Сагынбүбү Абдувалиева: Фастфуд, радиация – дагы эмнелер балдардын патология менен төрөлүшүн шарттайт
26 октябрь

Сагынбүбү Абдувалиева: Фастфуд, радиация – дагы эмнелер балдардын патология менен төрөлүшүн шарттайт

«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду алты жылдан бери Кыргызстандагы медициналык жана социалдык мекемелерге жылына 100 миң доллардан 300 миң долларга чейин гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Бул аралыкта уюм Кыргызстандын төрөт кызматын колдоого жана өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошту. Бул жылы фонд өлкө боюнча перинаталдык борборлорго 20 СИПАП- аппаратын жана 35 пульсоксиметр– жаңы төрөлгөн балдардын канындагы кычкылтек менен каныккандыгын аныктоочу аппараттарды тапшырып жатат.

Аппараттар кандай бөлүштүрүлөт жана неонаталдык медицинанын абалы жөнүндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неонатологу, КР Неонатологдор жана неонаталдык медайымдардын ассоциациясынын аткаруучу директору Сагынбүбү Абдувалиева айтып берди.

– Бул жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларындагы перинаталдык борборлорго бөлүштүрүлөт, аларда жылына 12 миңге чейин төрөт кабыл алынат. Жакын арада жылына 10 миңге чейин төрөттү кабыл алган Жалал-Абад облустук төрөт үйү жана 4 миңге чейин төрөттү кабыл алган Баткен облустук ооруканасына берилет. Биздин эң чоң аймак – Чүйдө – СИПАП-аппараттары облустук төрөт үйү менен ооруканага тапшырылса, Бишкекте аларды №2 төрөт үйү жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбору колдоно баштайт, ал жерге оор төрөткө кабылган аялдар жеткирилгендиктен, абдан керек.   Менин оюмча, биздин көрсөткүчтөр бул аппараттарды орнотконго чейин жана андан соң, мисалы, бир жылдан кийин чоң айырмачылыкты көрсөтөт, анткени алар колдонууга оңой, тез ыңгайлашат жана жакшы натыйжаларды берет.

– Айтсаңыз, статистика боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын патологиясы, оор дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп же азайып баратканы байкалып жатабы?

– Жаңы төрөлгөн ымыркайларда жашоонун биринчи жумасында же айындагы ар кандай патологиялар жылдан жылга сакталып келет. Бирок “LDS-Charities” кайрымдуулук фонду биз менен 15 жылдан бери иштешип келе жатканына рахмат, бүгүнкү күндө биздин өлкөдө асфиксия оорусунун үлүшү азайып жатат. Анткени ал бизге 2009-жылы жардам берген, ошондо биздин биринчи тренерлерибиз Анкарда окушкан, андан кийин алар биринчи кезектеги неонаталдык реанимация боюнча бул долбоорду жайылтышты. Тубаса кемтик менен төрөлгөндөрдүн үлүшү бир аз өсүүдө деп айтсак болот. 

Бирок менин оюмча, бул, биринчиден, туура диагноз коюуга байланыштуу, экинчиден, көйгөйлөр төрөт мезгилинен башталат, кош бойлуу аял төрөткө даярдануусу керек, тубаса кемтиктердин үлүшүн азайтуучу дары-дармектер бар, аларды кабыл алышы керек. Ошол эле фолий кислотасы, аны боюна бүтүрүүдөн 3 ай мурда жана кош бойлуу кездин аягына чейин ичүүгө болот. Мен ал турмак 18 жаштагы кыздарга да азыртан ичип, бала төрөөгө даярдануу сунуштайт элем.

Бизди инфекциялар жана сезгенүүлөр да тынчсыздандырууда. Андыктан ден соолукка көз салуу керек. Ар бир жаш аял өзүнө суроо бериши керек: "Мен балалуу болууга даярмынбы?" Бирок бизде тилекке каршы, жаштар ансыз деле ден соолугум чың деп ойлоп, удаа-удаа төрөп, үй-бүлөсүнүн саламаттыгына көңүл бурганга убактысы жетпей калат. Калктын 70 пайыздан ашыгы айыл жеринде, 30 пайызы шаарда жашайт.

Алыскы айыл болсо бул да өзүнчө көйгөй. Андыктан биз ар бир жаш кыз-жигитке, келечек муунубуз сакташыбыз, үй-бүлөгө, анын ден соолугуна көңүл бурушубуз керектигин дайыма айтып келебиз. Белгилей кетким келет, биз ар дайым аялдардын ден соолугу жөнүндө гана айтабыз, бирок белгилүү болгондой, азыр эркектерде да көп көйгөйлөр бар, ошондуктан алардын ден соолугуна да кам көрүшүбүз керек.

– Уландарга кандай кеңеш берет элеңиз? 

– Урологдорго мезгил-мезгили менен текшерилип турууга кеңеш берет элем. Жыл сайын Урология борборунда эркектердин ден соолугунун жумалыгы өткөрүлөт же каалаган жеке борбордон текшерилсе болот. Ошондой эле парентералдык вирустук инфекцияларга текшерүүдөн өтүшүңүз керек, жок дегенде УЗИден өтүп, кан анализин тапшырып, ВИЧке тест тапшырып коюшса болот.

Эгерде мурда инфекция парентералдык гана жол менен, башкача айтканда, укол аркылуу, кан аркылуу жукса, бүгүнкү күндө жыныстык жол менен жугушу биринчи орунда турат. Ошондой эле, азыр жаштар пирсинг жана татуировка жасатып жаткандыктан, тесттерди тапшыруу зарыл, алар бекер жана анонимдүү.

– Аймактар боюнча ымыркайлардын ден соолугу же оорунун түрлөрү боюнча айырмачылыктар барбы?

– Бул жерде көп нерсе радиоактивдүүлүктөн, адам жайгашкан чөйрөнүн булганышынан көз каранды. Канчалык Ысык-Көлдү курорттук аймак деп айтышпасын, ал жакта радиоактивдүү заттар көп чыккан кендер бар. Демек, дээрлик бардык аймак ар кандай оорулардын коркунучунда турат. Ошондой эле көптөгөн өнөр жай ишканалар Кара-Балтада, Быстровка, Кеминде  радиоактивдүү зоналар бар. Андан кийин уран калдыктары бар Миң-Куш, Майлуу-Суу, Аксы, ал жерде ошондой эле ар кандай кендер да бар. Чаткал, Таласта радиациялык фон жогору алтын кендери бар. Буга Баткен, Кадамжай, Айдаркен да кирет. Андан тышкары көп нерсе үй-бүлөдөн, анын тамактануу маданиятынан, абанын тазалыгынан көз каранды. Бул жерде көптөгөн факторлор бар. Айрыкча түйүлдүктүн биринчи 3 айдагы өнүгүүсүндө, бардык органдар түзүлүп жаткан кезде өзгөчө маанилүү.

– Тамактануу маданияты жөнүндө сөз болуп калды, бул келечектеги балдардын ден соолугуна кандай таасир этет? Кантип туура тамактаныш керек?

– Бүгүнкү күндө тамактануу боюнча көптөгөн тенденциялар бар. Дени сак болуп, узак жашагысы келген ар бир адам органикалык тамактанууга өтүүгө аракет кылат. Рациондо белоктордун, майлардын жана углеводдордун жетиштүү өлчөмдө болушу керек. Ар кандай жашыл чөптөрдү көп жеш керек. Бирок мындай тамактар Кыргызстанга мүнөздүү эмес, биздин салттуу тамактарыбызда эт, камыр көп, баары майлуу жана куурулган. 
Жашоо образыбыз да таасир этет, эртеден кечке иштеп, анан кечинде келип тамактанабыз да, жатып алабыз. Эгерде улуттук ашкананын сүйүүчүсү болсоңуз, андай тамакты күндүн биринчи жарымында жеген жакшы. Артынан көп суу ичүү керек. Тилекке каршы, биздин жаштар фастфудду көбүрөөк колдонушат. Ал эми азыр, белгилей кетүү керек, көптөгөн балдар эне сүтүн сиңире албай, лактоза жетишсиздиги менен төрөлүшөт. Анан аларды лактозасыз аралашмаларга өткөрүүгө аргасыз болобуз. 

– Айтсаңыз, Ассоциацияга канча неонатологду бириктирүүдө?

– Неонатологдор ассоциациясында бүгүнкү күндө 220дай адистер бар. Тилекке каршы, бул абдан аз. Менимче, бул өлкөдөгү кадрдык ресурстардын өтө курч жетишсиздигине байланыштуу. Бирок бүгүнкү күндө өкмөт көйгөйгө көңүл буруп, аймактарда иштеген жаш дарыгерлерге колдоо көрсөтө баштады. Алардын айлыгына 20 миң сомдой акча кошулду, бул өлкөбүздүн деңгээлинде жаштар үчүн жакшы колдоо. Бул дарыгерлердин өлкөдө калуусуна шарт түзөт деп ойлойм, анткени көбү кетип жатат.