Бишкектеги эң кымбат кыймылсыз мүлк – административдик объектилер: чарчы метри дээрлик 179 миң сом
Бишкекте кыймылсыз мүлктүн түрлөрүнүн ичинен 2026-жылдын июль айында чарчы метринин орточо баасы эң жогору административдик объектилерде катталган – 178 947,37 сом.
Экинчи орунда турак үйлөр турат – чарчы метри 167 941,1 сом.
Андан кийинки орундарда коммерциялык объектилер – 124 307,99 сом, батирлер – 112 523,7 сом жана социалдык багыттагы кыймылсыз мүлк – 110 131,48 сом.
Өндүрүштүк багыттагы кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин баасы 19 147,47 сомду түзгөн.
Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жарыяланды.
Ошентип, борбор калаадагы эң кымбат административдик жана эң арзан өндүрүштүк кыймылсыз мүлктүн ортосундагы айырма чарчы метрине 159 миң сомдон ашат.
