Никита Высоцкий: Бизге Кыргызстанда орус кинолорун таанып, кызыгып көрүшкөнү маанилүү
Россиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында, Бишкектеги Орус киносунун фестивалында Владимир Богомоловдун “Чындыктын маалы” культтук романынын жаңы экрандаштырылган “Август” тасмасы (экинчи аталышы – “44-жылдын августунда”) көрсөтүлдү.
Тасманын режиссёру Никита Высоцкий интервьюсунда өзүнүн тасмасы тууралуу, мурунку экрандаштырууларга болгон мамилесин, фестивалга катышуунун маанисни жана эмне үчүн чындыкты издөө темасы бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу экенин айтып берди.
– Никита Владимирович, тасмаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Бул Владимир Богомоловдун белгилүү романынын биринчи жолу экрандаштырылуусу эмес. Аны культтук деп аташат. 2001-жылы чыккан экрандаштыруу абдан таанымал, кийинчерээк "Неман операциясы"аттуу мини-сериалы чыккан. Советтер Союзу учурунда да тасма тартууга аракет кылышкан, бирок, тилекке каршы, ал версиядан эч нерсе калган жок, автордун суранычы менен жок кылынган.
Биздин картина жаңы, заманбап. Учурда ал Россиянын кинотеатрларында дагы деле көрсөтүлүп жатат жана ийгиликтүү болууда. Баарынан мурда бул адамдар жана адамдын дайыма чындыкка умтулуусу жөнүндөгү тасма. Мен аны мифологиялык окуя катары карайм: үч адам чындыкты издейт дагы, анан аны тапкандан кийин жеңилбес гана эмес, чындыктын маңызын билген адам катары өлбөс да болуп калышат.
Бүгүнкү күндө тема абдан актуалдуу, анткени айланабызда калп менен туура эмес түшүнүктөр абдан көп. Биз "чындыкка жамынган жалган" ар бир бурчтан кыйкырып турган заманда жашап жатабыз. Бирок чындыкты табуу маанилүү. Мен үчүн бул мезгилдердин – өткөн менен бүгүнкү күндүн байланышы тууралуу окуя. Ооба, аскердик картина, бирок азыркы көрүүчүгө арналган.
Мен үчүн бул убакыттардын байланышы жөнүндөгү окуя – өткөн чак жана бүгүнкү күн жөнүндө. Ооба, бул аскердик сүрөт, бирок ал азыркы көрүүчүгө багытталган.
Жанрдык, көрүүчүлөргө арналган тасма ошол эле учурда терең жана олуттуу. Согуш биздин – башынан өткөргөндөрдүн да, кийин төрөлгөндөрдүн да - эсибизде жашайт. Генетикалык эс тутумдун бардыгына ишенем. Ошондуктан бул тасма согуш жана бүгүнкү биз, биринчи кезекте - адамдар жөнүндө.
– Эмне үчүн бул тасмаңыз Орус кинофестивалына катышып жатат жана бул катышуу сиз үчүн эмнени билдирет?
– Фестиваль биздин тасмабыз менен ачылганы чоң сыймык. "Август" кыргызстандыктарга да тартууланганына кубанычтабыз. Россия киносу эмне менен жашап жатканын билишип, кызыгуулары жаралганы бизге маанилүү. Ал эми эмнеге биздин тасманы тандап алышканы уюштуруучуларга берилчү суроо, а биз чакырууну ыраазычылык жана жоопкерчилик менен кабыл алдык.
– Кыргыз киносу жөнүндө эмне айта аласыз?
– Совет доорунда ал чоң кинематографиянын маанилүү бөлүгү болгон. А азыркы кыргыз киносу жөнүндө тилекке каршы, аз билебиз. Сиздер да биздин кинолорду көп биле бербесеңиздер керек. Убакыттын өтүшү менен бул өзгөрөт деп ишенем. Ушундай фестивалдар жоголгон байланыштарды жана өз ара таанышууну калыбына келтирүүгө жардам берет.
– Кыргызстанга биринчи жолу келишиңизби?
– Буга чейин да болгом, бирок бул жолкусунда биринчи жолу келгендей эле сезип жатам. Анткени, абдан көп убакыт мурда келген элем. Шаар кыдырууга убактыбыз болор деп турам.
– Сиз буга чейин бир нече жолу экрандаштырылган чыгарманы кайрадан экрандаштыруудан корккон жоксузбу?
– Корко турган болсоң, ага киришпеген жакшы. Бул материалга бизге кызыктуу болуп жана мезгилдин темасына айлангандыктан кайрылдык. Албетте, мурда-кийинкилерди салыштыруу болорун билгем. Бирок "Анна Каренина" же "Мастер жана Маргарита" сыяктуу кайра-кайра экрандаштырууга ылайык романдар бар. Мында атаандаштык жок.
Ар бир жаңы версия – бул башкача көз караш, башкача кабыл алуу. Мисалы, "Мастер жана Маргаританын" акыркы экрандаштырууларын көрдүм. Анысы мага жаккан жок, ага карабай көрдүм, салыштырайын деп эмес, сүйүктүү романды кайрадан түшүнүүгө аракеттенгеним үчүн. Бул жерде да ошондой. Кээ бирлер бул ремейк деп жатышат, бирок бул ремейк эмес, жаңы интерпретация.
– Терс сын-пикирлерден чочулабайсызбы?
– Мен тасманын ээси эмесмин, а коюучу режиссёрмун. Албетте, тасма кызыгуу жаратып, жакшы эмоцияларды тартуулашын каалайбыз, бирок сындан качып болбойт. Бул кадыресе көрүнүш. Эң негизгиси – тасманы көрүү керек. Биз Кыргызстанда россиялык кино көрсөтүлүшүн каалайбыз.
– Режиссер катары айтсаңыз, сиз үчүн ийгилик эмнени билдирет?
– Ийгиликти формула менен өлчөөгө болбойт, аны сезиш керек. Залдан көрүүчүлөрдүн кебетеси бир топ олуттуу тартып, өзүнө жана жашоого болгон көз карашы өзгөрүп чыкканын көргөндө, жасаган иштериңдин баары куру бекер кетпегенин түшүнөсүң.
