Алмазбек Атамбаев Испанияда ооруп жатканы айтылды
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ооруп жатканын 25-августта анын тарапташтары билдиргендигин Акипресс жазып чыкты.
Алардын айтымында, жубайы Раиса Атамбаева анын жанында — Испанияда жүрөт.
Алардын кызы Алия Шагиева бутун кокустатып алган.
Анын айтымында, дене табы 37 градуска түшкөндөн кийин, жумуштары менен сыртка чыгууну чечкен. Бирок көп өтпөй катуу жыгылып кеткен.
«Бир мүнөт өтпөй эле ушунчалык катуу жыгылып, бутумдун тарамыштарын үзүп алдым», – деп жазган Шагиева.
Ушуга байланыштуу 25-августта массалык башаламандык уюштуруу боюнча иштин сот отурумуна, анда фигуранттардын бири катары Кадырбек Атамбаев да өтүп жаткандыктан, анын жакын туугандарынын эч кимиси катышкан эмес.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2023-жылдын февраль айынан бери Испанияда жүрөт. Ал абактан бошотулгандан кийин дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө уруксат алган. Ошол учурда мурдагы президент дарылануусу аяктагандан кийин өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген.
