Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот
Курулуш министрлиги
26 август

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө, тактап айтканда, С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы коомдук мейкиндик түзүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Эскиздик долбоор Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери тарабынан иштелип чыкты.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап эс алуу жайын түзүү жана аймакты көрктөндүрүү каралган.

Долбоордун алкагында:

  • балдар ойноочу аянтча;
  • воркаут жайы;
  • универсалдуу спорт аянтчасы;
  • жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар;
  • унаа токтотуучу жай;
  • жашыл газондор жана бак-дарактарды отургузуу каралган.

Ошондой эле отургуч, таштанды урналарын, оюн жана спорттук жабдууларды, заманбап энергия үнөмдөөчү көчө жарыктарын орнотуу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу аймактын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшүн жакшыртууга, жашылдандыруу деңгээлин жогорулатууга жана коопсуз коомдук мейкиндик түзүүгө шарт түзөт.

Учурда долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.