Бишкекте «Газпром Кыргызстандын» калкты тейлөө борборлору 1-сентябрда иштебейт
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 август

Бишкекте «Газпром Кыргызстандын» калкты тейлөө борборлору 1-сентябрда иштебейт

Бишкекте «Газпром Кыргызстан» компаниясынын калкты тейлөө борборлору 1-сентбярь күнү иштебейт.

Компаниядан кабарлашкандай, чектөөлөр Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилди. 

Аймактарда жарандарды кабыл алуу кадимки тартипте жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда кызматтарды алуу үчүн филиалга жеке баруунун зарылдыгы жок. Өтүнмөнү берип, керектүү кызматтарды онлайн — «Мой газ» мобилдик тиркемеси же gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу пайдаланууга болот.