Шаинова Зарина: Чыгармачылык – бул баланы түшүнүү жана аны өнүктүрүү үчүн жакшы курал
15 февраль

Шаинова Зарина: Чыгармачылык – бул баланы түшүнүү жана аны өнүктүрүү үчүн жакшы курал

Арт-терапевт Зарина Шаинова искусство балдарга жана чоңдорго жандүйнөсүн ачууга жардам берет деп ишенет. Бала ишенип, жандүйнөсүн ачкан маалда ага көп нерсени үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

– Чындап айтканда, бир караганда арт-терапия таң калыштуу сүрөт катары сезилиши мүмкүн. Арт-терапия деген эмне? 

– Менин билишим боюнча арт-терапия 2018-жылы ачылган. Коомчулук буга бир топ ишенбөөчүлүк менен мамиле жасаган, бирок убакыт өтүшү менен адамдар сүрөт искусствосу абдан оң таасир берээрин, бул коммерция эместигин түшүнүп калышты. Балага анын сүрөтү аркылуу өзүн өнүктүрүүсүнө кантип жардам берүү керектигин түшүнсө болот. Мында бир нече түшүнүк аралашкан – психология, интуиция, билим жана окуучуга жол көрсөтүүчү болуу каалоосу.

– Эмне үчүн арт-терапия өзгөчө балдар үчүн пайдалуу?

– Балдардын баары өзгөчө, ар бир балага ачкыч керек, ар бири ар башкача көрөт. Мен бардык балдар менен иштейм, бала менен байланышуу мен үчүн абдан маанилүү. Бала ишениши керек, бала жандүйнөсүн ачканда ага көп нерсени үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

– Арт-терапияга кантип келип калдыңыз: кайсы бир жерден окудуңуз беле?

– Мен арт-терапияга бир жылдай мурун келгем, Заманбап психология жана коучинг институту, 4brain долбоору, Орус музейинин Социалдык-маданий коммуникациялар бөлүмү (арт-терапияга киришүү боюнча лекциялар) – бул менин ишмердүүлүгүмдүн башында жана ушул күнгө чейин изилдеген материалдар. Мен өзүм эч качан сүрөт тарткан эмесмин, кызыкпаганмын да, тоолорго чыга баштагандан кийин, негизинен, көп нерсеге башкача мамиле кыла баштадым. Биздин мээбиз ушунчалык күчтүү, акылдуу жана активдүүлүк үчүн абдан чоң потенциалга ээ, өзүбүз көбүнө жол бербей жашырып коебуз, баладагы, өзүбүздөгү жана жакындарыбыздагы потенциалдын ачылышына тоскоол болобуз.

Мен арт-терапияны окуй баштадым, ар кандай классикалык искусство – скрипка, фортепиано, опера – ар бир музыканын тазалыгы бар, классикалык сүрөттөрдө да ушундай. Көптөгөн адамдар арт-терапия жөнүндө бул жиптер, тегерекчелер же жөн эле кокустуктан тартылган сүрөт деген ойдо болушат, бирок такыр андай эмес. Алгач сиз бүгүнкү күндө бала же чоң адам кантип сүрөт тарта турганын, анын майда моторикасы канчалык деңгээлде өнүккөндүгүн түшүнүшүңүз керек. Арт-терапия, биринчиден, баланын майда моторикасын өнүктүрүүнү гана эмес, андан тышкары анын айланасында дагы башка нерселер бар деген түшүнүктү камтыйт. Терапиянын өзү көз карашыңызды кеңейтет, ал ошондой эле мандала элементтери менен нейрографиканы камтыйт, классикалык чиймелерден тышкары так чиймелерди карандаш, кистя жана лайнер менен тартууга болот. Балдарга дайыма карандаш менен баштоону кеңеш берем. Кичинекей бала колуна карандаш алганда,  анын майда моторикасы жакшы өнүгө элек болсо, карандашты катуу баспайт жана чийиндерди жетиштүү так тарта албайт, ушундай аныкталган техника бар. Психологияда бул бала али дүйнөнү биле электигин көрсөтүп турат. Майда тамгалар менен жазган же тарткан улуулар да бар, бул ошол адамдын кругозорунун тардыгын же күнүмдүк жашоосунда кандайдыр бир дискомфорт болуп жатканын билдирет. Арт-терапия жаш балага да, улууларга да өзүн ачуусуна жардам берет. 

– Сиздин методикаңыз кандай, кандай методикаларды колдоносуздар? 

– Биздин өлкөдө бул багыт, тилекке каршы, көбүнчө коммерциялык өңүттө өнүккөн. Көбү арт-терапия жана нейрографиканы угуп эле, бул кымбат, андан акча табууга болот деп чечишет дагы, даяр сүрөттөрдү берип же шаблон боюнча сүрөт тартууну үйрөтө башташат. Өзүмдүн методикам тууралуу айтсам, мен үчүн бала эмне жасап жатканын билиши, өзү каалаган түс менен фигураны тандашы маанилүү. Баланын ички дүйнөсүнүн өнүгүшүнө жардам берүү үчүн мен анын бүгүнкү күндөгү дүйнөсү кандай экенин түшүнүшүм керек. Арт-терапия дем алуу менен байланышкан, бул бардык нерседе чоң роль ойнойт. Бардык адамдарда кан тамырлардын тонусу болот, а биз туура дем алганда тонус басаңдайт, адам өзүнө келет.

Эгер баланын манжаларында, колунда  кандайдыр бир тырышуу болсо же тескерисинче колдору өтө алсыз болсо, анда дем алуу гимнастикасынан кийин манжаларын көзөмөлдөп калат, сүрөт тартып, дүйнөнү кандай көрүп жатканын көрсөтө баштайт. Менин милдетим так ушул арт-терапия аркылуу дүйнө мындан да жарык жана эркин экенин көрсөтүү. Арт-терапиянын психологияга келиши баланын потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана психокоррекция жасоо. Мисалы, түнт балдар бар, алар арт-терапияга келишсе, маанайлары ачылып, жашоого, окууга, китепке кызыга баштайт. Бала эмнени кааларын түшүнөт. Арт-терапиянын негизги максаты – баланы түшүнүү, ага толук кандуу ачылуусуна жана дүйнөнү түшүнүүсүнө жардам берүү, бала менен дүйнө бири бирине карай кадам ташташы керек. 

– Салттуу сүрөт тартуу атайын сүрөттөрдү чегинен чыгарбай кылдаттык менен боёдон башталат эмеспи. Арт-терапия көбүрөөк эркиндик береби? Дегеле боёчу китептер жөнүндө кандай ойлойсуз, алар баланын ой жүгүртүүсүн бир рамкага киргизеби?

– Боёочу китептер баланын колун туура көндүрүү жана сүрөт пайда болушу үчүн кайсы бир чектер бардыгын түшүндүрүү үчүн керек. Бул сөзсүз зарыл. Бирок чийинден сыртка чыкпай боёо анчалык маанилүү эмес, мында баланын кол булчуңдары иштеп, бала чийип гана койбой, аны туура жасоо керек экенин да билүүсү маанилүү. Боёочу китептер ишти толук жана кооз аткарууга машыктырат. 

– Балдардын эптемей сүрөттөрүнө ата-эне кандай реакция кылышы керек? 

– Жайбаракат гана. Бул эмне деп сурасаңыз, бала эмнени көрүп жатса, түшүндүрүп берет. Сөзсүз түрдө диалог болушу зарыл, ал эми реакция нормалдуу болгону туура. 

– Эмнеден баштоо жакшы – карандаш, фломастер, боёк?

– Жөнөкөй карандаштан баштоону сунуштайт элем, фломастер андагыдай аракетти талап кылбайт, ага жараша майда моторика азыраак өнүгөт, боёк деле ушул сыяктуу. Эгер бала карандаш менен сүрөт тартып баштаса жана ага басым жасай алса, анда ал кисть менен өтө оңой иштей алат.  

– Сүрөт тартуу боюнча нормативдер барбы? Бала канча жашынан тартып сүрөт тартууну билиши керек? 

– Мындай нормативдер жок. Нейрографикада, эгер психологиялык көз караштан алганда, бар. Бирок эгер сиз баланын психопортретин көргүңүз келсе, анда бар. Бул талаштуу суроо. Эмне норма болуп эсептелинет? Нормага ылайык келбеген балдар бар, бирок алардын социалдык өнүгүүсү абдан жакшы жана жашоодо ордун табышат. Ар бир баланын өзүнүн нормасы, өнүгүүсү, жеке темпи бар. Норма деген ийкемдүү түшүнүк, менде ар бир балага жеке мамиле калыптанган. 

Баары баланын кругозорунан көз каранды, эгерде бул күн, ал булуттардын үстүндө турат деп айтчу болсок, баланын элестетүүсү пайда болуп, аны тарта баштайт, эгерде бул тууралуу айтпасак элестетүүсү кечирээк пайда болот. Баланын кругозорун кеңейтүү жана аны менен сүйлөшүү маанилүү. Жөнөкөй монолог менен эмес же биздин убакта адатка айланып калгандай баланын колуна телефон берип, мультфильм коюп коюудан маселе чечилбейт. Абдан көп энелер иштешет, бирок бала менен сүйлөшүүгө, анын кругозорун кеңейтүүгө убакыт табуу керек, ошондо бала реалдуулукка бир топ жакын сүрөттөрдү тарта баштайт. 

– Балдарга чыгармачылыкка болгон сүйүүнү кантип сиңирсе болот? 

–Эгерде бала сүрөт тартканды билбесе, ага барак жана өзү каалаган карандашын берип, эмнени кааласа ошону тартуусуна мүмкүнчүлүк берип көрүңүз. Чыгармачылык баланы түшүнүүгө жана өнүктүрүүгө жакшы курал.