Гүлшан Абдылдаева: 2 жылдын ичинде Кыргызстандагы майыптуулугу бар балдардын бири калбай толук кандуу билим ала башташат
3 июнь

Гүлшан Абдылдаева: 2 жылдын ичинде Кыргызстандагы майыптуулугу бар балдардын бири калбай толук кандуу билим ала башташат

Кыргызстанда орто билим берүү мекемелеринде жана орто, жогорку окуу жайларына инклюзивдик жана STEAM билим берүү берүүнү камтыган долбоор ишке киргизилүү алдында турат. Инклюзивдүү билим берүү – жөнөкөй тил менен айтканда бардык балдардын жана жарандардын жынысына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине, жашаган жерине карабай бирдей билим алуу болгон жеткиликтүүлүгү. Долбоор Европа биримдигинин колдоосу менен башталып, эки жылга ылайыкташтырылган. Ал кандай ишке ашат жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга канчалык ыңгайлуу болоорун Агартуу министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева эфиринде айтып берди.

Долбоордун максаты, мааниси жана кимдер менен биргеликте ишке ашып жатат, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Долбоор Литванын тажрыйбасынын негизинде даярдалган. Учурда мектепке чейинки билим берүүдөн баштап жогорку окуу жайларына чейин реформалоо системасы жүрүүдө. Анын алкагында инклюзивдүү билим берүүнү милдеттүү түрдө киргизүү иштелип чыкты. Август айынан баштап атайын 9 мектеп тандалып алынат, мугалимдер балдарга инклюзивдик туура багытта билим берүү, балдарды мектепке тартуу боюнча окутулуп, тийиштүү иш чаралар өткөрүлөт.

Акыркы 2 жылдын ичинде азыркы атайылаштырылган интернаттар, жалпы билим берүү тармагында чоң изилдөөлөр жүргүзүлдү. Анын негизинде жогоруда айтылгандай, 9 мектепти тандап алып, биринчи кадамдарды алар аркылуу баштоону эп көрдүк. Андан кийин эгерде бул иш ырааттуу жолго коюлуп кетсе, бул ыкма бардык билим берүү мекемелерине жайылтылат, ал эми алгачкы 9 мектеп ресурстук мектеп катары калат.

Мисалы, Литвада мектепте мугалимдин эки жардамчысы бар. Бизде мугалим өзү жалгыз бардык түйшүктү тартат. Ушул программалардын баары каралып жатат. Ар бир бала мектепте тартылышы керек. Майыптуулук категориясы көп эмеспи, нейро бузулуулары бар балдар менен кантип иштешебиз деген маселе бүгүнкү күндө каралып жатат. Булардын баары милдеттүү түрдө киргизилиши керек.

– Ошондо эки жыл ичинде долбоор толугу менен жолго коюлушу керекпи?

Ооба, баары планга кирген. Литва менен долбоордун негизинде эки жактуу келишим түзүлүп, 3 багытты тандап алганбыз. Бизде жаңы мыйзамдарда инклюзивдик билим берүү беренелери киргизилип, билим берүү тармагындагы реформага багытталган чоң иш чаралар жүрүп жатат. Жаңы программаларды иштеп чыгууда STEAM программалары камтылган. Ошол эле мезгилде туура каржылоо маселеси да каралды. Инклюзивдик билим берүүдө ар бир бала билим алууга тартылышы керек деп жатпайлыбы, ага жумшалчу каржылоо канчалык деңгээлде туура болоору да изилденүүдө.

– Майыптуулугу бар балдарды билимге тартуу алардын келечегине канчалык таасирин тийгизет деп ойлойсуз?

– Бала кандай акыбалда болбосун, аны социалдаштыруу, коомго кошуу абдан маанилүү. Келечекте кайсы бир кесипке ээ болушу керек. Биз аларды мүмкүнчүлүгү чектелүү деп четке түртүп салбоого тийишпиз. Мисалы, көрүп жүрөбүз, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала ата-энеси, айрым учурда энеси менен гана калат. Бирок эне түбөлүк эмес, а бала убагында билим алып, кесипке ээ болуп, өз алдынчалуулукка үйрөнүп, келечекте өзүнүн оокатын жасап кетчүдөй деңгээлге жетүүсү кажет. Андан тышкары, коомчулукту да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы коомдун бир мүчөсү, алар биз катары жашап, биз катары билим алып, иштеши керек, аларга жардам беришибиз керек деген түшүнүккө көндүрүүбүз зарыл.

– Кыргызстанда учурда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар экен, учурда алардын канчоосу билим алышууда?

Биздеги анализдер боюнча, 30 миңдин 16 миңи мектеп курагындагы балдар. Бирок болгону 8,5 миңи гана мектепке тартылган. 7-8 миңдейи четте калган. Бул мурдагы мыйзамдардагы «окутууга болбойт» (к обучению не подлежит) деген норманын негизинде окубай калгандар. А азыр билим берүүнүн эл аралык деңгээлдеги инклюзивдик багытын тандап алдык, анын негизинде эч бир бала четке кагылбай, ресурстук же реабилитациялык борборлорго тартылат. Реабилитациялык жана абилитациялык деген болот. Булардын негизинде баланын мүмкүнчүлүгү чектелгенин эрте жашында аныктоо да каралган. Баланын майыптуулугу бир гана өзүнө эмес, энесине да терс таасирин тийгизет. Көбүнчө эне да психологиялык жактан жабыр тартат. Аял киши күчтүү болсо өзүн өзү алып кетет... Ошондуктан, бүгүнкү күндө абилитациялык жана реабилитациялык стационардык жана жеке окутууну да кароодобуз.

– Алар кандай?

– Абилитациялык – мектепке чейинки балдарды социалдаштыруу, кандайдыр бир кемчилигин аныктоо жана аны эрте күндө жолго коюуга аракеттенүү. Мисалы, бала мектепке барганга чейин башка балдар менен кошулуп тынч отурган кезде тынч отуруп, ойногон кезде ойноп, өзү тамактануу, дааратканага баруу сыяктуу элементардык көндүмдөрдү үйрөнүп калышы керек.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелбеген, бирок онкология, кургак учук ооруларына кабылган же колу-бутун сындырып алып узак убакыт ооруканада жатууга туура келген балдар кездешет. Аларга стационардык негизде билим берүү каралды.

Андан сырткары – үй-бүлөлүк окутуу бар. Бул мектепте 45 мүнөт отурууга ден соолугу мүмкүнчүлүк бербеген балдарга карата колдонулат. Андай шартта үйдөн билим берүү каралган. Мугалимдер баланын үйүнө барып сабак өтүшөт, андан соң жыйынтыктоо сынагын тапшырат. Балким, бул ошол баланын ден соолугу жакшырып кетишине өбөлгө болот. Анткени, ден соолугунан жабыркаган балдарга социалдаштыруу жакшы таасирин берет. Билим алуу, билимге умтулуу, келечегине максат түзүү – бул баланы чыйралтат.