Кыргызстан менен Өзбекстан санариптик сот адилеттиги жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө
Жогорку сот
26 август

Кыргызстан менен Өзбекстан санариптик сот адилеттиги жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

2026-жылдын 23–26-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Өзбекстан Республикасына иш сапар менен барды.

Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев, Жогорку соттун Аппаратынын коомчулук менен байланыш, массалык маалымат  каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев кирди.

Иш сапардын негизги максаты Өзбекстандын сот тутумун санариптик трансформациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана соттук башкарууну өркүндөтүү жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле эки өлкөнүн сот органдарынын ортосундагы эки тараптуу соттук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү болду.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Робахон Махмудованын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда соттук кызматташтыкты өнүктүрүү, сот адилеттигин санариптештирүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, соттордун бирдиктүү маалыматтык тутумун өнүктүрүү, электрондук сот өндүрүшү, электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин автоматташтырылган түрдө бөлүштүрүү, жарандар жана сот процесстеринин катышуучулары үчүн санариптик сервистерди колдонуу, ошондой эле сот ишмердигинде жасалма интеллект жана аналитикалык инструменттерди пайдалануу тажрыйбасы менен таанышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун делегациясы Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук кылмыш иштери боюнча сотуна барып, соттун ишин уюштуруу жана кылмыш сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен таанышты.

Ошондой эле Ташкент шаардык сотунун төрагасы Олимжон Исмаилов менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда сот өндүрүшүн уюштуруу, соттук башкаруу, сот процесстерин санариптештирүү жана мындан аркы кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек кесиптештерине Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүүнүн айрым багыттары жана ишке ашырылып жаткан электрондук сервистер тууралуу маалымат берди.

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кесиптик кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, биргелешкен эксперттик жолугушууларды жана семинарларды өткөрүүгө, ошондой эле адистердин тажрыйба алмашуу сапарларын жана стажировкаларын уюштурууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Иш сапар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын сот тутумдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жана санариптик сот адилеттиги жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.