Назира Жакыпова: Бир жылда 369 жарандын жумушсуздук көйгөйү чечилди
3 май

Назира Жакыпова: Бир жылда 369 жарандын жумушсуздук көйгөйү чечилди

Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Назира Жакыпова Караван-Инфого аталган шаардагы жумушсуздук маселелерин чечүү аракеттери жана «Социалдык контракттын» жүрүшү тууралуу айтып берди.

 Жалал-Абадда 2024-жылы калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу жаатында кандай иштер аткарылды? 2025-жылдын башынан бери канча адам жумуш менен камсыз болду?

– Былтыр жыл ичинде Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы калкты иш менен камсыз кылуу багытында каттоодогу жумушсуз жана жумуш издөөчү 369 жаранды жумушка жайгаштырдык. Алар: шаар жергесиндеги мекеме-ишканаларга жумушка жайгашкандар, кыска мөөнөттүү акысыз курстардардан пайдалангандан соң өз алдынча жеке ишкердик баштап кеткендер жана майыптуулугу бар адамды карагандыгы боюнча жеке ассистент кызматын аткаруучулар, андан сырткары «Жаштар такшалмасы» долбоору аркылуу жумушка орношкондор. Негизинен жумуш издеген жарандар башкармалыктын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кайрылышат, андан сырткары жумушсуздук боюнча каттоо турган жарандар бар. Аларга бош жумуш орундарын жөнөтүп турабыз, бөлүмдө жүрүп жаткан долбоорлорго тартабыз, андан тышкары шаардык денгээлде «Бош жумуш орундар жана кесиптер» жарманкесин өткөрөбүз. Жумушсуздар үчүн вотсап-группа түзүп койгонбуз, бардык маалыматтарды ошол жактан таратабыз. 

– Бүгүнкү күндө кандай жумуш орду бош? Шаарда кандай  кесиптеги адистерге муктаждык бар?

– Учурда жеке клиникаларга медайым, тазалоочу, гипермаркеттерге кассир, товар тизүүчү, жумушчулар, дүкөндөргө сатуучулар, окуу жайларга кесиптик мугалимдер, компанияларга сатуучулар, кафелерге ашпозчу, бармен, официант, кондитердик фабрикаларга пекарлар, кароол жеке агенттиктерге кароолчулар жетишпейт. Андан алып караганда жана башка муктаждыктарды эске алганда, IT, бухгалтер, бармен, официант, визажист, персоналдык компьютердин оператору адистиктерге суроо-талап көп десек болот.

– Шаарда кайсыл адистер боюнча кесиптик билим алууга болот? Жумушсуз жаштар кайсы кесиптерди көп тандайт жана алардын окуудан кийин жумушка орношууга мүмкүнчулуктөрү барбы?

- Учурда бизде  ашпозчу, тигүүчү, сантехник-слесарь, газэлектро ширетүүчү, массаж жасоо, чач тарач, жыгач уста, тейлөөчү (официант), бармен, бөлмө жыйноочу (горничная), автомеханик жаатында окуп, кесипке ээ болууга болот.

Жумушсуз жарандар көбүнчө жаш өзгөчөлүгүнө жараша кесип тандашат, мисалга алсак, 35 жаштан жогору эркек кишилер газэлектро ширетүүчү, сантехник-слесарь, жыгач уста, автомеханик курстарын тандашат. Ушул эле жаштагы айымдар тигүүчү, бөлмө жыйноочу (горничная) жана ашпозчулукта окууну каалашат.  Ал эми 18 жаштан   35 жашка чейинки жаштар чач тарач, бармен, тейлөөчү (официант), автомеханик, IT, визажист, персоналдык компьютердин оператору кесибин жактырышат.

Окуу соңунда көбүнчө кесипке ээ болгон соң газэлектро ширетүүчү, сантехник-слесарь, жыгач уста, автомеханик жеке ишкердик баштап, өз алдынча кызмат көрсөтүшөт жана тигүүчүлөр фабрикаларда, үй шартында да крой менен жумуш жасашат.  Чач тарач курсунда окудан өткөн жаштар сулуулук салондорунда кызмат көрсөтүшөт. Кээ бир учурда үй-шартына байланыштуу окууну аяктап жумушка жайгашпай калган учурлар да кездешет. Кесипке ээ болуп, сертификатка ээ болгон соң кайсыл учур болбосун, жумушка жайгашууга болоорун эскертип келебиз.

– «Жаштардын такшалмасы» долбоору боюнча да айтып берсеңиз, ал кандай ишке ашып жатат?

– Ушул долбоордун алкагында, биздин башкармалык калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүндө каттоодо турган жумушсуз 45 стажерду стажировкадан өтүү үчүн бир катар мекемелерге жөнөттү:

  • Мамлекеттик каттоо (Кадастр) – 3;
  • Достук аймактык башкармалыгына – 2;
  • Тайгараев аймактык башкармалыгына – 3;
  • Ветеринардык мекемеге – 3;
  • Жүргүнчүлөрдү каттоо автобазасына – 1;
  • №2 орто мектебине – 2;
  • Мэриянын жер ресурстары башкармалыгына – 1;
  • Кыргыз Почтасына – 3;
  • 5 орто мектебине – 1;
  • 3 орто мектебине – 1;
  • Көк- Арт аймактык башкармалыгына – 1;
  • Жалал-Абад улуттук теле радио компаниясына – 1;
  • Жалал-Абад областтык китепканасына – 1;
  • №18 мектепке чеийнки билим берүү уюмуна – 2;
  • аардык башкармалыгына – 6;
  • «Эльмад сапат» ЖЧКсына – 3;
  • Курманбек аймактык башкармалыгына – 1;
  • №1 мектепке чейинки билим берүү уюмуна – 3;
  • №10 орто мектебине – 1;
  • №75 кесиптик лицейине – 2;
  • «ИП Самиев» тигүүчү цехине – 1.

– 2024-жылдагы «Социалдык контракттын» жыйынтыктарын айтып берсеңиз. Канча адам жана кандай багыттар боюнча өз ишин баштады? Жаңы, өзгөчө бизнес идеялар кездештиби?

– 2024-жыл ичинде 239 жаран менен социалдык келишим түздүк. Алар:

Айыл чарба багытында: майда жандык, канаттууларды өндүрүү, дыйканчылык.  Жалпы 132 жаран.

Кызмат көрсөтүү багытында: такси кызматы, автосервис, сулуулук салону, тазалоочу (клининг), уюлдук телефон оңдоо, коомдук тамактануучу жай. Жалпы: 16 жаран.

Өндүрүш багытында: тигүүчүлүк, жыгач усчтачылык, тамак-аш өндүрүү, кол өнөрчүлүк. Жалпы 46 жаран.

Соода-сатык багытында: азык-түлүк, майда соода-сатык. Жалпы 46 жаран.

Жаңы, өзгөчө бизнес идялар албетте, көп. Мисалы: курут азыктарын өндүрүү (эзме курут), автомектебине даярдоо курсу, үндүк, тоок өңдүү канаттууларды өстүрүү. Андан сырткары бал өндүрүү, устачылык, массаж кабинеттерин ачуу, таттууларды бышырып сатуу идеяларын дагы биз жаңылык катары кабыл алдык. Анткени, буга чейин бул багыттарды кармангандар болгон эмес эле.

– «Социалдык контракты» ишке ашыруунун үч жылынын жыйынтыгы боюнча канча ишкер туруктуу иш алып барып, канча жумуш орунун түзүүгө жетишти?

– Азыр жалпы 452 катышуучу ишин туруктуу улантып жатат. Алар 69 кошумча жумуш орунун түзүштү.

– Социалдык контрактка катышкан канча адам жеңилдетилген насыя алышты?

– Бир катышуучу гана алды. Ал –  Аланбаева Жумагүл, 2022-жылы сулуулук салонун иштетип баштаган болчу. Эмне себептен бир гана катышуучу алды? Катышуучулардын көбү ачтырган патенттерин өз убагында төлөй албай калышкан же туура эмес багытта ачтырып алышкан. Мисалы, жубайлардын бирине социалдык келишим түзүлсө, патент экинчисинин наамына ачылып калган. Ушундай жана жана башка банктын критерийлерине туура келбеген себептерден улам жеңилдетилген насыяга көбү илинбей калышты.