Нурзат Байзакова, Гүлзат Байзакованын сиңдиси: “Гүлзат эжемди туурап жүрүп ырчы болдум”
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, төрт тарабы төп келишкен таланттуу ырчы айым Гүлзат Байзакованын уялашы Нурзат Байзакова бүгүн редакциябыздын коногу болду. Бирге өсүп, бир нанды бөлө жеген бир боорлордун кызыктуу күндөрүн окурмандарыбыз менен бөлүшөлү дедик. Кеп башынан болсун.
– Нурзат айым, саламатсызбы? Биз сүйгөн Гүлзат Байзакова эжекебиздин уялашы болот экенсиз. Негизи эле канча бир туугансыздар?
– Биз Тоң районуна караштуу Көл-Төр деген айылда төрөлүп-өскөнбүз. Атам Асангожо Байзаков, бала кезинде энелерибиз Дапы деп эркелетип жүрүп ошо менен кийин документин да Дапы деп котортуп алган. Апам Айымбүбү экөө баш кошуп, ортодон он балага татыктуу тарбия берип өстүрүштү. Өздөрү өмүр бою колхоздо чабан болуп эмгектенишкен. Ошол он бир туугандын Гүлзат эжем - төртүнчүсү, мен – алтынчысымын.
– Өнөр тукум кууйт деп коюшат эмеспи. Эжеңиз кимди тартып таланттуу болду?
– Апамды район эли бүт тааныйт эле. Анткени балдарды эмдеп-домдоп, жүрөгүн көтөрүп, киренелеп элдик ыкма менен балдарга көп жардамын тийгизди. Ошол себептенби, өз аты унутулуп «Умай эне» атка конгон. Кыздарына мыкты тарбия берген, балдарына мээримдүү кеменгер жан эле. Жакшы ырдачу. Балдарын төрөп-өстүрүп, колхоздун да малдарын багып, андан сырткары ар кандай кароо-сынактарга катышып турчу экен. Апам сахнага ырдаганы чыкканда көшөгө артында балдарын карап турганын айтып калышчу. Ырчылык өнөр балдарына апамдан калган десем болот. Азыр апамдын иштермандыгын, тазалыгын, боорукерлигин, күжүрмөн түйшүгүн, баарын Гүлзат эжемден көрөм. Эжем деле жаны тынбайт. Учурда Гүлзат эжем Америкада жүрөт.
– Балалыгыңыздар кандай өттү?
– Илгери бир тууганынын баласын багып алуу өөн деле көрүнүш эмес эле. Мени атамдын эжеси багып алыптыр. Көл өрөөнүнө атагы чыккан акушер, көп баланын киндик энеси Жумакан Көчөрбаеванын тарбиясын алып, кийин 7-класста окуп жүргөн кезимде ата-энемдикине келдим. Менден улуу эжелерим турмуш жолун табышыптыр. Атам-апамдар, менден кийинки сиңди-инилерим болуп ал жылы да жайлоого чыкканбыз. Ошол күнү күндөгүдөн башкача ойгондук. “Борбордон Гүлзат эжеңер келатат” деп үйдү таптаза жыйнатып, тамактын эң даамдуусун жасатып баарыбыз күтүп жатабыз. Сиңдилерим «Гүлзат эжем келсе өлтүрөт...» деп күйпөлөктөп жүрүшөт. Гүлзат эжем аябай каардуу турбайбы деп мен деле коркуп алгам. Ошентип ал күнү эжем келди. Өзү студент болсо да кошумча иштеп, биринчи айлыгына кесме кескич алып келген экен. Мени көрүп: «Нүкү, сен бизден алыс өсүп калбадыңбы. Сен биздин бир боорубуз болосуң. Менин бир тууганымсың, сиңдим менин...» деп бооруна кысып көзүнө жаш алып, жакшы сөздөрүн айтып эзиле эркелеткени эсимде. Эжемди ошондо биринчи жолу көргөм. Бир туугандар алыс өссө да боорлору бир болот экен. Ошол күндөн тартып эжеме жакын болдум. Сырдашам, кандай маселе болбосун бүгүнкү күнгө чейин кеңешем.
– Мектепте кандай окуган?
– Мектепти үлгү болуп бүттү. Ал кезде союз учуру, тартип, тазалык абдан жакшы каралган заман эле. Мен барганда мектепти бүтүп кеткен эле, бирок ошондо деле линейкаларда эжем макталып, ысымы мисал катары айтылып турчу. Ал кезде мектептин алдыңкы, таланттуу окуучусу деп сыймыктансам, бүгүнкү күнү кыргыз элинин өнөр баккан таланттуу айымы менин эжем деп сыймыктанам.
– Эжени көрүп сиңди өсөт деп коёт эмеспи. Сиз эжеңиздей боло алдыңызбы?
– Мен да Гүлзат эжемдей болом деп шаарга келип Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып окуп калдым. Эжемди карап баскан-турганын туурай берер элем. Бир күнү: «Нурзат, чыгармачыл кесиптешибиздин апасы кайтыш болгон. Куран окутканы бара жатабыз. Сен да ырдайм деп атасың, барып өнөр адамдары менен бирге отуруп аралашып көрүп кел»,- деп калды. Ошентип даярданып эшикке чыгарда «быр-р» деп бир нерсени себинип кетти. Буркурап сонун жыттанып эле калды. Артынан чыгып баратып нары жакта турган немени мен да алып мойнума сепсем көбүрүп-жабырып, аппак болуп эле жатып калдым. Моюнумдагы көбүктү тазалап алып шашып калдым. Эжем машинада пипилдетип шаштырып жатат. Чуркап барып машинасына отурсам «сасып эмнени себинип чыктың?» деди. Айтсам каткырып күлүп, “ал деген жездеңдин сакал алганда колдонгон буюму. Сасыбай кал!” деп калтырып кетти. Эжемди туурайм деп барбай калгам. Көрсө, атырын себинип сумкасына салып алыптыр. Азыр эстеп боорубуз эзиле күлөбүз. Негизи эжемдей болом деп аракет кылып чоңойдум. Ырдап жүрөм, эжемдин кеңеши менен үкү жасап, кол өнөрчүлүк менен алек болуп келем.
– Гүлзат Байзакованы сахнадан эле көрөбүз, үйдө кандай?
– Он бир туугандын он башка мүнөзү болот го. Биздин үйдүн алтыны Гүлзат эжем. Баарыбызга күйөт, баарына чуркайт, баарына жардам бергенге шашат. Өзгөчө иштерман, боорукер. Анан дайыма жүргөн жеринде күлкү, орустар айтмакчы «приключение» менен жүрөт. Мен да эжеме окшошмун. Өзгөчө жаңы шаарга келген жаштык кезим күлкү менен өттү. Ырчылык өнөргө чейин кошумча жумуштарда иштеп көрдүм. Ак эмгегибиз, адал иш менен жашоо ата-энебизден калган тарбия. Буга чейин больницада да иштеп калган элем. Бир күнү эжемдикине барып жакшынакай эле жуунуп-таранып, күндөгүдөй эле жумушка кеткем. Ишке барсам чачым топ-топ болуп түшө баштады. Дароо эле эжеме чалып абалымды айтсам, «иий, сен ооруканада иштеп жүрүп жугуштуу жаман оору жугузуп алгансың го. Чач жаман илдетке кабылганда түшчү эле...» деп баарыбыз чочуладык. Рак ооруда чач түшөрүн билебиз го. Аябай капа болуп, анализдерди тапшырганча шаштык. Эжем андан сарсанаа. Мен болсо бардык текшерүүдөн, анализдерден өтө баштадым. Андай учурда дароо кесел болуп өзүңдү жаман сезе баштайт экенсиң. Өзүмдү аңдып эле, кайсы жеримден кетип жатат деп айтор бушайманмын. Жыйынтыгында баары жакшы чыкты. Ошентип ооруканадан чыгып эжемдикине бардым. Жуунуучу бөлмөсүнө кирип эстеп кеттим. “Эже, бул эмне эле?” деп баягы мен чачымды жууган бөтөлкөнү көрсөтсөм, “ал бут, колдогу түктөрдү жууп түшүрчү каражат” деди. Мен аны бальзам экен деп чачымды чайкап кеткенимди айтсам эжем боору эзилгенче күлдү. Баарыбыз каткырып эле жатып калдык. Мен болсо болгон анализдерди тапшырып жүрөм...
– Гүлзат Байзакова учурда үй-бүлөлүк чыгармачылык менен алектенип калганын көрүп калабыз?..
– Жездем да эжемден кем калбаган талантуу инсан. Ар дайым бири-бирин колдоп-коштоп келишет. Уул-кыздары да ата-эне жолун жолдошту. Үйүнө барып калсаң өзүнчө шаң. Бири комуз чертип, бири ырдап жаткан болот. Келини да таланттуу. Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө деп сыймыктануу менен айта алам. Жездем экөө уяны бирге түптөп, бирге ак өргө көтөрүштү. Ушуга байланышкан дале эжемдин кызыктуу окуясын айтып берейин. Жездем экөө Ак-Өргө тараптан жер алып үй сала баштаган кез. Жездем жокто курулушчулар «мык алып келип бериңиз» десе халатчан, үйдөгү тапичкечен машинасына отуруп курулуш дүкөнүн көздөй жөнөйт. Мыкка баратканын унутуп калып эле “Дасмия” тойкананын алдына барып токтойт да, “апей, бул жакта той жок турбайбы? Каякка бараттым эле?” деп ойлонуп халатчан мыкка баратканын эстейт. Эжем дайыма шаң менен жүрөт. Үй ишин да, элдин ишин да бүтүргөнчө шашат. Гүлзат эжем менен жүргөн адам тамаша-күлкүгө бай болот. Жаратканым ушундай эже бергенине ыраазымын.
