Айжамал Исамидинова: Жаңы балдар башкача ой жүгүртүшөт жана сезишет. Азыркы балдарды кантип тарбиялоо керек?
16 июнь

Айжамал Исамидинова: Жаңы балдар башкача ой жүгүртүшөт жана сезишет. Азыркы балдарды кантип тарбиялоо керек?

«Эгерде эртеңки күндү ойлосоң – эгин эк, эгерде 10 жылдан кийинкини ойлосоң – токой өстүр, а эгер 100 жыл кийинкини ойлосоң – бала тарбияла». Бул элдик накыл кеп баланы тарбиялоонун мааниси канчалык экенин көрсөтүп турат. Бирок азыркы балдар мындан он жыл мурунку балдардай эмес. Дүйнө өзгөрүүдө, аны менен чогуу тарбиялоонун ыкмасы да өзгөрдү. Азыркы балдар кандай жана аларды кантип тарбиялоо керек – психолог Айжамал Исамидинова менен чогуу аныктап көрөлү.

– Айжамал Искандеровна, азыркы балдар кандай болушат? Гаджеттердин айынан алар романтикадан алыстап, көбүрөөк агрессиялуу болуп калышканы чынбы?

– Азыркы балдар дүйнө таанымына жана кылык-жоругуна таасирин тийгизген санарип дүйнөсүндө өсүшүүдө. Бул аларды жакшы же жаман кылган жок – болгону башкача.

Романтизм азбы? Ооба, анткени гаджеттердин визуалдык жана тез стимулдары терең элестетүү жана узак мөөнөттүү концентрация жөндөмүн төмөндөтөт – а бул нерселер дүйнөнү романтикалык кабыл алуунун негизи болуп саналат.

Агрессия көппү? Антип айтууга болбойт. Көбүнчө бул жогорку импульсивдүүлүк же өзүн өзү көзөмөлдөө жөндөмүнүн жетишсиздиги катары каралат, бирок тубаса агрессия деп атоого болбойт. Себеп – нерв системасына жүктүн көп болушу, бетме бет баарлашуунун, тажрыйбанын аздыгы.

Бирок эң негизгиси агрессия – бул жаман сапат эмес, өзүн өзү коргоонун жолу, ал басууну эмес, сезимди билдирүүдө экологиялык машыгууну талап кылат.

– Азыр балдар тууралуу “кар бүртүкчө мууну” деп айтышат. Бул чоң аялуулук, өзүнүн өзгөчөлүгүнө ишенүү, көз карашын туура деп эсептөө. Сиз буга макулсузбу?

– «Кар бүртүкчөсү» термини сын-пикирге өтө терс реакция кылган жана өзүнүн уникалдуу адам экенине абдан ишенген жаш муундарга берилген ирониялык мүнөздөмө болуп калды. Бирок себептерин түшүнүү маанилүү.

 Аялуулук – бул балдар гипер камкордуктун: эмоциядан коргоп, бирок кандай мамиле кылууну үйрөтпөгөн атмосферасында өскөнүнүн кесепети. Ошондой эле “сен өзгөчөсүң” дегенге басым жасап, бирок фрустрациялык туруктуулугун өнүктүрбөгөн (жөндөм ийгиликсиздик менен жуурулушканда) тарбиялоо ыкмаларынын жыйынтыгы.

Ал эми өз көз карашын туура деп эсептөө – бул алсыздык эмес, бул этикалык, коомдук аң-сезимдүү болуу аракетинин көрүнүшү. Эгерде абсурдка жетпесе, анда жакшы сапат болуп эсептелинет.

Мындай муун «алсыз» эмес, а башкача ой жүгүртүп жана сезген муун. Аларга башка таяныч керек: катаалдык эмес, а өзүн өзү жөнгө салууну, сын коштогон ой жүгүртүүнү жана чек арасын бекемдөөнү өнүктүрүү.

– Мен азыркы балдар – булар эрте өнүккөн муун деп да айтат элем. Өтө эрте өнүктүрүүнү кайсы курактан баштоо сунушталат? Жана ал эмнелерди камтышы керек?

– Эрте өнүктүрүү төрөлгөндөн башталат. Бирок маанилүү нерсе тамгаларга же чет тилдерге үйрөтүү эмес, ата-энеси менен дене-сезим байланышына үйрөтүү болуп саналат: эркин оюндарды ойноо, анткени оюн 7 жашка чейин өнүктүрүүнүн башкы ыкмасы; эмоционалдык коопсуздук жана зарыл болгон нерсесин сурап-билүүгө көндүрүү; сенсордук тажрыйбаны өнүктүрүү, бул кармап көрүү, бирдемелерди жасоо, кыймыл, ырдоо.

Жаш курактык ориентировкага келсек, төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин фокусту кыймылга, сенсорго, сүйлөөгө, жакындашууга кармайбыз. 3 жаштан 6 жашка чейин: символикалуу ой жүгүртүү, сюжеттик оюндар, эрежелерге кызыктыруу кошулат. 6 жаштан жогоруларга: системдүү ой жүгүртүү, интеллектуалдык оюндар башталат.

Бирок эрте өнүктүрүүнү интеллектуалдык өсүү менен алмаштырбаш керек. Физикалык жана эмоционалдык базасыз бул ашыкча жүк болот.

– Баса, 3 жашта, 5 жашта ж.б. өткөөл курактар болоорун угуп калам. Чырдоо жана тилди албоо – бул жекеликтин калыптанышыбы же күчтүү таасирдин жоктугубу?

Бул «жаман адаттын» белгиси эмес, а автономиянын өнүгүү этабы. 3 жашында балада «Мен өзүм!» мезгили башталат, чек ара сезими калыптанат. 5 жашында бала нормаларды түшүнөт, бирок импульстарды жөнгө салууну али билбейт. Эрежелерге ыктаган оюндар, чек араны текшерүү ушул куракка эң ылайыктуу. 6-7 жашында балада моралдык жоопкерчиликтин биринчи элементтери пайда болот, бирок инфантилдүүлүк дагы көп.

Чырдоо – бул күнөө эмес, бул сигнал – бала эмненидир жасай албай жатат, эмоциясын башкара албай жатат. Ата-эне мында «сырткы мээ» катары балага бул маселесин жөнгө салууга жардам бериши керек.

Баланын укуктарын урматтоо менен жоопкерчилигин өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту кантип сактай алабыз?

3 негизги принцип бар:

Сыйлоо – бул баарына жол ачуу дегендик эмес. Сыйлоо – демек, баланы жеке инсан катары кабыл алуу, бирок аны менен катар түзүмдөрдү жана чек араларды сактоо.

Жоопкерчилик – бул жазалоо эмес. Бала жоопкерчиликке коркконунан эмес, «Мен ишенем, сенин колуңдан келет» деген ишенимден улам үйрөнөт.

Кызматташуу көзөмөл кылуудан маанилүү. Бала аны угуп жана сыйлап жатканын канчалык көп сезген сайын, эрежелерди жана башкаларга камкордук көрүүнү ошончолук чын дили менен кабыл алат.

Мисал келтирсем: «Сен өз пикириңди айтууга укуктуусуң, ошол эле маалда бизде баарыбызга ыңгайлуулук жараткан жалпы эреже бар. Кел ойлонобуз, кантип сенин да каалооңду, башкалардын да талабын эске алсак болот».