардын алгачкы суроосу «Кыргызстанда мафия кандай деңгээлде?» болгон. Ал убакта мафия бар болчу, бар, бирок чечсе болот деп айткам. Бирок анда да күмөндүү жооп бергем, өзүм да ишенип-ишенбей. Азыр эми мафия жок. Бизге келип “үлүш бергиле” деген эч ким жок. Биздин завод курулуп бүткүчө эле УКМК бул маселени толук жоюп койду. Азыр бул жагынан камсабанасак болот.
– Алты жыл мигрант болдум деп айттыңыз. Миграция ишкерчиликке аралашууңузга өбөлгө болдубу?
– Миграция аркылуу кагылып-согулуп, ишкерчиликке дээрлик даяр болуп келдим. Мигрантты мигрант болгон гана адам түшүнөт, сырт жакта жүргөндө ата журтуң бир мүнөт да эсиңден кетпейт. Эртеден-кечке Кыргызстанга кайтып барсам эмне иш менен алектене алам деп ойлончумун. Көп окуп, көп аракет кылыш керек экен. Ошондо гана жолуңду таап кетесиң.
– Сырт жакка кетип, жакшы жайгашып алгандар көбүнчө кайтпай, ошол жактын туруктуу жашоочусуна айланып калышат го, бирок сиз кайтып келдиңиз.
– Мен деле кайтып келбесем керек эле, бирок өзүбүздүн мамлекетке аз болсо да жардамымды тийгизгим келди. Эси-дартым ошол болуп туруп алды. Болбосо ал жакта иштеген ишим жакшы болчу, үй-бүлөм жанымда эле. Баарын таштап, бир күндө эле жыйналып келе бердик.
– Келериңиз менен ишиңиз шыр кетпегендир, канча жолу жыгылып, канча жолу турдуңуз?
– Көп эле жолу. Анын баары артта калып, буйруса, чоң заводдун ачылышына жетүүгө аз калдык. Курулушту эки айда соңуна чыгарып, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө – 31-августка карата ачууну пландаганбыз. Биз Кыргызстандагы 100 эң чоң долбоордун бири болуп киргенбиз.
– Ошол үчүн тиешелүү мамлекеттик кызматтар колдоо көрсөтүп, заводдун эртерээк ачылышына кызыкдар болуп жатышыптыр да.
– Эрте бүтсө баарыбызга жакшы эмеспи. Адамдарды жумушка алабыз, салык төлөп баштайбыз. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошобуз.
– Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз?
– Атам мал доктур, апам үй кожейкеси болчу. Алты бир тууганбыз: беш уул, бир кыз. Бир иним Америкада жеке ишкер. Завод ачуу максатымдын ишке ашышына ошол инимдин да жардамы чоң болду.
– Өзүңүздүн үй-бүлөңүзчү?
– Төрт балам бар. Келинчегим Өзгөндөн болот. Учурда Ош шаарында жашайбыз. Мен бирде Кадамжайга барсам, бирде Бишкекте, кайра Ошто болом. Заводубуздун башкы офиси Бишкекте. Анда кыргызстандыктар жана Түркиядан келген адистер иштешет.
– Инвесторлор менен иштешүүдө кандай сапаттар керек?
– Чет өлкөлүк болобу же жергиликтүү инвестор болобу, ким менен иштешсең да, эң биринчи бири бириңе ишене билүү маанилүү. Эч убакта бизнес-өнөктөшүңдү алдабашың керек, убадаңды кандай болбосун аткар, сөзүңдөн артка кайтпа.
– Адамды ийгиликке эмне жеткирет деп ойлойсуз?
– Билим. Кайсы жаатта болбосун биринчи билим керек. Бизнести алсам, азыр мүмкүнчүлүк көп, көптөгөн китептерди, дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтүү адамдардын кеңештерин, басып өткөн жолунун таржымалын табуу оңой. «Эгер ата-энең бай болсо, бул сага 30 жылдык тажрыйба» деген сөз бар. Бул деген ийгиликке 30 жыл эрте жетүүгө болот дегендик. А биз андай кошумча тажрыйбага ээ боло албадык. 1990-жылдардан кийинки катаал заманга туш болдук. Өз киндигибизди өзүбүз кестик. Балким, кийинчерээк төрөлгөндө, бул иштердин баарын эрте баштайт белек, ким билет.
– Бирок ошол катаал 90-жылдарды көргөн муун көп нерсеге өз күчү менен жетти да. Дыңды бузган да, жол салган да ошолор болду.
– Бир кыйынчылыкты көргөн адам аны кайра көрбөйүн деп аракет кылып калат экен. А дайыма жыргалчылыкта жүрүп, кыйынчылыкты көрбөгөн адам биздей болуп изденбесе керек.
– Сиз басып өткөн жолуңузду балаңызга каалайт белеңиз?
– Кайсы ата-эне баласына кыйынчылык кааласын?
– Демек, башыңыздан абдан көп кыйынчылык өтсө керек. Бирок анын арты менен сиз өзүңүздү таптыңыз да.
– Балдарымды даяр нерсеге алып келейин деген ой жок. Өз күчүң менен жеткен ийгилик таттуу болот. Менин максатым аларга татыктуу билим берүү. Өнөрлүү, билимдүү адам эч убакта кор болбойт. Бирок ошентсе да, мендей болуп узун жолго жалгыз сапарга чыгышын каалабайм. Кеңешим, насаатым менен колдоп-таяп жанында болсом дейм.


