“Мекенден алыс жашай аласың, бирок жүрөктөн чыгарып салуу мүмкүн эмес”. Ажы Рахманкул хандын небереси Аднан Мендерес менен маек
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатия эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы
Элдин тарыхы архивдик документтерден жана мамлекеттик чечимдерден гана турбайт. Ал үй-бүлөнүн эскерүүлөрүндө, чоң ата, чоң энелердин аңгемелеринде, муундан-муунга өткөн ысымдарда жашайт.
Улуу-Памирга болгон сапарымда мага тарыхтын эң оор мезгилдеринде памирлик кыргыздардын биримдигин сактап кала алган адам, легендарлуу ажы Рахманкул хандын небереси Аднан Мендерести жолуктуруу бактысы буюрду.
Жанымда Рахманкул хандын тарыхын улантып жаткан адам турду. Рахманкул хандын биринчи небереси, памирлик кыргыздардын улуу лидеринин экинчи уулу Абдулвахид хандын тун уулу. Анын жеке тагдыры элдин тагдырынан ажырагыс.
Ал 1963-жылы Афганистандын Памиринде төрөлгөн. Анын биринчи мугалими өзүнүн чоң атасы – ажы Рахманкул хан болгон, андан Куранды окуганды үйрөнгөн. Рухий билим менен бирге чагатай тилиндеги китептерди окуп, жазуу мурасына болгон сүйүүсүн алган. Ошентип, эс тутум абстракттуу сөз эмес, жашоо образы болгон муун калыптанган.
Андан кийин эркти сынаган жылдар орун алды. Пакистандын Гилгит шаарына көчүү, мамлекеттик мектепте алгачкы сабактар, жаңы өлкө, жаңы шарттар. Кийинчерээк – Түркия, Вандагы интернатта окуу, аскердик кызмат, жумуш, көп жылдар бою ак ниет эмгек. Стамбулда ал өз ишин түптөп, төрт баласын тарбиялап, айланасындагылардын урмат-сыйына татыган.
Бирок бул үй-бүлөнүн эң чоң байлыгы – кесиби же ар кайсы өлкөлөрдө жашаган жылдары эмес. Алардын байлыгы – өздүгүн сактап калуу. Тарыхый мекенинен нечендеген жылдардан бери алыс жашаганына карабастан, үй-бүлөдө кыргыз тили, ата-бабалардын эскерүүсү, тегине болгон сый-урмат жана кийинки муундарга жоопкерчилик сезими жашап келет.
Мындай адамдар жөнөкөй чындыкты эске салат: тарыхты падышалар жана аскер башчылар гана жаратпайт. Аны күн сайын үй-бүлөлөр сактап келет, алар балдарына фамилиясын гана эмес, адебин, эс тутумун жана руханий баалуулуктарын өткөрүп беришет.
Мына ошондуктан, Рахманкул хандын ысымы китеп барактарында гана жашап калбастан, урпактарында да уланууда. Алар өлкө алмаштырса болот, сыноолордон өтсө болот, жаңы тилдерди жана кесиптерди өздөштүрсө болот, бирок тамыры чын эле жүрөктө жашаса, аларды эч качан жоготууга мүмкүн эместигин өздөрүнүн өмүрү менен далилдеп келишүүдө.
– Памир кыргыздарынын тарыхы – бул Афганистан, Пакистан жана Түркия аркылуу өткөн узак жана татаал жол. Үй-бүлөңүздүн эскерүүлөрү боюнча, бул улуу жер которуу мезгилинин кайсы учуру эң трагедиялуу жана унутулгус болгон?
– Биздин үй-бүлөбүздүн тарыхындагы эң оор барактардын бири – мекенибизден, ата-бабаларыбыз туулуп-өскөн жерден кетүү болду. Памир кыргыздарынын баары ушундай азапты баштан өткөргөн.
Үйдү кайра куруп, жаңы өлкөдө жашоо баштап, башка шарттарга көнсө болот, бирок ата-бабалар жаткан, бир нече муундардын балалыгы жана жаштыгы өткөн жерди унутуу кыйын. Мекенин эстен чыгаруу мүмкүн эмес.
Биздин эл үчүн бул улуу көчүү жөн гана жашаган жерин алмаштыруу болгон эмес. Бул жашоону, ишенимди, тилди жана улуттук өзгөчөлүктү сактап калуу үчүн күрөш болгон. Биз мекенибизди таштап кетүүгө аргасыз болдук, бирок эл катары өзүбүздү жоготпоо үчүн бардыгын жасадык.
– Улуулар Рахманкул хан тууралуу эмнелерди айтып беришкен? Аны эл башчысы гана эмес, ата, насаатчы жана адам катары кандай эстешкен?
– Рахманкул хан үй-бүлөбүздө элдин башчысы катары гана эскерилчү эмес. Биз үчүн ал баарынан мурда мугалим, насаатчы, акылдуу ата жана руханий жетекчи болгон.
Анын дүйнө таанымы өтө кеңири болгон, көп окуган, дайыма билимге умтулган жана бир нече тилде эркин сүйлөгөн. Ал тарых, маданият, саясат, дин – дүйнөнү жакшыраак түшүнүүгө жана эли үчүн туура чечимдерди кабыл алууга жардам бере турган нерселердин баарына кызыкчу.
Бирок жашоосунун негизги маңызына памирлик кыргыздардын тагдыры айланган. Ал алар үчүн тынч жана коопсуз жашай турган, тилин, каада-салтын, ишенимин жана улуттук өзгөчөлүгүн сактап кала турган жерди табууну кыялданган. Анын бардык чечимдери жеке кызыкчылыктары менен эмес, элдин келечегине болгон жоопкерчилиги менен шартталган.
Биздин үй-бүлөдө өзгөчө көп эстеген сөздөр бар. Рахманкул хан бир күнү улуу түрк дүйнөсү кайрадан биримдигин табат деп ишенген. Ошондо бул сөздөр кыял сыяктуу сезилген, бирок бүгүнкү күндө түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланыштар бекемделип баратканда, анын алдын ала сезе билген укмуштуудай көрөгөчтүгүнө таң бересиң.
– Афганистандын Памиринен кетүү чечими кандай кабыл алынган? Ата-бабаларыңар үчүн төрөлүп-өскөн жерин таштап кетүү эмнени билдирген?
– Бул биздин үй-бүлөбүздүн жана бүтүндөй элдин тарыхындагы эң оор чечимдердин бири болгон.
Белгилүү болгондой, 1978-жылы Афганистанда мамлекеттик төңкөрүш болгон. Падыша Захир Шах Италияда дарыланып жатканда, анын тууганы Мохаммед Дауд Хан бийликти басып алган. Андан кийин өлкө саясий туруксуздукка, ички чыр-чатактарга жана куралдуу кагылышууларга баткан. Кийинчерээк, тартипти калыбына келтирүү деген шылтоо менен Афганистанга советтик аскерлер киргизилген.
Чоң атам, ажы Рахманкул хан, памирлик кыргыздардын лидери катары жаңы бийликтин кысымына кабыларын жакшы түшүнгөн. Ал өзүнө гана эмес, чоң жоопкерчилигин алган бүтүндөй элге коркунуч туулуп жатканын аңдаган. Мына ошондуктан Афганистанды таштап кетүү чечими кабыл алынган. Бул ата мекен менен башка өлкөнүн ортосундагы тандоо эмес болчу. Бул элди сактап калуу менен анын келечегине болгон коркунучтун ортосундагы тандоо эле.
Ата-бабалар жашаган жерди таштап кетүү өтө эле оор болгон. Бирок чоң атабыз бул кадамды тарых баалайт деп ишенген. Бүгүн биз түшүнүп жатабыз, анын эрдигинин жана алдын ала көрө билгичтигинин аркасында памирлик кыргыздар өздөрүнүн өзгөчөлүгүн, тилин, салттарын жана улуттук биримдик сезимин сактап калышты.
– Эгер Түркияга көчүү болбогондо, сиздин оюңузча, памирлик кыргыздар улуттук өзгөчөлүгүн жана маданиятын бүгүнкүдөй сактап кала алышмак беле?
– Бул суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Эгер биз Афганистанда калсак, анда, балким, маданиятыбыздын, салттарыбыздын жана жашоо образыбыздынн бир бөлүгүн сактап калмакпыз. Эгер башка өлкөгө, мисалы, Аляскага көчүп кетсек, балким, аларды дагы жакшыраак сактап калмакпыз, же тескерисинче, убакыттын өтүшү менен көп нерсени жоготуп алмакпыз.
Түркияда биз маданий мурасыбыздын көп бөлүгүн сактап кала алдык, бирок албетте, баарын эмес. Өз каада-салттарыбызга, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызга жана ата-бабалардын эс тутумуна камкор мамиле кылууну улантып жатабыз. Ошол эле учурда, жаңы өлкөдөгү жашоо ар бир муунга сөзсүз таасирин тийгизет.
Бул өзгөчө тилде байкалат. Түрк жана кыргыз тилдери бир түрк тил уясына кирет, ошондуктан алар бири-бирине өтө жакын. Бир жагынан, бул бизге эне тилибизди сактоону жеңилдетет, экинчи жагынан, тилдер акырындык менен аралашып, кээ бир сөздөр же сөз айкаштары күнүмдүк колдонуудан чыгып кетет. Ошондуктан тилди жана маданиятты сактоо ар бир муундан тынымсыз аракетти жана жоопкерчиликти талап кылат.
– Сиз үчүн «тарыхый ата мекен» деген түшүнүк жеке өзүңүз үчүн эмнени билдирет? Бул биринчи кезекте ата-бабалардын жери, эли, тилиби же жалпы тарыхый эс тутумбу?
– Биз үчүн ата мекени деген түшүнүк өзгөчө, абдан терең мааниге ээ. Ал жөн гана аймак же мамлекеттик чек аралардан алда канча кенен. Ата мекен – бул ата-бабалардын эс тутуму, элдин тарыхы, тили, маданияты жана өз элине таандык сезими.
Биз ар дайым Кыргызстанды өзүбүздүн тарыхый ата мекенибиз деп эсептеп келгенбиз, бирок нечендеген жылдар бою андан алыс жашап, өз мамлекетибиз болгон эмес. Элибиздин тагдыры туруктуу көчүү менен байланышкан. Алгач биз Афган Памирин өз үйүбүз деп эсептегенбиз – бул байыркы жер, ал жерде кыргыздар көп муундар бою жашап келишкен. Андан кийин Кытай Памирине отурукташууга аракет кылдык, бирок узакка созулган жок. Анан кайрадан Афганистанга кайтып келдик, ал жерде отуз жылдай жашадык, андан соң тарыхый жагдайлар бизди алгач Пакистанга, анан Түркияга көчүүгө мажбур кылды.
Бүгүнкү күндө Түркия биздин ата мекенибиз болуп калды. Бул жерде балдарыбыз жана неберелерибиз чоңойду, бул жерде памирлик кыргыздардын жаңы мууну калыптанды, алар үчүн дал ушул Түркия туулуп-өскөн үйү болуп саналат.
Бирок улуу муундагы адамдар, бүгүнкү күндө элүү, алтымыш жана андан улуу жаштагылар үчүн Памир өзгөчө жер бойдон калууда. Бул ата-энебиздин жана чоң ата-чоң энебиздин жаш кези өткөн, ата-бабаларыбыз жашаган жер. Ошондуктан, жаңы мекенибизди тапсак да, Памирди тарыхый эсибиздин жана тагдырыбыздын бир бөлүгү катары жүрөгүбүздө сактап келебиз.
– Тарыхчылар памирлик кыргыздардын ата-бабалары Алтайдан Алай өрөөнү аркылуу Памирге чейин узак жолду басып өткөн деп эсептешет. Бул көп кылымдык көчүү тууралуу үй-бүлөлүк кандай уламыштар сакталып калган?
– Тарыхый булактардан жана үй-бүлөлүк уламыштардан белгилүү болгондой, биздин ата-бабаларыбыз Алтайдан азыркы Кыргызстандын аймагына ар кандай себептерден улам – саясий, экономикалык жана ошол кездеги жашоо шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу көчүп келишкен.
Биздин үй-бүлөдө бешинчи муундагы бабам Касымбек тууралуу эскерүү сакталып калган. Алгач Ошко келип, андан кийин Алай өрөөнүнө көчүп барган. Мал чарбачылыгы менен алектенип, жайлоодо мал айдап, байыркы соода жолдору менен өткөн кербендердин башчысы болгон.
Ушундай үй-бүлөлүк аңгемелер аркылуу биз өз тукумубуздун тарыхын билебиз. Алар бизге ата-бабаларыбыздын жолу кандай болгондугун, кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келгендигин жана памирлик кыргыздардын тарыхы кандайча акырындык менен калыптангандыгын түшүнүүгө жардам берет.
– Сиздин үй-бүлөңүздө санжыра жазылганбы? Ата-бабаларыңызды канчанчы муунга чейин билесиз жана алардын көчүү жолун аныктоого мүмкүнчүлүк барбы?
– Биздин үй-бүлөдө жазуу түрүндөгү санжыра жок, бирок ата-бабалардын эскерүүсү оозеки түрдө – улуулардан кичүүлөргө берилип келет. Бул салттын аркасында биз өз тегибиздин тарыхын жетинчи муунга чейин билебиз, ал эми жеке өзүм сегизинчи муунга чейинки ата-бабаларымды атай алам. Менин ата-бабаларымдын арасында көптөгөн белгилүү жана урматтуу адамдар болгон. Алардын көбү кербенбашы болушкан, миңдеген жоокерлерди, элди башкарышкан, маанилүү чечимдерди кабыл алышкан жана адамдарга эң кыйын мезгилдерде жардам беришкен. Так ошондуктан, алар жөнүндөгү эскерүүлөр үй-бүлөбүздө бүгүнкү күнгө чейин сакталуу.
Үй-бүлөлүк уламыштар боюнча, бабам Касымбектин көчүп келгенге чейин, биздин ата-бабаларыбыз азыркы Кытайдын аймагында – Кызыл-Сууда, Тагарма деген жерде жашашкан. Алар көчмөн жашоо өткөрүп, мал-жандыктарын Миң-Теке деген бийик тоолуу жайлоолорго айдап барышкан. Маркум таежемдин айтымында, биздин үй-бүлөнүн жайкы жайлоолору Ак-Таш, Там-Өтөк жана Эни-Сай деп аталчу. Бул аталыштар ата-бабаларыбыздын көп муундары жашаган жер менен жандуу байланыш катары биздин үй-бүлөлүк эсибизде сакталып калган.
Мына ушундай оозеки аңгемелер бизге тукумдун тарыхын жоготпоого жана бир нече ондогон жылдар өткөндөн кийин да, бир нече чоң көчүүлөрдөн кийин да өткөн менен байланышты сактап калууга мүмкүндүк берет.
– Сиздин оюңузча, кайсы жерде жашабасын, жаш кыргыздар үчүн XX кылымдагы көчүүлөрдүн гана эмес, элинин өтө байыркы тарыхын билүү эмне үчүн маанилүү?
– Тарых кыргыз эли үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чоң мааниге ээ. Өзүнүн өткөнүн билген эл азыркыны жакшыраак түшүнүп, келечегин ишенимдүү курат.
Ошондуктан, жаш кыргыздар XX кылымдагы окуяларды жана көчүүлөрдүн тарыхын гана эмес, элинин тарыхынын өтө байыркы барактарын да изилдеши өтө маанилүү деп эсептейм. Өз тамырын билүү, ата-бабалар өткөн жолду эстөө, бул мурасты сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү зарыл.
Тарых – бул өткөндү эске сактап калуу гана эмес. Ал улуттук аң-сезимдин, маданияттын жана элдин руханий күчүнүн негизи болуп саналат. Эгерде жаштар өз тарыхын билсе, аны сыйлап, сыймыктанса, анда кыргыз эли дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап калат. Мен терең ишенем, кыргыз эли бул дүйнө канча жашаса, ошончо жашайт. Кыргызстандын жана кыргыз элинин келечеги кең болсун!
– Памирлик кыргыздардын Пакистандан Түркияга көчүүсү бүгүнкү күндө тарыхтын бир бөлүгү болуп калды. Бул тагдыр чечүүчү чечим кандай кабыл алынган жана эмне үчүн акырында дал ушул Түркия тандалган?
– Пакистандан Түркияга көчүүбүз бүгүнкү күнгө чейин таң калыштуудай сезилген окуялар менен коштолду.
Башында памирлик кыргыздар Аляскага көчүрүлөт деп болжолдонгон. Бул маселени талкуулоо үчүн чоң атам, ажы Рахманкул хан, аксакалдар менен бирге Исламабадка барып, Пакистандын президенти генерал Мухаммед Зия-уль-Хакка Пакистан төрт жыл бою кыргыз качкындарга башпаанек берип, колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирген.
Бул сапар учурунда чоң атам мейманканада токтогон, ал жерде ошол күндөрү Түркиянын президенти генерал Кенан Эврен да болгон.
Алардын жолугушуусу учурунда Кенан Эврен күтүүсүздөн: “Ажы, сен түркчөнү жакшы билесиң. Эмне үчүн Түркияга көчүп келбейсиңер?” – деп сураган.
Чоң атам Аднан Мендерес премьер-министр болуп турганда памирлик кыргыздарды кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылганын айтат. Ошондо ал Эрзурумдан келген депутат менен жолугушуп, тиешелүү өтүнүч даярдаган. Аднан Мендерес бул демилгени колдоого даяр болгон, бирок аскердик төңкөрүш бул пландарды жокко чыгарган. Анын урматына чоң атам кийин небересин Аднан деп атаган. Ошол небере менмин.
Кенан Эврен буларды уккандан кийин: “Эгер Түркияга келем десеңер, мен ушул азыр макулдук берүүгө даярмын”, – деп айткан.
Ал турмак мындан кийин да чоң атам чечимди дароо кабыл алууга шашылбаган. Ал элдин пикирин угуу үчүн аксакалдардын бирин Гилгиттеги кыргыздардын лагерине жиберген.
Жооп мындай болгон: “Аляскада балким, биз бай жашайттырбыз, бирок түрк өзгөчөлүгүбүздү, кыргыз тилин, маданиятын жана динин жоготуп коюшубуз мүмкүн. Акырындык менен урпактарыбыз башка элдин арасына толугу менен сиңип кетишет. Түркияга кеткенибиз жакшы. А эгер сен башка жолду туура деп эсептесең, биз сенин чечимиңе ишенебиз”.
Мына ошондо гана Түркияга көчүү боюнча акыркы чечим кабыл алынган.
Көп өтпөй Түркиянын Пакистандагы элчиси Жавит Таракчы чоң атама келип, Түркия бир гана кыргыздарды эмес, ажы Рахманкул хандын өтүнүчү менен өзбек, казак, түрмөн жана уйгур улутунун өкүлдөрүн да кабыл алууга даяр экенин билдирген. Алардын баары жер которуучулардын тизмесине киргизилген экен, а түрк элчилигинин кызматкерлери бир нече күндүн ичинде зарыл документтердин баарын даярдашкан.
Кенан Эврен даярдык аяктагандан кийин Түркия парламентине билдирген, ал эми америкалык тарапка памирлик кыргыздар Аляскага көчпөй, Түркияны тандап алганы тууралуу маалымат берилген.
Америкалыктар сый-урмат менен жооп беришкен: «Биз силер үчүн Аляскага билеттерди даярдап койгонбуз. Бирок силер Түркияга кетүүнү чечсеңер, бул билеттер биздин белегибиз болсун – силерди учак менен Түркияга жеткиребиз».
Ошондой болду.
Биз Түркияга абдан күчтүү сезимдер менен келдик. Адана аэропортунда провинциянын губернатору тосуп алды. Аданада бир түн өткөндөн кийин бизди Ванга жөнөтүштү. Ванда бардык көчмөндөр үчүн үй-жайлар даяр боло элек болгондуктан, айрым үй-бүлөлөр убактылуу Малатьяга жайгаштырылды.
Жалпысынан Түркияга 725 памирлик кыргыз келген. Бүгүнкү күндө биздин жамаат 4300дөн ашуун үй-бүлөнү түзөт.
Мен мунун баары ажы Рахманкул хандын акылмандыгы, өжөрдүгү жана алдын ала көрө билгендигинин аркасында болгонун дайыма айтып келем. Бул окуяларды жакшы эстейм, анткени чоң атамдын жанында болгом жана бир аз түрк тилин билгендиктен, жолугушууларда жана сүйлөшүүлөрдө аны көп коштоп жүргөм.
Башка түрк элдери да жаңы үй табышты: өзбектер Хатайга, түркмөндөр Токатга, казактар Кайсериге, ал эми памирлик кыргыздар Ван провинциясына жайгаштырылды. Дал ошол жерден биздин элдин тарыхында жаңы барак ачылды.
– Аднан мырза, чынчыл маегиңиз жана бөлүшкөн эскерүүлөрүңүз үчүн рахмат. Бул памирлик кыргыздардын тарыхы үчүн баа жеткис күбөлүк.
– Мен да рахмат айтам, Ассоль, салымыңыз жана чоң эмгегиңиз үчүн. Элибиздин тарыхы угулуп, сакталып, кийинки муундарга жеткирилиши абдан маанилүү.
