Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: Нарынга Токтогулдай он ГЭС курулса, ошол эле Кыргызстанды байытып коет
9 октябрь

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: Нарынга Токтогулдай он ГЭС курулса, ошол эле Кыргызстанды байытып коет

Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев менен инвестиция боюнча баарлаштык.

–  Нарынбек Молдобаевич, Кыргызстанга жетиштүү деңгээлде инвестиция тартылбай жатышынын себеби барбы?

– Инвестиция деген сөз биз жаңы эгемендикке ээ болгондон баштап эле келатат. Жалпы жонунан инвестиция деген бөлөк бирөө акчасы менен келип, Кыргызстанга завод, фабрика же башка өндүрүштөрдү куруп, мамлекет дагы ал дагы пайда көрүшү керек дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн келген бийликтин баары эле инвестиция тартабыз деп аракет кылып, бир топ убараланышты.  Акаевдин убагында колунда бар 5-6 бизнесменди Аскар Акаев кайда барса да ала барчу.  Аскар Салымбеков, мен, Осмонбек Артыкбаевге окшогон 5- 6 киши болчу. Биз самолёттун авиа керосинин төлөп берчүбүз. Ал кезде авиакеросин арзан болчу. Мен эле 4-5 мамлекетке бардым. Кайда барбайлы биз барган мамлекеттеги бизнесмендер менен жолугуп, сөзсүз бизнес-форум болчу. Акаев аларга “Кыргызстанга келгиле” деп кадимкидей кайрылчу. Бирок, мамлекетке пайдасы тийген инвестор келген жок.

– Эмне кылсак инвестиция тартуу жолго коюлат?

– Инвестиция тартыш үчүн алгач инвесторлорду коргогон мыйзам иштеп, аларга жеңилдиктер болушу керек.  Ошондой эле алардын кызыкчылыгын коргогон мыйзам керек. Инвестиция келиш үчүн ким эрте турса эле чоң болуп, бизнесин тартып албаш керек. Анткени, ал нерсе инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет. Элибиз да келген инвесторлорду барктап, баалаганды үйрөнүшү керек.  Айтайын дегеним, кара күчүн сатайын деп келген пакистандыктарды дагы сабап жатышат. Анан ким акчасы менен келип, ишенип акчасын салат деген маселе бар да.

Ошондой эле инвесторлор өндүргөн продукцияларын дагы сыртка чыгарууга шарттар түзүлүшү зарыл. Болбосо, биздин рынок өтө чакан. Элибиздин 30 пайызы жакырчылыкта жашат. Алар инвесторлор өндүргөн продукцияларды сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, чоң инвесторлор бизге тартылбай жатат.

– Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса дагы инвесторлорду тартышы мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Анткени, Кытай-Кыргызстан, Өзбекстан темир жолу курулса, андан ары Ирандан  Европага алып чыгып кетсе болот. Эл аралык стандартка  жооп   бергендей логистикалык борборлорду курсак, инвесторлор тартылат деп ойлойм. Анткени, өндүргөн продукциясын сыртка чыгарып сата турган жолдор аз. Самолёт менен ташуу кымбатка турат. Темир жол ишке кирип калса, инвесторлор тартылат деп ойлойм. Анткени, бизде сырё көп. Пахтабыз, жер алдындагы сейрек кездешүүчү  металдарыбыз уран, алтын, жез, күмүш көп. Бирок, аны кайра иштете турган заводдорубуз жок.

Биз жаңы эгеменндикке чыккан мезгилде, телевиздор, муздаткыч , кыскатолкундуу мештер чыкчу. Сапаттуу болчу. Коррупция ошонун баарынын түбүнө жетти.

– ГЭС кура турган инвесторлор келсе, экономикабыз жогорулайт деп ишенсек болобу?

– Нарынга Токтогулдай он ГЭС курулса, ошол эле Кыргызстанды байытып коет.  Жалгыз Токтогул ГЭСи 14 млрд кВт электр энергия берет. Ошонун эле 1 киловаттын   5 сомдон эсептеп, аны 10го көбөйтсөк  Кыргызстандын бюджети канча болоорун элестетип көргүлө. Болгону ГЭС кура турган инвестор тартыш үчүн жогоруда айткандай шарт түзүш керек. Жок эле дегенде үлүш менен киргизишибиз керек.

Азыркы бийлик деле инвестиция тартууга аракет кылып, мурунку, азыркы премьер-министр деле барган жеринен инвестор издеп жатышат. Корея, Японияга деле ГЭС салгыла деп сунушташууда . Сырттан ишкерлер агылса, Кыргызстан өнүп өсүп, алдыңкы өлкөлөрдөн болмок.