Айболот Айдосов: Тяньцзиндеги ШКУ көп уюлдуулук трендин бекемдеди
31-августта Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Ага мүчө мамлекеттердин лидерлери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Форумдун мааниси, анын символизми жана Кыргызстандын Кытай менен кызматташуу перспективалары тууралуу кытай таануучу, саясат таануучу Айболот Айдосов айтып берди.
– Тяньцзиндеги ШКУнун саммитин кандай баалайсыз?
– Бул абдан символикалуу иш-чара. Кытайдын жетекчилиги астында Кытайда өткөн ШКУнун саммити АКШ жана Батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылган дүйнөлүк саясаттын бүтүндөй бир этабын жыйынтыктайт. Бүгүн биз жаңы доордун – көп уюлдуулуктун доорунун башталышын көрүп жатабыз. Азия өлкөлөрү глобалдык аренага чыгуудан коркпой калышты, алар өздөрүн курулуп жаткан дүйнөнүн жаңы лидерлери катары ачык жарыялашууда.
– Эмне үчүн саммитти өткөрүүгө Тяньцзин тандалды?
– Бул кокустук эмес. Тяньцзин – Түндүк Кытайдын негизги порту, Пекиндин деңиз дарбазасы жана эң ири транспорттук-логистикалык хаб. Ал аркылуу «Бир алкак, бир жол» демилгесинин негизги коридорлору өтөт. Ошентип, Кытай аймактын келечеги байланышта, транспорттук каттамдарда, биргелешкен өнүгүүдө экенин көрсөттү.
– ШКУнун Тяньцзин декларациясында бир тараптуу санкциялар катуу сынга алынды. Сиз муну кандай баалайсыз?
– Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. ШКУга мүчө мамлекеттер кысым көрсөтүү жана мажбурлоо саясатына каршы чыгышты. Уюм АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларын айыптап, Палестина маселесин адилеттүү чечүүнүн зарылдыгын баса белгиледи. Жалпысынан декларацияда дүйнө бир державанын диктатында эмес, теңдик жана өз ара сыйлашуунун негизинде курулушу керек деп айтылат.
– Кыргызстан үчүн бул саммитке катышуу эмнени билдирет?
– Биздин президент бул аянтчаны аймакта тынчтык жана туруктуулук орногонун көрсөтүү үчүн колдонду. Өз сөзүндө Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүгө жетишкенин белгиледи. Бул инвесторлорго маанилүү сигнал болду: аймак коопсуз, узак мөөнөттүү долбоорлорго акча салууга болот.
– Негизги долбоорлордун бири – Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Ал канчалык маанилүү?
– Кыргызстан үчүн бул стратегиялык долбоор. Курула элек жолдун өзү эле инвесторлордун кызыгуусун жаратууда. Жалал-Абад жана Нарын облустарында турак жайлардын баасы өсүүдө, ал жакка ишкерлер келип жатышат. Жол ишке киргенде Кыргызстан Кытай, Европа жана Азия базарларына жеткиликтүү болот, бул экономикага күчтүү түрткү берет. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, башка өнөктөштөр менен болгон мамилебизде тең салмактуулукту сакташыбыз маанилүү.
– Кытай өзүнүн "жумшак күчүн" активдүү колдонууда. Бул Кыргызстанга канчалык таасир этет?
– Бул дүйнөлүк нормалдуу практика. Түркия сериалдары аркылуу ашканасын, Корея маданияты менен киносун жайылтууда. Кытай дагы ресторандар, кино, билим берүү аркылуу маданий таасирин өнүктүрүүдө. Бирок бул биздин иденттүүлүгүбүзгө коркунуч келтирбейт. Биз кыргызстандык бойдон калабыз, ал эми мындай байланыштар бири-бирибизди жакшыраак таанып билүүгө жардам берет.
– Кытайда билим алуу кыргыздар арасында канчалык деңгээлде суроо-талапка ээ?
– Жыл сайын студенттердин саны өсүүдө. Кытай билим берүүгө чоң инвестиция салып, анын университеттери дүйнөлүк рейтингдерге кирет. Биздин балдар ал жакка барып, билим жана тажрыйба алышат. Ооба, ал жакта иштеп калгандар да аз эмес, бирок көпчүлүгү кайтып келип, алган билимин Кыргызстанда колдонушат. Бул, менимче, эки өлкөнүн кызматташтыгын гана бекемдейт.
