Гүлсүн Бостонкулова: Кыргызстандагы ырчы, тамада, бийчи коштогон той Америкада да бар
“Кусалык”, “Тагдырга”, “Ыр кесе” жана башка элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырлардын автору, обончу Маматибраим Бостонкуловдун кызы, ырчы Гүлсүн Бостонкулова чыгармачылыктан алыстап кеткенине үч-төрт жылдай болду. Аны менен кабарлашканыбызда учурда Америкада иштеп жүргөнүн айтты. Ырчы ошондой эле кыргыз кызынын океандын ары жагындагы жашоосу жана кыял-максаттары тууралуу айтып берди.
– Атаңыз, белгилүү обончу, аткаруучу Маматибраим Бостонкуловдун арты кайырлуу болсун. Чыгармачылык жолго түшүүңүзгө атаңыздын таасири канчалык болгон?
- Кандай чөйрөдө өссөң таасири сөзсүз түрдө болот. Чыгармачылыкты тандап алышыма ошол чөйрөнүн өкүлүнүн кызы болгонум түздөн түз таасир берди деп ойлойм. Атам мага жол көрсөтпөсө, музыкага болгон кызыгуумду ойготпосо, кайдан. 5-6 жашымда атам аккордеон ойноп, мени ырдата берчү. Ал убакта менде ырчы болом деген ой жок, атамдын айтуусу менен гана ырдап койчумун. Качан гана ырдоого чындап кызыга баштаганымда, атам кайра чыгармачылыкка аралашуума каршы чыккан. “Ырчылардын түйшүгү оор болот”, - деп андан калкалаганга, башка кесиптин нугуна салганга аракет кылды. Жыйынтыгында, эки жогорку билимдүү болдум, экөө тең музыкага тиешеси жок, башка тармак.
– Кайсы адистиктер боюнча окудуңуз?
– Биринчи Ош Технологиялык университетинен эколог адистигин алдым. Андан кийин Бишкектеги КР Президентине караштуу Мамллекеттик башкаруу академиясында окудум. Бирок эки кесибим менен тең иштебедим. Көңүлүң башка нерсени каалап турса, миң окуп кесипке ээ болгонуң менен, баары бир андан майнап чыкпайт окшойт. Дипломдорумду бекитип коюп, чыгармачылыкка жол тарттым.
– Биринчи жолу чоң сахнага чыккан күнүңүздү эстесеңиз?
– Атам Москвага иш сапары менен кеткенде, ага айтпай, Бек Борбиев “Жалал-Абад түндөрү” аттуу сынак өткөргөн эле, ошого барып катышып алдым. Ийгиликтүү болду, Гран-Прини жеңип, сыйлыкка автоунаа алдым. Бул мага чоң стимул болду. Ансайын чыгармачылыкка болгон кызыгуум күчөдү. Биринчи жолу чоң сахнага ошондо чыктым. Сахнанын башкача касиети бар, бир өзүнө тартып алса, андан бошонуу кыйын. Мен дагы сахнанын сыйкырына тартылдым. Бек байке менен иштештим. Бирок кийинчерээк турмуш-шартка байланыштуу чыгармачылыкты убактылуу токтотууга туура келди. Балдарымды чоңойтуп алгандан кийин кайра уланттым.
– Чыгармачылыкка аралашып кеткениңизге атаңыз нааразы болбодубу?
– Тескерисинче, өкүнүп калды. “Сени жайыңа эле койсом болмок экен, башка кесиптерге окутпастан, башынан эле музыка жаатында билим алууңа көмөктөшсөм болмок экен”, - деп айтып калчу.
– Кандай деп ойлойсуз, атаңыз айткандай, чыгармачылык түйшүктүү иш бекен?
- Атамдардын убагындагы чыгармачылык чөйрө тарткан кыйынчылык менен азыркы кыйынчылыкты салыштыруу болбойт. Азыр бизге бир топ жеңилдиктер пайда болду. Бирок анткен менен кайсы тармак, кайсы кесиптин болбосун өзүнө таандык түйшүгү да, кубанычы да болот эмеспи. Жеңил иш жок. Жашайм десең жашоонун дөңгөлөгүндө, тандап алган жолуңдун чынжырында айланууга туура келет. Ушунун өзү ырахат да. Түйшүктөн, кыйынчылыктан корксоң, жашаштын кереги эмне? Жандүйнөмдүн каалоосун орундатууга эрким жеткенине шүгүр кылам.
– Учурда Америкада экенсиз, качан мекенге кайтууну ойлонуштуруп жатасыз? Кыргызстанга келгенден кийин чыгармачылыкты улантасызбы?
– Бул жакта Кудайдын буйруганынча жүрөм. Азыр заман ар кандай болуп жатат, ошондуктан бир жыл же беш жыл жүрөм деп так айтуу мүмкүн эмес. Кыргызстанга аман-эсен барууну насип кылсын, баргандан кийин атамдын ырдалбай жаткан көп ырлары бар, ошолорду жаңыртып алып чыгам го.
– Башка өлкөгө көнүү оор болдубу?
– Америкага туугандарым менен чогуу келгем. Чикаго шаарына. Бирок ал жакта күн өтө суук болгондуктан, мага климаты туура келбей, Колифорния штатына – Лос-Анжелеске көчүп кеттим. Биринчи келгенде чынында, жападан жалгыз калдым. Ээн аралда калгандай сезимде болгом. Иш менен алаксыдым. Ошентип жүрүп акырындык менен көндүм. Бир жылдан бери трак айдайм. Трак айдаганда үйгө деле барбайсың, жашооң жолдо өтөт. Тил жагынан анчалык кыйынчылыкка учурабадым, анткени англис тили боюнча бир аз базам бар болчу, анын негизинде аракет кылып жатып, азыр кенен түшүнүп, сүйлөшүп калдым.
– Жаңы барганда жана азыр деле сизди өтө таң калтырган нерселер тууралуу айтып берсеңиз?
– Американын, биринчиден, албетте акчасы жакшы. Экинчиден, кооздугу, тазалыгы, менталитети, адамдардын бири бирине болгон мамилеси таң калтырат. Тааныбаган адамдар дагы бири бирине кичипейил, жылмайып мамиле жасашат. Анан дисциплинаны, эрежелерди катуу карманышат. Көчөгө таштанды ташташпайт. Албетте, бардык жердин өзүнүн артыкчылыгы да, кемчилиги да бар сыяктуу, адамдардын да жакшы, жаманы болот. Бирок жаман адамдардан Кудай сактасын.
– Сахнаны сагынасызбы? Же акча табуу башка орунга чыккан маалда башка сагынычтар экинчи планда калат бекен?
– Жаңы келгенде абдан сагынып жүрдүм. Аны менен кошо Кыргызстанга, өз эли-жериңе, ата-энеңе, бир туугандарыңа, балдарыңа болгон кусалык кыйнайт. Бул жактагы ар бир кыргыз убактылуу иштеп, акча таап, бутуна туруп, мекенине кайтуу үчүн жүрүшөт. Баарынын ой-максаты Кыргыстанга барып, бала-чакасы менен чогуу жакшы жашоодо жашоо. Алардын ар биринин тилеги аткарылып, мекенибиз менен аман-эсен көрүшүүнү Жараткан насип кылсын.
– Мисалы, Россияда иштеген кыргыздар Кыргызстандагыдай эле той өткөрүшүп, ырчыларды чакырып турушат эмеспи. А Америкадагы кыргыздар арасында кандай?
- Бул жакта деле ошол. Лос-Анжелесте кыргыздар аз, ошондуктар тойлор да дээрлик болбойт. А Чикагодо жүргөнүмдө биринчи жолу Филадельфияга тойго баргам. Андан кийин да көп тойлорго катыштым. Филадельфия, Нью-Йоркто жашаган кыргыздар көп той беришет. Анда баары Кыргызстандагыдай: тамак-ашынан баштап, салт, жар-жар айтуу, тамада, бийчилерге чейин. Мисалы, Бишкекте кандай той болсо, ал жакта да так ошондой. Ырчыларды чакырышат. Барып ырдап, өзүмдү мекенимде жүргөндөй сезип, абдан эс алып, эли-жериме болгон сагынычым таркап кайтчумун.
– Атаңыз обончу жана аткаруучу болчу. Сиз дагы обон жаратууга аракеттенип көргөнсүзбү?
– Бир-эки ыр жаратып көрдүм, бирок эмнегедир окшошподу. Атамдын бул таланты мага өтпөгөн окшойт. Атамдын ырдалбай калган ырларына экинчи өмүр берүүнү гана максат кылып калдым. Азырынча чыгармачылыгым убактылуу токтоп турат. Себеби Америкада эки ишти бир алып кетүү кыйыныраак. Иштеш керек, аз иштешсең аз, көп иштесең көп табасың дегендей. Бардык эле жерде ушундай болсо керек. Көп-көп иштеп, эртерээк бутума туруп, мекениме кетсем деген башкы тилегим бар. Чыгармачылыкты Кудай буйруса, Кыргызстанга барганда улантам. Өткөн жылы Нью-Йоркко барып клип тартып келдим, дагы да клип тарта турган ойлорум бар эле, бирок убакыт тар. Азыр убактымдын дээрлик баарын жумушка коротом. Тракты 11 саат айдайм, кайра 11 саат эс алам.
– 11 саат тындай автоунаа башкаруу чаалыктырып, уйкуну да келтирсе керек. Андай учурда эмне кыласыз?
– Ооба, жолдо аябай уйкуга тартат. Музыка угам же телефондон сүйлөшөм, ага да болбой баратса караоке коюп алып, кыйкырып ырдайм. Ошондо уйку качат. Узун жолдо мен көбүнчө Кудай менен сүйлөшөм. Ага кыялдарымды, максаттарымды айтам, балдарыма, жакындарыма амандык, бакыт, өмүр сурайм.
– Балдарыңызды жалгыз бой чоңойтконуңузду билебиз. Үч баланы жалгыз эрезеге жеткирүү, билим берүү, былтыр кызыңызга батир белек кылдыңыз, мунун баарын аялзатынын эрдиги катары гана кароо керек го дейм.
– Эки кыз, бир уулум бар. А азыр Кудайга шүгүр, дагы байыдым – алты баланын энесине айландым. Кызымды турмушка берип, үй-бүлөбүзгө уул катары күйөө балам кошулду. Эки неберелүү болдум: кыз анан уул. Мен мындай айтат элем: биз, аялдардын жашоодон тапкан эң чоң утушубуз – бул балдарыбыз. Бүгүн аларга үмүтүбүздү арнасак, эртең үзүрүн көрөбүз. Бардык нерсенин башталышы эмес, аягы жакшы болгону маанилүү. Себеби, балдардын кичине кезиндеги көргөн кыйынчылыгыбыз, алар чоңойуп, турмуштан өз ордун тапкандан кийин тартуулаган кубанычынын алдында түккө арзыбай калат.
