Нинель Кадырова: Айрым дарыгерлер бейтапты акча булагы катары көрүшөт, ушул нерсени оңдоо керек
20 апрель

Нинель Кадырова: Айрым дарыгерлер бейтапты акча булагы катары көрүшөт, ушул нерсени оңдоо керек

Караван-Инфо медиктер менен бейтаптардын мамилеси, медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугу жана сапаты тууралуу ДСУ консультанты, саламаттыкты сактоо системасынын саясаты боюнча эксперт Нинель Кадырова менен маектешти.

– Саламаттыкты сактоо секторунда көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмү көбөйүп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 6%га өскөнүнө карабастан, жалпысынан ИДПнын түзүмүндө саламаттыкты сактоо секторундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү кыскарууда. Бирок амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 9,8%га, фармацевтикалык продукциянын баасы 11,5%га өстү. Ошол эле учурда, мисалы, дары-дармектерге кеткен чыгымдар 2021-жылы республика боюнча үй чарбаларынын орточо чыгымдарынын 70%дан ашыгын түзгөнүн, ал эми Чүй облусунда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар республика боюнча орточо көрсөткүчтөн 2 эсе жогору болгондо, дары-дармектерге кеткен чыгымдар 74%ды түзгөнүн унутпашыбыз керек.

Бейтап медицина, айрыкча медицинанын жеке тармагы эмне сунуштап жатканын түшүнбөйт. Бейтаптар же алардын туугандары дарылар жазылган тизме менен дарыканаларга барса, дарыкананын кызматкерлери ошол узун тизмедеги дарыларды издешет, а эгерде ал жок болсо, бейтаптар аны ошол эле топтогу бир топ арзан дарылар менен алмаштырууга болоорун билишпей турганын көрүп жүрөм.

Саламаттыкты сактоодогу жеке тармак калктын суроо-талабына активдүү реакция кылууда – жаңы борборлор ачылып, филиалдар тармагы кеңейүүдө, бул жеке лаборатория жана диагностикалык борборлор жаатында айрыкча байкалат. Бирок сунушталган тейлөөлөргө болгон баа 30 пайызга чейин жетет, ал турмак андан да кымбат, биз ультратолкундуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн 4 медициналык борборду гана карап көрүп, ошол борборлордогу топ-20 изилдөөлөргө болгон бааны анализдедик.

Жеке борборлор бир убакта бир нече тейлөөлөрдөн өтүүчү бейтаптарды тартууга аракеттенишет, ал үчүн калктын айрым топторуна бааны ылдыйлатышат же бир жолку акцияларды өткөрүшөт.

– Бейтаптар саламаттыкты сактоо тармагынан кандай сапаттагы тейлөөлөрдү күтүшөт?

– Бейтапка медициналык жардамдын сапатын ошол турушунда баалоо кыйын, бирок ал дайыма тейлөөнүн сапатын, башкача айтканда, канчалык аны менен сылык мамиледе болушту, канчалык деңгээлде медициналык жардамды тез алды, кезекте турган жокпу, анан да кандай шартта тейлөө көрсөтүлдү: тазабы, ыңгайлуубу, врач бейтаптын суранычына канчалык сылык жана ынтаа коюу менен карады, ага жетиштүү көңүл бурдубу – баалай алат. Бейтап врачка бараарда күткөн нерсеси жыйынтыгында канчалык акталды, бул дагы маанилүү фактор. Бейтап үчүн сапаттын негизги элементтери ушулар.

– Бейтап үчүн сапат деген ден соолугунун жакшырышына байланышуу болушу керек эле го?

– Биз медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугу тууралуу айтып жатабыз, башкача айтканда, дарылоонун натыйжалары, ал бейтаптарга бир катар көрсөткүчтөрдөн улам маалым болот: операциядан кийинки оорулар, негизги оорулардын өрчүшү же басаңдашы, дары-дармектердин туура тандалышы. Албетте, дагы көп нерсе бейтаптын дары-дармектерди кабыл алуу жана тамактануу режимин канчалык туура кармады, физикалык жүктү көзөмөлдөй алдыбы ж.б.  – ушундан көз каранды болот.

Эл аралык практикада «сапат» – бул баарынан биринчи бейтаптын канааттануусу, аны менен катар анын сунушталган тейлөөлөргө карата күтүүсү менен реалдуулук дал келиши зарыл. Бирок дагы бир жолу кайталайм, бейтап биринчи кезекте кандай тосуп алышты, канчалык тез тейлешти, ал тейлөөдөн кандай жыйынтык алганына жараша түзүлгөн шартты баалайт. Жыйынтык анчалык болбогон учурда дагы бейтапка бул интерпретация кандай формада өткөрүлгөнү абдан маанилүү.

А эгер дарылоо-профилактикалык же диагностикалык мекеме бейтаптарын жоготууну каалабаса жана андан ары дагы ошол борбордо дарыланууну улантсын дешсе, анда врач менен бейтаптын ортосунда кандай коммуникация бардыгы маанилүү, врач жөн гана дары-дармек жазып берип койбостон, бейтап менен сөзсүз түрдө сүйлөшүүсү керек (медициналык жардамга кайрылган адамда адатка айлангандай өтө көп даттануулары жана өнөкөт оорулары бар болот): эмнеге макул, эмнеге каршы, ал таза абада сейилдөөнү каалайбы же кошумча массаж алгысы, физиотерапиядан өткүсү келеби, а эгер бул мүмкүн болбосо, анда анын адаттарын кантип коррекциялаш керек. Иш жүзүндө бул жерде психотерапиянын элементтери пайда болот. Заманбап врач азыраак психолог да болушу керек.

Бейтаптар көбүнчө тез кыжырданган абалда, психологиялык жактан туруксуз болушу мүмкүн, ошондуктан медициналык персонал үчүн личносттор аралык баарлашуу жана бейтаптар менен психологиялык жактан иштөө боюнча атайын тренингдерди өткөрүп туруу зарыл. Бейтапка көп учурда орой мамиле жасап, «Эмне келдиң? Мен чай ичип жатканымда тоскоол болбо!» деген сыяктуу суроолор менен тосуп алган советтик медицина баарыбыздын эле эсибизде болсо керек.

Азыр Россияда саламаттыкты сактоо жаатынын бардык кызматкерлерин сылык жана кичипейил болууга милдеттендирген буйрук да чыкты. Медициналык жардам сурап кайрылган адамдар буга таң калып: «О, керемет! Медиктерибизге эмне болду! Ресепшнде жолборос менен жырткычтардын бири да калбаптыр го!» деп жиберчүдөй эле болду. Медиктер чындыгында болушунча мээримдүү болууга аракеттенип, бейтаптын жакшы болуп кетиши үчүн анын айланасындагы климатты жакшыртууга болгон жоопкерчилигин да көбүрөөк сезип калышты.  Эгерде башта мындай картинаны жеке борборлордон гана көрсөк, азыр аны мамлекеттик медициналык түзүмдөрдөн да жолуктуруп калдык. Баса, ошондой эле буйрук билим берүү жаатына да чыкты.

– Гиппократка берилген ант азыр иштебей калганбы?

– Кээ бир врачтар аны унутуп, бейтаптарды акча булагы катары гана карап калганы жашыруун эмес, ушул нерсени түздөшүбүз керек.

– А сиз тейлөөлөрдүн баасындагы мындай чоң айырманы кантип түшүндүрө аласыз?

– Жеке тармакта негизинен өздүк нарк бардык кошумча чыгымдарды камтыйт, мисалы, жарнама, киреше нормасы ж.б. Ошондуктан акыркы баа көбүнчө жеке клиникалардын ээлеринин «аппетининен» көз каранды. Ушунун өзү рынок эмеспи.

Ошол эле учурда дагы бир факторду эске алууга тийишпиз – ал тейлөө үчүн акы төлөөгө даяр болгондук. Тейлөөнүн баасы бейтаптардын негизги массасы үчүн кыйналбай төлөй ала турган суммада болушу зарыл. Башкача айтканда, медициналык кызматтардын сатуучулары сөзсүз эле акчанын артынан кубалап алышы керек эмес, салынган каражат жүгүртүүнүн эсебинен акталат. Мында тейлөөлөрдүн наркын ылдыйлатуу боюнча акциялар зарыл, алар бейтаптарды тартат, аларга ошол мекеме тууралуу жакшы ойлорду калтырат. Ошентип, бейтап тейлөө сапаты жана баасы өзүнө жаккан жерге сөзсүз кайтып барат.