Виктор Малюженко: Улуу Ата Мекендик согуштун бардык каармандарын түбөлүккө калтыруу үчүн Жалал-Абад мэринен кошумча мамыларды сурайбыз
Славян диаспорасынын төрагасы Виктор Малюженко “Караван-Инфого” Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын элесин түбөлүккө калтыруу багытындагы иштер кандай жүрүп жатканын айтып берди.
– Согушка катышкандардын тизмесин качантан бери чогултуп келатасыз?
– Биз төрт жылдан бери Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон согуштун катышуучуларынын тизмесин чогултуп келебиз. Унутта калган адамдарды гана эмес, Жалал-Абаддан согушка кетип, тынчтык мезгилде кайтып келген бардык согуш ардагерлеринин ысымын түбөлүккө калтырууну чечкенбиз. Бир жума мурун тизмеде 402 ысым бар болчу, мен мэрге “Аза күткөн эне” эстелигине кошумча эки мамы орнотууга жер бөлүп берүүнү сурап киргем. Ал жерде эки тарабында тең дайынсыз жоголгон жана курман болгон жоокерлердин ысымы чегерилген мамылар турат.
Эки жума ичинде эле тизме 52 адамга толукталды. Биз эстутум китебинен текшерип, Россиядан издөө системаларына чалып, жалалабаддык жоокерлерибиздин сөөктөрүн табабыз. Бардыгын тизмеге кошкубуз келет. Апрель айына чейин ишти бүтүрөлү деп турабыз.
Бизде эскерүү иш-чараларын алдын ала өткөрүү салтка айланды. Жоокерлер бейитин, Советтер Союзунун Баатырлары Аллеясын, “Фронттук ырлар төгүлөт” фестивалын апрелде өткөрдүк.
Мен Россия Федерациясынын элчиси болуп Удовиченко турган кезде, ага эстеликтерди орнотууга каражат жагынан жардам берүү өтүнүчү менен кайрылгам, мэрге жолугуп чыкканымдан кийин болсо Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулунун наамына кайрадан кат жаздым.
– Виктор Викторович, Жалал-Абад облусундагы славян диаспорасын качантан бери жетектейсиз жана ал сан жагынан канча?
– 2018-жылы мен славян диаспорасынын төрагасы болгом, өткөн жылы кайрадан шайлашты. Биздин диаспора облус боюнча эки миңге бир аз жетпеген адамдан турат, ага бир гана славян улутунун өкүлдөрү эмес, бизде аралаш никелер көп эмеспи, алар дагы киришет. Бул үчүн уставды бир аз өзгөртүүгө туура келди. Эл диаспорабыз кандай иштеп жатканын көрүштү, анан командабызга кошулууну каалашты. Коомдук уюмдарды эч ким каржылабайт, бизде айлык акы жок. Бир жылда бир жолу Россия Федерациясынын Консулдугу Масленицаны өткөрүүгө каражат бөлөт, 9-майда жарым-жартылай каржылык колдоо көрсөтөт.
– Шаарда табылган жоокерлер бейити тууралуу айтып берсеңиз?
– Бул 2019-жылы болгон, жоокерлер бейити Жалал-Абаддагы эски орус көрүстөнүнүн аймагынан табылган. Эч ким ал жер башта жоокерлер бейити болгонун ойлогон да эмес. Союз тарагандан кийин каралбай калган, бул бейитте беш адам көмүлгөн, дагы беш адам көрүстөндүн аймагында жатат. Биз көпкө ойлондук, алардын ысымдары белгилүү болчу, анан эстеликке онун тең жазууну туура көрдүк.
Жоокерлер бейитинин ачылышына эл өтө көп келди, автоунааларды токтотууга жай калбады. Салтанаттуу кароол болуп, гирлянда коюлду, салюттук залп атылды. Митинг 20 мүнөткө пландалган эле, бирок 1,5 саатка созулду. Согуштун катышуучусу Гаффан Вильданович Сафин абдан жакшы сөздөрдү сүйлөдү, тилекке каршы, ал кишини өткөн жылы жерге бердик.
Ачылышынан кийинки күнү эле Подмосковьядан жоокерлердин биринин небереси байланышка чыкты. Ал 70 жашка чыгып калыптыр, соцтармактардан Жалал-Абадда ушундай иш-чара өткөнүн көрүп, абдан таасирлениптир.
– Советтер Союзунун Баатыры, Жалал-Абаддан чыккан жоокерлердин ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча кандай иштерди аткардыңыздар?
– Бишкекте сейилдеп жүрүп Советтер Союзунун Баатырларынын портреттери айнекке салынып илингенин көрүп калгам. Анан Жалал-Абадда да башкачараак кылып жасоону чечтик. Акча чогултууну баштадык. Бишкекте “Биримдик” фонду бар, аны полковник-чек арачы Лев Богданович Василевский жетектейт, ал бизге келип чыгашанын жарымын өзүнө алды, айнектерди жасатуу менен алектенди, ичин кооз жасалгалап, эки тилде жаздырдык. Чоң рамкаларды ширеттик. Азыр ар бир портреттин алдында мамычылар турат жана үч бурчтуу кат формасына Советтер Союзунун Баатырынын аты-жөнү жазылып, жылдызчасы тартылган.
Оператор бир нече видеороликти акысыз даярдап берди, диаспоранын балдары ырдашты. 9-майга карата биз Советтер Союзунун Баатырлары тууралуу материал даярдоону чечкенбиз. Шаарда жети Баатырыбыз бар, жаш балдар тексттерди жаттап, кубанып катышышты, ата-энелер шыктануу менен карашты.
Бишкекте “Фронттон кат” акциясы өткөрүлгөн. Музейибизде эки кат, болгондо да акыркы кат сакталган, ошол каттардан кийин кара кагаз келген. Уулум үч бурчтуктарды окуду, аны видеого тарттык, баары жасалмасыз чыкты, ошентип, “Фронттон кат” номинациясында биринчи орунду алдык.
Пандемия аяктагандан кийин, балдарды чогултуп тоого алып бардык, алар ырдашты, аягында согуштун катышуучусу Гаффан Вильданович Сафин жана концлагердин туткуну Валентина Павловна Симоненко түбөлүк отко гүл коюшту. Мен анда вице-мэр менен байланыштым, түбөлүк отту ошол күнү күйгүздүк, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баарын курчоого алышты. Бул ролик менен балдарыбыз 70 команда катышкан эл аралык сынакта биринчи орунга татыктуу болушту.
– Өткөн жылы Улуу Ата Мекендик согуштун Жалал-Абаддагы акыркы катышуучусу каза тапты, ал киши тууралуу айтып берсеңиз?
– Сафин Гаффан Вильданович 9-майга бир аз жетпей калды, апрелдин аягында көз жумду. Биз аны акыркы сапарга татыктуу узата алдык. Вице-мэр, аскер бөлүгү, башкы консул менен байланышып, уюштуруу иштерине байланышкан маселелерди заматта чечип койдук. Ал киши тууралуу жылуу элестер калды. Өчпөс отту Жалал-Абадка биринчи жолу алып келгенде, Сафин күйгүзгөн болчу, ал убакта күч-кубаты бар эле. А мурдагы жылы алып келгенде, ал киши ал-күчтөн тайып калгандыктан, ага өзүбүз алып барганбыз.
Анын чакан короосу бар эле, ал жерге 9-майдын алдында чатыр тигилип, стол жасалчу, анан абдан көп коноктор келчү. Үйүнө барганыбызда, костюмун кийип, медалдарын тагынып алып, күтүп отурчу. Анан дасторконго отурчубуз, биз ага белгисиз жоокердин бейитинен Өчпөс чырак бергенбиз, ал аны өөп кабыл алган. Андан соң кабагын бүркөп, кызынан фронттук 100 граммым кайда деп сурап, столду муштуму менен урган.
Ал өзү бир кезде шарапчы болгон экен, чакан жүзүм багы бар эле, жер иштеткенди абдан жакшы көрчү. Бир ууртамдан вино ичтик, ал абдан ыраазы болду, анан бизди узатып чыкты. Машина үйдөн болжол менен 500 метрдей ары турган, ошого чейин жөө басып келди, ал турмак бийлеп, ырдады дагы, анан аны менен коштошуп, жолго чыктык. Элдик фронттун борбордук штабынын мүчөсү, Биринчи каналдын теле алып баруучусу Юлия Баранская кийин Жалал-Абаддагы бул жылуу жолугушуу тууралуу айтып чыкты. Сафин каза тапкандан соң, мен атайын катафалкты бизди узатып чыккан жерге койдурдум, анын сөөгүн бизди узатып өзүнүн акыркы 500 метр кадамын жасаган жерге чейин көтөрүп чыктык, ошентип, биз дагы аны акыркы сапарга узаттык.
Учурда Жалал-Абадда концлагердин туткуну, 1939-жылы төрөлгөн Валентина Павловна Симоненко гана тирүү. Согуш башталган маалда алар Белоруссияда жашашкан экен, атасын атып салышкан, а аны эжеси, апасы менен чогуу концлагерге айдашкан. Ал апасы биринчи жолу самын алып келгенде, кантип жеш керектигин сураганын эскерип калат. Согуштан кийин турмушка чыгып, күйөөсү менен Жалал-Абадга келген, ошону менен ушул жерди байырлап калган.
Караван-Инфо: Учурда Виктор Малюженко Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокерлердин тизмесин толуктоо боюнча ишти улантууда.
