Бишкекте Кыргызстандын жана Бангладештин ТИМдеринин ортосундагы экинчи саясий консультациялар өттү
14 октябрь

Бишкекте Кыргызстандын жана Бангладештин ТИМдеринин ортосундагы экинчи саясий консультациялар өттү

2026-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Бангладеш Эл Республикасынын тышкы иштер ведомстволорунун ортосунда 2-саясий кеңешмелер болуп өттү.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов жана Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиам жетектешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнү кеңири талкуулашты.

Биргелешкен соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Келечектүү багыттар катары текстиль жана фармацевтика өнөр жай тармактары белгиленди.

Маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү контекстинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бангладештик студенттердин билим алуусу көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2027–2028-жылдарга карата Кызматташуу программасына, ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык академияларынын ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.