Таласта беш баласына алимент төлөбөгөн кишиге кылмыш иши козголду
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кийлигишүүсүнөн кийин беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаевага Талас облусунун тургуну кызынын жана неберелеринин укуктарын коргоого жардам сурап кайрылган.
Аялдын айтымында, 40 жаштагы кызы 2025-жылы күйөөсү И.Т. менен ажырашкандан кийин, беш баласына алимент өндүрүүгө арыз берген.
Бакай-Ата райондук соту мурдагы күйөөсүн эмгек акысынын жана башка бардык кирешелеринин жарымын төлөп турууга милдеттендирген.
Алимент 2025-жылдын 28-январынан баштап өндүрүлүп баштамак. Бирок ал соттун чечимин этибарга албай, бир жолу да төлөгөн эмес.
«Неберелеримдин атасынын айыл чарба жери, малдары, машинасы бар, бирок ошол эле учурда балдарына алимент төлөбөйт. Кызымга кыйын, балдары жаш, бир кызынын майыптыгы бар», - дейт аял.
Аял арызында сот аткаруучуларынын жана милициянын аракетсиздигине даттанган.
Анын айтымында, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү карызкордордун майыптыгы бардыгын айтып, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Бакай-Ата райондук прокуратурасына жана Талас облусу боюнча сот аткаруучулар кызматына алименттик милдеттенмелерди өндүрүү жана сот чечимдерин аткаруу боюнча чара көрүүгө чакырып, кат жөнөтүшкөн.
Акыйкатчы Институтунун ишинин жыйынтыгында, 2026-жылдын 12-июлунда И.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү (Ата-эненин балдарын багуудан качышы) менен кылмыш иши козголгон. Учурда райондук милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Сот аткаруучулар кызматынын эсеби боюнча, жарандын алимент боюнча карыз 195 миң сомду түздү.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Акыйкатчы Институту алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине балдардын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү чараларды кабыл алууну сунуштаган.
2026-жылдын алты айында Акыйкатчы Институтуна алимент өндүрүү маселеси боюнча 94 кайрылуу болду.
