Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август
Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады.
Тартиптик жаза ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде берилгени айтылды.
Эске сала кетсек, жакында социалдык тармактарда Таласта курулушчулар менен болгон чыр-чатактын видеолору тараган. Анда Орунтаев жана облустун башчысы Эрмат Жумаев да болгон.
