Болот Кулов: 46 оору баш оорудан башталат
Маектешимдин көптөгөн ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери бар. Ал – КР Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы реабилитациялык адиси, Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары жана ошондой эле медициналык ЖОЖдордо окутуучу, Бишкек шаарынын ар кандай медициналык мекемелеринде бейтаптарга кеңеш берет.
Неврология илимдеринин профессору Болот Кулов менен биз эң кеңири тараган, биринчи кезекте адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн, экинчиден социалдык мааниси бар оорулар жөнүндө сөз кылабыз, анткени бул оорулар мамлекет жана анын жарандары үчүн экономикалык жактан жана алардын жеке жашоосу үчүн оор.
– Неврологиялык оорулар боюнча абал кандай жана эмне үчүн бул тууралуу айтып, жарандарыбызды эскертип турушубуз керек?
– Ооба, биз кандай болгон күндө да эскертип коюшубуз керек, анткени сөз ден соолук жана саламаттыктын начардыгы жөнүндө болуп жатат. Эгерде азыр болуп жаткан окуялар жөнүндө айта турган болсок, оорулардын саны өсүүдө, анын ичинде неврологиялык оорулар, анткени аны социалдык жана психосоциалдык факторлор: үй-бүлөлүк мамилелер, жалпы экономикалык абал, стресс, жашоо сапатынын төмөндөшү, адамдын аз айлык алышы ж.б. күчөтөт. Жашоонун темпи азыр башкача, аны урбанизация жана техногендик компонент башкарат жана бул биздин өлкөнүн эле эмес, бүткүл дүйнө калкына тиешелүү.
– Азыр биз бардык жерде ковиддин таасирин да айтуудабыз. Бул неврологиялык ооруларга тиешелүүбү?
– Ковидге келсек, коронавирустун орточо жана оор түрү менен ооруган адамдардын 80 пайыздан ашыгы жок дегенде бир неврологиялык симптомго ээ экени белгилүү болду. Вирус түздөн-түз же кыйыр түрдө нерв системасына таасир этет, иммундук системага (цитокиндук шторм), ошондой эле кан тамыр эндотелийине таасир этет.
Натыйжада энцефалит, менингоэнцефалит, мээнин кан айлануусунун, жыт жана даам сезүүнүн курч бузулушу, полиневрит өнүгөт. Жогоруда саналып өткөн бардык кыйынчылыктар оорунун курч стадиясында пайда болот, бирок азыр ковид оорусу басаңдагандан кийин дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер, анын ичинде неврологдор постковид синдрому деп аталган көйгөйгө туш болушту.
Постковид синдромунун эң кеңири таралган неврологиялык көрүнүшүнө туруктуу тынчсыздануу, депрессия, өнөкөт чарчоо, эс тутумдун жоголушу жана күнүмдүк негизги иштерди аткарууда кыйналуу кирет. Кошумчалай кетсек, убакыттын өтүшү менен коронавируска чалдыккан адамдарда инсульт, деменция жана перифериялык нервдердин жабыркашы сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.
– Неврологдор эмнени дарылайт жана невропатологдордон кандай айырмачылыгы бар?
– "Невропатолог" деген ат азыр эскирген. Бүгүнкү күндө медициналык адистиктердин номенклатурасы "невролог" адистигин гана камтыйт. Чет өлкөдө невропатолог нерв системасынын патоморфологиясы боюнча адис. Невролог - бул борбордук жана перифериялык нерв системасынын ооруларын аныктоочу, алдын алуучу жана дарылоочу адис.
Нерв системасынын оорулары калк арасында көп жайылган ооруга айланды жана эрте өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп турат. Адамдарды неврологго кайрылткан эң кеңири тараган оору: баш жана бел оору жана мээнин кан тамыр оорулары.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, бойго жеткен калктын 90 пайызга чейини баш оорунун тигил же бул түрү менен жабыркайт. Баш оору өз алдынча оору болуп саналат, экинчи жагынан - башка оорунун негизги белгиси катары каралат. Белгилүү болгондой, 46га жакын ооруда биринчи баш ооруп баштайт.
Негизги баш оорулардын ичинен эң кеңири таралганы чыңалуу деп аталган баш оору болуп саналат, ал калктын 80 пайызын камтыйт. Баш оорунун бул түрүнүн негизги себеби - психогендик фактор (өнөкөт стресс, тынчсыздануу, депрессия). Оорулууга "капаланба же капа болбо, жашоого жөнөкөй мамиле кыл!" деп кеңеш берүү оңой, бирок реалдуу жардам берүү өтө кыйын. Ал үчүн жашоо образыңызды, дүйнөгө болгон мамилеңизди өзгөртүп, психологиялык тренинг менен алектенип, окуяларга эмоционалдуу реакция кылбаганга аракет кылышыңыз керек.
Мисал катары мен кеңири тараган жана ошол эле учурда чечилиши кыйын болгон жагдайды айтайын. Өнөкөт стресстен (күйөөсү көп ичет) аялдын башы тез-тез ооруйт. Эң радикалдуу чечим - ажырашуу, бирок ар кандай себептерден улам аял мындай кыла албайт, анткени бул эркек балдарынын атасы, анын үстүнө ажырашуу биздин менталитетибизде анча кубатталбайт. Ушундай абалдагы бейтаптарга жардам берүү абдан кыйын болоорун белгилегим келет.
– Баш оорунун дагы кандай түрлөрү бар?
– Эгерде биз башталгыч баш оору жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда шакый таралышы боюнча экинчи орунда турат. Бул калктын болжол менен 20 пайызында бар. Классикалык түрдөгү шакый лабораториялык же аспаптык диагностикалык ыкмаларды талап кылбаган аз сандагы оорунун бири болуп саналат. Бирок мен жогоруда белгилегендей, олуттуу оорулардын негизги белгиси да баш оору болушу мүмкүн.
– Башыңдын кандай ооруп жатканына карата өзүңө өзүң диагноз коюуга болобу?
– Албетте, жок. Баш оору бир топ олуттуу оорулардын белгилеринин бири гана, башкы белгиси эмес.
– Интернеттеги кеңештер менен туура дарылануу мүмкүнбү?
– Албетте, бул дагы туура эмес, бирок айрымдар өзүнө өзү диагноз да коет, текшерүү жүргүзүп, процедура да белгилейт. Туура диагнозду бир гана адис клиникалык, лабораториялык жана инструменталдык диагностиканын жардамы менен коет.
– Дагы кандай көйгөйлөр менен неврологго кайрылууга болот?
– Мен сиздин сурооңуздагы "болот" деген сөздү "зарыл" деген сөзгө алмаштырмакмын. Неврологго кайрылуу зарыл болгон шарттардын тизмеси абдан кеңири. Биринчиден, бул моюндан, белден башталган баш оору, ошондой эле талмалардын пайда болушу, эс-учун жоготуу, кыймыл менен байланышкан көйгөйлөр (эгерде алар бир тараптан пайда болсо же күтүлбөгөн жерден пайда болсо), эс тутумдун начарлашы, баш айлануу, кулактын чуулдашы, теңселүү. Бул толук эмес, бирок менин көз карашым боюнча, маанилүү тизме.
– Адамдар көбүнчө оору башталганда кайрылышабы же күчөп кеткенден кийинби?
– Бул оору адамды канчалык кыйнаганына жараша болот. Көптөгөн неврологиялык оорулардын баштапкы стадиясында симптомдор жетишерлик айкын эмес же такыр эле байкалбашы мүмкүн. Оору же ыңгайсыздыкты пайда кылган башка белгилер болсо, оорулуу дароо дарыгерге кайрылат. Бирок тилекке каршы, оору күчөп кеткенден кийин келген бейтаптар да жок эмес. Мунун бир нече себептери бар, көптөгөн неврологиялык оорулар акырындык менен башталып, салыштырмалуу жай жүрүп, анчалык ыңгайсыздык жаратпагандыктан, адамдар начар акыбалын күнүмдүк турмуштун ызы-чуусунан, кандайдыр бир жагымсыз көрүнүштөрдөн чарчоо катары кабыл алышат. Ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүнө жана башка нерселер менен байланыштырышат. Дагы кээ бир адамдар Интернеттин, телевизордогу жарнаманын “шарапаты” менен өзүн өзү дарылап жатып убакыттан уттуруп коюшат.
