Полина Фурсова: Психологдун жакшы жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсү аздык кылат, аны алып, өздөштүрүүнү да билүү керек
7 декабрь

Полина Фурсова: Психологдун жакшы жана сапаттуу кызмат көрсөтүүсү аздык кылат, аны алып, өздөштүрүүнү да билүү керек

Биздин тынчы жок жашообузда стресс менен күрөшкөн адамдар кээде профессионал психологдун жардамынын маанисин жетиштүү баалашпайт. Биз денебизди дарылаган дарыгерлерге кайрылабыз, бирок ички абалыбызды унутуп, жандүйнөнүн дабагерлерине көңүл бурбайбыз. Бул кесиптин маанилүүлүгүн, канчалык пайдалуу экенин жана психологдордун өнүгүп жаткан терапиясы тууралуу педагог-психолог, гештальт-терапевт Полина Фурсова “Караван-Инфо” менен болгон маегинде айтып берди. 

– Полина, сиздин оюңузча, жакшы психолог деген ким? 

– Жакшы психолог – бул психология жаатында базалык билими бар, ыкмаларга жана инструменттерге ээ профессионал гана болбостон, кардар үчүн коопсуз чөйрөнү түзө билген, купуялуулукту жана этикалык нормаларды карманган адам. 

Ал боорукер жана кардарга көңүл буруп, анын акыбалын түшүнүп, кандай болсо ошол турушунда эч бир сындабай кабыл алат. Жакшы психолог кардарына даяр жоопторду жана чечимдерди сунуштабастан, анын өзүн жакшы түшүнүүсүнө жана жеке ресурсун өзгөрүүлөр үчүн колдонуусуна жардам берет. Ал дайыма өзүнүн компетенттүүлүгүн билет жана андан ашкан нерсени албайт. 

– Мен психологдор адамдын жандүйнөсүнүн дабагери деп айтат элем, бирок кээде алардын өзүнө дагы жардам же колдоо керек болуп калабы? 

– Ооба, ошондуктан биздин профессиядагы адис бир топ тажрыйбалуу кесиптешинен супервизия алып турат, ошондой эле жумушуна өзүнүн чечилбеген көйгөйлөрүн көтөрүп келбеши үчүн жеке терапиядан өтөт. 

– Биздин коомдо өзүн өзү баалоосу төмөн болгон адамдар көп, эмнеге? Аны кантип жеңүүгө болот? 

– Өзүн төмөн баалоо көбүнчө тарбия, социалдык күтүү жана терс тажрыйба сыяктуу тышкы факторлордун таасири астында калыптанат. Бул жагдай ата-эне менен баланын мамилесине таандык. Бала өзү жөнүндө көп нерсени, ким экенин да биле бербеген куракта, ал үчүн өзүнө керектүү маалыматтардын булагы ата-энеси жана башка улуулар болот. Алар улуулар эмеспи, баарын билишет жана дайыма алардыкы туура болуп саналат. 

– Мисал келтирип бере аласызбы? 

– Мисалы, балалыкта көбүнчө ата-эне же мугалим балдарды мактайт: “Азамат”, “Жакшы кызсың же баласың” дешип. Качан бала бирдемени туура эмес жасаганда, аны урушуп, кыйкырып башташат, суз мамиле жасашат. Бала ушундай суз мамиледен абдан коркот, анткени ата-энесинин мээримисиз жашай албайт. Ошентип, балада баалоого болгон көз карандуулук пайда болот. Ал өзүнө эмес, айланасындагы адамдардын баалоосуна таянууга үйрөнөт. Өзүн төмөн коюу сезими ушунчалык чыдагыс болгондуктан адам аны ичине терең катууга аракеттенет. Бирок сын укканда же катачылыгын кимдир бирөө көрсөткөндө, ошол катылган нерсе сыртка калкып чыга келет. Бул нерсе өзүңө жана башкага болгон мамиледе жетишкендиктер башкы ролду ойногон коомдогу азаптын негизги себебине айланат. 

Өзүн төмөн баалоо – бул көбүнчө сырткы баалоолорсуз өзүңдү алсыз сезүү. 

Өзүн өзү баалоо менен өзүн өзү барктоо бирдей эмес, өзүн өзү баалоо -  бул адамдын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн билүү, "Мен киммин" деген билим. Өзүн-өзү барктоо – бул өзүн өзү барктай билүү, өзүн жетишкендиктер менен эмес, бар болуу фактысы менен баалоо.

Мында жеке баркты бекемдөө менен иштөө керек, сиздин сезимдериңиз, эмоцияларыңыз жана муктаждыктарыңыз маанилүү жана башкалардын сезимдери жана муктаждыктары менен бирдей болууга укуктуу экендигине болгон ишенимди өнүктүрүү маанилүү. Сиздин буга укугуңуз бар.

Мындан тышкары, кичинекей болсо да, жетишкендиктериңизди байкап, жазып жүрүү пайдалуу. Бул ички колдоо сезимин түзүүгө жардам берет.

Аягында терапиядагы тереңдетип иштөө өзүңүздү көрүүгө жана кабыл алууга тоскоол болгон жашыруун ишенимдерди аныктоого жардам берет.

– Кесибиңде ар кандай адамдарды жолуктурсаңыз керек, кайсы кардар сен үчүн эң татаал жана кайсынысы эң жөнөкөй?

– Абдан кызыктуу суроо. Мен кардарларды “жаман” жана “жакшы” деп бөлбөстүгүмдү айтып жооп бергим келет. Мында бир гана кардардын жеке мүнөздөмөсү тууралуу сөз болуп жаткан жок, кеп терапиялык процесстин динамикасына да тийиштүү. Мисалы, татаалдык кардар канчалык деңгээлде өзгөрүүлөргө даяр экенине, ал өзүнүн суроо-талабын канчалык түшүнөт жана иштешүүгө канчалык ачык экенине байланыштуу болушу мүмкүн. 

Эң “татаал” кардар – бул терапияга келген, бирок ички дүйнөсүндө ага даяр болбогон кардар. Мисалы, терапияга өз каалоосу менен эмес, башкалардын: өнөктөшүнүн, туугандарынын же мугалиминин басымынын астында келген адамдар. Алар психологдун эмгегин төмөндөтүп, ыкмалардын эффективдүүлүгүнө шек жаратышы же өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчиликти адиске өткөрүп салышы мүмкүн. Бул жерде кыйынчылык ишенимди орнотууда жатат, кардарга өзгөрүү үчүн өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүүгө жардам берүү жана өзүнүн үстүнөн иштөө – бул мүмкүнчүлүк экенин, кимдир бирөө “керек” деп айтканы үчүн иштеп баштагыдай ал адамга карыздар эместигин жеткирүү. 

"Жөнөкөй" кардар – бул өзгөрүүгө умтулган, өзүнүн кыйынчылыктарын түшүнгөн жана иштөөгө даяр адам. Мындай адам көбүнчө ачык, чынчыл жана терапия кээде көп убакытты талап кылган процесс экенин түшүнөт. Бирок белгилеп кетүү маанилүү: кардардын жөнөкөйлүгү же татаалдыгы аны жакшы же жаман кылбайт. Бул алардын ошол учурдагы өзгөрүү абалын гана чагылдырат. Психологдун милдети – алардын жанында болуу, колдоо жана эч убакта баалабоо. 

– Бул терапиянын канчалык эффективдүү болору кардардын өзүнөн да көз каранды дегенди билдиреби?

– Туура, психологдун терапиясы канчалык пайдалуу жана көмөкчү болоору анын жөндөмүнө жана билимине гана эмес, кардардын өзүнүн мотивациясына да түздөн-түз көз каранды. Себеби бул эки тараптын процесси: жакшы жана сапаттуу берүү аздык кылат, аны да алып, өздөштүрүү керек!