Ош ОИИБ
25 август
Ноокатта түн ичинде жолду ээлеп, жергиликтүүлөрдүн тынчын алган жети жаран аныкталды
Ноокатта коомдук тартипти бузган жарандар кармалды, деп кабарлайт Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, окуя 24-августта саат 01:00 чамасында Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылынын борборунда болгон. Анын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Видеодо жаштар жолду ээлеп, коомдук тартипти бузуп, жергиликтүү тургундардын тынчын алгандыгы айтылган.
Аталган видео тасма боюнча маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар 7 жаран аныкталып, алардын өздүгү такталды.
Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери улантылууда.
