Бурул Асыкбекова: Кызамыкты алдын алуу жана токтотуунун бир гана жолу бар – ал вакцинация
17 январь

Бурул Асыкбекова: Кызамыкты алдын алуу жана токтотуунун бир гана жолу бар – ал вакцинация

Кыргызстанда кызамык оорусуна кабылган жаш балдардын саны өсүүдө. Айрыкча, кышкы – грипп жана сасык тумоо оорулары күчөгөн маалда кызамык дагы кошумча болуп жатканын саламаттыкты сактоо жааты билдирүүдө. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова “Биринчи радионун” түз эфиринде балдар арасындагы кызамыкты алдын алуудагы вакцинациянын ролун айтып берди. 

«Учурда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал чыңалууда десек болот, анткени бул оору Бишкекте көп байкалып жатат. Статистикага таянсак, 2024-жылы республикада кызамык боюнча 14 миң 318 учур катталган. Анын 2 миң 129у лабораториялык жактан тастыкталган. Аймактар боюнча алганда, бул ооруга кабылгандар Бишкекте көп. Өткөн жылы катталган 14 миңден ашуун учурдун 5 миң 684ү борбор калаада болгон. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат. Мунун себеби, биринчиден, ички миграция, экинчиден, ата-энелердин арасында балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын көбөйүп жатышы. Алар вакцинанын сапатынан шектенишет же диний ишенимден улам баш тартышат, ошондой эле башка себептерден улам балдарына эмдөө алууну каалабагандар да бар», – деген дарыгер так ушул эмдөөдөн өтпөгөн балдар кызамыктын циркуляциясын сактап, анын уланышына көмөк берип жатканын белгиледи. 

Айтымында, Бишкекте кызамык менен ооруган балдардын 96 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндөр. Булардын арасына – эмдөө курагына, 1 жашка чыга элек балдар, ата-энеси баш тартакандар жана ички миграциянын агымынан улам медициналык мекемелерге каттоого турбагандар, ошондой эле кайсы бир медициналык себептен улам эмдөө жасалбаган балдар кирет. 

Бурул Асыкбекова белгилегендей, кызамыктын жайылуусунун дагы бир себеби – оору менен соо баланын ортосундагы контактын күчөшү. Бул көбүнчө кызамыктын башталгыч белгилери сасык тумоо жана грипп сыяктуу болгонунан улам жаралат. Мисалы, бала дене табы көтөрүлүп, мурдунан суусу агып, жөтөлүп ооруй баштаганда ата-эне аны Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна эмес, стационарга алып барат. А ал жакта ооруп келген, ошол эле кызамыкка кабылган балдар бар. Кезек күтүү учурунда оору аба аркылуу жугат. Ошону менен үйүнө кетишет, а эки жумадан кийин бала кызамык менен ооруп баштайт. 

«Бул абдан коркунучтуу жана жугуштуу инфекция. Ошондуктан бала ага каршы эки жолу эмделип келген: 1 жашында жана 2 жашында. Башта 1 жашында жана 6 жашында болчу, азыр өзгөртүү киргизилип, 9 айында, 1 жашында жана 2 жашында болуп үч жолу эмдөө башталды. Анткени, балдар кызамык менен көбүнчө 6 жашка чейинки куракта оорушат. Ошондуктан бул куракка чейин организмдин ооруга туруктуулугун бекемдөөгө жетишишибиз керек. Бул ооруну токтотуунун жана алдын алуунун жалгыз жолу – вакцинация. Аны алган балада иммунитет өмүр бою калат. Негизи 1 жашка чейинки бала иммунитетти энесинен алышы керек, ошондуктан улуттук календарда кызамыкка каршы биринчи эмдөө 1 жашында жүргүзүлгөн. Бирок азыркы жаш энелерде иммунитет жок болгондуктан, балдар 2-3-4 айында да ооруп калып жатышат», – деди Асыкбекова. 

Ошондой эле, дарыгер балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын айынан жамааттык иммунитет жок болуп, оору көбөйүп жатканын белгиледи. Айтымында, 2023 жана 2024-жылдарга карата эмдөөнүн охваты 84 пайызды түзгөн. Ошондо, өлкө боюнча эмдөөдөн өтүшү керек болгон 1 миллион 625 миң бала бар болсо, анын 818 миң 930у гана эмделген. Ал эми башка аймактарда охват 85 пайызга жетсе, Бишкекте араң гана 69-70 пайыз. Канчалык охват аз болсо, ошончолук жамааттык иммунитет түшүп, кызамык жайылаарын белгилеген дарыгер, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги камтууну 96 пайызга жеткирүүгө аракеттенип жатканын айтты. 

Кызамыкты грипп жана сасык тумоодон кантип айырмалоого болот? Дарыгердин айтымында, ал оору башталгандан канча бир убакыттан соң белгилүү болот. Башында бала дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, мурдунан суу куюлат, анан барып башынан ылдый көздөй денесине кызарган тактар чыгат. Кызамыктын белгиси ушул. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн балдарда бул оору бир топ оор жүрөт. 

«Балдарды эмдетүүгө чакырып, ата-энелерден сурамжылоо жүргүзгөндө, баш тарткандардын көбү минтип айтат: «Менин балам ооруп айыкты, эми эмдөө албай койсок деле болот”. Бул өтө чоң жаңылыштык. Кызамык менен ооруган бала, 25 пайызы, канча бир убакыт өткөндөн кийин кесепеттерине кез келет. Баш мээси жабыркашы мүмкүн, өпкө жабыркап пневмония башталышы мүмкүн. Ал турмак леталдык учурлар менен да коштолот. Өткөн жылы кызамыктан бир леталдык учур катталды. Он жыл мындай нерсе болгон эмес эле. Ошондуктан, вакцинага кайдыгер мамиле жасоо болбойт», – деди Бурул Асыкбекова.