Бир саякат – бир нече өлкө. Кыргызстан туристтерди тартууну кантип көбөйтө алат
14 октябрь

Бир саякат – бир нече өлкө. Кыргызстан туристтерди тартууну кантип көбөйтө алат

Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын президентинин сегизинчи консультативдик жолугушуусунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «бир сапар – бир нече өлкө» принцибинин негизинде туризмди өнүктүрүүнү сунуштады. Travel Experts туристтик компаниясынын негиздөөчүсү жана KATOнун башкармалыгынын мүчөсү Сергей Глуховеров бул идеяны ишке ашыруу Кыргызстандын туризм тармагына кандай таасир этерин, чет элдик саякатчыларды биргелешкен кайсы каттамдар кызыктыра аларын жана эмне үчүн жыл бою иштөөчү туризмди өнүктүрүү маанилүү экенин айтып берди.

– Сергей, бүгүнкү күндө туристтер Борбор Азиянын бир нече өлкөлөрүнө саякаттап башташты. Чөлкөмдү бирдиктүү туристтик продукт катары жайылтуу идеясы эмнени билдирет? Учурдагы көп өлкөлүү турлардан эмнеси менен айырмаланат?

– Чынында эле, барган сайын көбүрөөк туристтер Борбор Азиянын бир нече өлкөсүн бир учурда кыдырууга ыкташууда. Мунун башкы себептеринин бири – Европадан, Австралиядан жана башка алыскы аймактардан Кыргызстанга учуудагы жогорку баа. Жол кире кымбат болгондуктан, саякатчылар бир сапарында мүмкүн болушунча көп нерсени көрүүнү каалашат.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрү жаратылышы, архитектурасы, маданияты, каада-салты менен айырмаланат. Мунун аркасында саякат ар түрдүү болот: туристтер аймактын ар кандай туризм түрлөрү, адамдар жана маданий мурастары менен таанышышат.

Кыргызстан үчүн мындай маршруттарды өнүктүрүү айрыкча мезгилдик жагынан маанилүү. Өзбекстан менен Түркмөнстанда туристтик сезондун туу чокусу жазында жана күзүндө болот, ал эми бизде бул убакта туристтер кыйла азаят, Ысык-Көлдөгү мейманканалар жана аймактардагы конок үйлөрү жарым-жартылай иштейт.

Эгерде Кыргызстан Борбор Азия боюнча айкалыштырылган турларды, Улуу Жибек жолу турлары (Silk Road Tours) катары да белгилүү болгон турларды активдүү жайылтса, бул жазында жана күзүндө чет элдик коноктордун агымын көбөйтүүгө жардам берет. Натыйжада, мейманканалардын иштеши жогорулайт, гиддер жана айдоочулар, ресторандар жана сувенир саткандар үчүн көбүрөөк жумуш орундары пайда болот.

Ошол эле учурда, чөлкөмдүн өлкөлөрү жай мезгилинде да бири-бирин толуктап тура алышат. Мисалы, Кыргызстанга келген туристтер кошуна өлкөлөрдө бир нече күндү маршрутуна кошо алышат. Натыйжада, кызматташтык өз ара пайда берет: ар бир өлкө жеке туристтик агымы төмөн болгон мезгилдерде конокторду тартуу мүмкүнчүлүгүнө туш болот.

– Борбор Азия боюнча бирдиктүү маршрут кандай болушу мүмкүн? Бир сапарга кайсы өлкөлөрдү бириктирсе болот?

– Мындай маршруттарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды кошсо болот. Ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, дал ушул нерсе саякатты кызыктуу кылат. Мисалы, Кыргызстан менен Казакстандын жаратылышында окшоштуктар бар, бирок олуттуу айырмачылыктар да жок эмес. Тажикстанда туристтерди башкача – аскалуу, көрүнүктүү рельефи бар тоолор өзүнө тартат. Өзбекстан менен Түркмөнстан тарыхый жана архитектуралык мурастары менен кызыктуу.

Казакстанда көптөгөн эл аралык авиакаттамдардын бар экени ыңгайлуулук жаратат. Туристтер Алматыга учуп келип, кооз жерлерди көрүп, андан кийин саякатын Кыргызстанда уланта алышат. Автоунаа жолу бар популярдуу жерлер Кордай аркылуу Бишкектин багытында жана Кеген аркылуу Караколдун багытында орун алган.

Андан ары саякатчылар маршрутун Өзбекстанга, мисалы, Ташкент аркылуу уланта алышат же Ошко барып, ал жактан Тажикстанга кетсе болот. Конкреттүү схема турдун узактыгына, туристтердин кызыкчылыктарына жана логистикага жараша аныкталат. Ушундай айкалышкан саякаттар буга чейин эле жасалып келген. Туристтик компаниялар бул багытта иштеп, эл аралык рынокто активдүү жайылтууга аракет кылышууда.

– Кыргызстан жалпы чөлкөмдүк продуктунун алкагында туристтерге эмне сунуштай алат?

– Биринчиден, Кыргызстан туристтерди жай мезгилинде гана эмес, башка мезгилдерде да тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн өлкөбүз жыл бою кызыктуу экендигин активдүүрөөк айтып чыгуу зарыл.

Кыш мезгилинде да Кыргызстан абдан кооз, бирок чет элдик туристтер көбүнчө муну билишпейт. Интернеттен англис же орус тилинде туристтер үчүн Кыргызстандын сүрөттөрүн издеп көрсөңүз, жалаң эле жайкы көрүнүштөр – жашыл жайлоолор, боз үйлөр, көлдө сүзүү жана жаратылышта эс алуу чыгат. Кышкы сүрөттөр кыйла аз, ошондуктан саякатчылар биздин мүмкүнчүлүктөр жөнүндө толук кабардар болушпайт.

Кыргызстан боюнча кышкы турларга барып, абдан ыраазы болушкан өнөктөштөрүбүз бар. Эми алар мындай саякаттарды атайылап жайылтып жатышат.

Бул тоо лыжасы же сноуборд эс алуусу гана эмес экендигин түшүнүү маанилүү. Кышкы шарттарды эске алуу менен жаздагыдай эле кылып өлкө боюнча толук экскурсиялык турларды уюштурса болот. Бул мезгилде жетүү кыйын болгон кээ бир жерлерге, мисалы, Сон-Көл жана Кел-Суу, барбаса да, Ысык-Көлдүн айланасын, Чоң-Кемин, Чолпон-Ата, капчыгайлар, көлдүн түштүк жээги, Нарын жана Таш-Рабатты кыдырса болот.

Кыш мезгилинде туристтер, адатта, боз үйлөрдө түнөбөйт, бирок кыргыз элинин маданияты жана салттары менен тааныша алышат: фольклордук көрсөтүүлөрдү көрүп, кийиз жасаган мастер-класстарга катышып, улуттук ашкананы үйрөнүп, салттуу тамактарды өздөрү жасап көрүшсө болот.

Ошентип, Кыргызстан жылдын кайсы мезгилинде болбосун жаратылыштын, маданий мурастын жана жергиликтүү жашоо образы менен таанышуунун айкалышын сунуштай алат.

– Борбор Азия боюнча биргелешкен туристтик каттамдын негизин кайсы багыттар түзө алат?

– Биринчи кезекте бул жаратылыш жана тоо туризми, маданий мурас, чөлкөмдөгү элдердин салттары жана Улуу Жибек жолунун тарыхый каттамдары. Маанилүүсү, өлкөлөр туристтерге бирдей нерселерди сунуштоого аракет кылбай, бири-бирин толуктап турушу керек.

Мисалы, саякатты мындай схемада уюштурууга болот: коноктор алгач тарыхый шаарлар жана архитектуралык эстеликтерди көрүп, андан кийин тоо пейзаждары, көлдөр, капчыгайлар жана көчмөн маданияты менен таанышуу үчүн Кыргызстанга жөнөшөт. Натыйжада, бир сапарда турист бир гана өлкөнү кыдыргандан көрө, ар тараптуу тажрыйбага ээ болот.

– Мындай каттамдарды жайылтууда биринчи кезекте кайсы өлкөлөрдүн туристтерине басым жасоо керек?

– Биринчи кезекте бул Борбор Азияга учуу жол киреси кымбат болгон Европа, Австралия жана башка алыскы рыноктордон келген туристтер. Алар үчүн бир сапарда бир нече өлкөнү кыдыруу мүмкүнчүлүгү өзгөчө жагымдуу.

Мында аймактын эл аралык рынокто канчалык жакшы көрсөтүлгөндүгүнө жана туристтик компаниялар өлкөлөр аралык логистиканы канчалык ыңгайлуу уюштура алгандыгына көп нерсе байланыштуу. Саякатчыга маршрутту пландаштыруу канчалык оңой болсо жана ал канчалык ар түрдүү таасирлерди алса, мындай продукт ошончолук жагымдуу болот.

– Кыргызстан чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүүгө канчалык даяр? Инфраструктура, мейманканалар, жолдор, транспорт жана квалификациялуу гиддер жетиштүүбү?

– Биз үчүн туристтердин санын көбөйтүү гана эмес, ошондой эле тармактын жыл бою туруктуураак иштеши үчүн шарттарды түзүү маанилүү.

Бүгүнкү күндө колдо бар инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат. Жазында жана күзүндө Ысык-Көлдөгү мейманканалар жана аймактардагы конок үйлөрү бош болуп калат, ал эми коңшу өлкөлөрдө бул учурда туристтик сезон уланып жатат. Эгерде ушул агымдын бир бөлүгүн Кыргызстанга буруп алсак, мейманканаларга кардар агымын жогорулатып, жергиликтүү бизнести кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга болот.

Бул гиддерге жана айдоочуларга да тиешелүү. Жумуш негизинен жай мезгилинин айларына гана ылайыкташканда, адистер кесибинде жыл бою кармалып тура албайт. Мезгилдүүлүктөн улам алар башка тармактардан жумуш издеши мүмкүн.

Ал эми айкалышкан маршруттар жана кышкы экскурсиялык турлар суроо-талапка ээ болсо, гиддер жана айдоочулар жылдын көп бөлүгүндө киреше таба беришет. Бул алардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө, саякаттарга кылдат даярданууга, унааларды оңдоого жана автопаркты жаңылоого мүмкүндүк берет.

Ошондуктан, жыл бою туризмди өнүктүрүү мейманканалар үчүн гана эмес, бүтүндөй туристтик тармактын туруктуулугу үчүн да маанилүү.

– Борбор Азияны бирдиктүү туристтик аймак катары илгерилетүүдөн Кыргызстан кандай башкы жыйынтыкка жетиши мүмкүн?

– Эң негизгиси – туристтик сезонду узартуу мүмкүнчүлүгү. Азыркы учурда туристтик бизнестин көпчүлүгү жайкы мезгилге багытталган, бирок Кыргызстандын жазында, күзүндө жана кышында да конокторду кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эгер Борбор Азия өлкөлөрү биргелешкен каттамдарды жигердүү илгерилетишсе, туристтер бир сапарында эле аймактын ар кандай маданияттары, жаратылышы жана тарыхы менен тааныша алышат.

Кыргызстан үчүн бул кошумча коноктордун агымын, мейманканалардын жогорку жүктөлүшүн, гиддер, айдоочулар жана туристтик тармактын башка өкүлдөрү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүн билдирет. Негизи эле, эгерде аймактын бардык өлкөлөрү бири-бирин толуктап, саякатчыларды жыл бою биргелешип тарта алса, анда бардыгы утушка ээ болот.