Полина Фурсова: Балдардын санариптик түзүлүштөргө болгон мамилесин калыптандырууда ата-эне үлгү болушу керек
11 май

Полина Фурсова: Балдардын санариптик түзүлүштөргө болгон мамилесин калыптандырууда ата-эне үлгү болушу керек

Санариптик түзүлүштөрдүн адамга, андан көбүрөөк жаш балага болгон терс таасирин ар бир бурчтан кыйкырып жатышат, алар – көздүн көрүүсүнүн начарлашы, баланын социалдык изоляцияланышы, санариптик көз карандуулук. Анткен менен азыркы заманды девайстарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Ошол эле маалда гаджеттердин пайдасы барбы, ал эми негативдүү таасиринен баланы кантип коргой алабыз – бул боюнча педагог-психолог Полина Фурсова айтып берди. 

– Смартфондордогу атайын оюндар баланын өнүгүүсү үчүн пайдалуу деген пикир бар. Бул чындыкка канчалык дал келет? 

 Ооба, бир катар өнүктүрүүчү тиркемелер жана оюндар эс тутумду, көңүл бурууну, логиканы жана моториканы жакшыртарын тастыктаган изилдөөлөр бар. Бирок мунун баары качан гана жаш куракка ылайык болуп жана убакыт жактан чектөөлөр так кармалганда гана билинет, эгерде бала кичинекей болсо, анда, албетте, гаджетти ата-эненин катышуусу менен гана колдонтуш керек. Дагы бир маанилүү жагдай бар: смартфондун экраны канчалык чоң болсо, баланын көзүнүн көрүүсүнө терс таасири ошончолук азыраак болот. 

Бирок кандай болгон учурда дагы мен санариптик оюндар жандуу баарлашууну, физикалык активдүүлүктү жана реалдуу тажрыйбаны алмаштыра албайт деп эсептейм. 

 Азыркы заманда санариптик түзүлүштү такыр колдонбой кое албайбыз да, аны менен баланы канча жашынан баштап тааныштыра берсек болот? 

 Сунушталган жаш курак – 2-3 жаш, бирок абдан аз убакытка гана. 3 жашка чейин такыр эле экранга жакын жолотпогон жакшы, анткени, баланын мээси айлана-чөйрө менен реалдуу карым-катнаш кылган учурда гана активдүү өнүгөт. 3 жаштан кийин аз-аздан жөнөкөй өнүктүрүүчү программаларды киргизсе болот, бирок улуулардын так көзөмөлү менен гана жана ал  үйрөтүүнүн жана алаксытуунун негизги ыкмасына айланбашы керек. 

 Балдар жана өспүрүмдөр телефон жана компьютердин алдында канча убакытты коопсуз өткөрө алышат? 

 Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2 жашка чейин экрандык убакыттан качууну сунуштайт, туугандар менен видеочалуу менен сүйлөшүүнү эске албаганда. 2 жаштан 5 жашка чейин күнүнө 1 сааттан ашык эмес, мында да ата-эне менен гана чогуу көрүүгө болот. 6 жаштан 12 жашка чейин билим алуу максатынан тышкары, күнүнө 2 саатка чейин. Өспүрүмдөргө күнүнө 2-3 саатын телефон же компьютерге коротууга болот. Бирок ар бир 30-40 мүнөттө монитордон алыстап, эс алып, көзүнө гимнастика жасап турушу керек. 

– Кандай учурду санариптик көз карандуулук деп атасак болот? 

 Эгерде бала адаттагы алектенүүлөрүнө кызыгуусун жоготсо (сыртта ойноо, китеп окуу, достору менен жолугушуу), гаджетке тыюу салынганда агрессиясын же тынчсыздануусун көрсөтсө көңүл буруу зарыл. Ошондой эле гаджет окуусуна, уйкусуна жолтоо болуп жатса. Андан сырткары балада компьютерге же телефонго жеткиликтүүлүк жок болгон учурда маанайы чөгүп калары байкалат. 

– Баланы девайстардан кантип алаксытса болот? 

 Эң жакшы ыкма – жагымдуу альтернативаларды сунуштоо: жандуу оюндар, спорт, сейилдөө, үстөл оюндары, биргелешкен чыгармачыл долбоорлор: сүрөт тартуу, өз колу менен бирдемелерди жасоо, куруу. Ошондой эле үй-бүлөсү, теңтуштары менен реалдуу баарлашуу, гаджетсиз тематикалык күндөрдү уюштуруу, мисалы, “укмуштуу окуялар күнү”, “эксперименттер күнү” ж.б. Мында үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары карманган эреженин болушу да маанилүү, мисалы, тамактануу учурунда гаджет колдонбойбуз дегендей. 

Дагы бир маанилүү нерсе: убакыт жактан чектөө так, туруктуу болушу керек жана аны карманууда ата-эненин өзү үлгү болууга тийиш!