Эркин Чечейбаев: Жарандарыбыз пенсия чыккандан кийин ооруканалап жүрбөй, эс алышын каалайт элем
20 июль

Эркин Чечейбаев: Жарандарыбыз пенсия чыккандан кийин ооруканалап жүрбөй, эс алышын каалайт элем

Ден соолук каналы аркылуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев биринчи жүз күндүк ишинин жыйынтыктарын айтып, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасындагы реформалар боюнча өз көз карашын бөлүштү.

– Эркин Маратович, министр болуп дайындалганыңыздан бери жүз күн өттү, таасирлер кандай болуп жатат?

– Биринчиден, бул эртең менентен баштап түн жарымга чейинки түгөнбөгөн түйшүк, кечки саат 9да жумуштан кетсең дагы, баары бир телефон чалуулар боло берет, абдан нормасыз жумуш күн, таасирди так ушул ыргактан аласың. Ал тургай министрдин орун басарында да башкача ыргак болот, буга окшобойт. Интригаларды жактырбайм, көшөгө артындагы оюндар, эки жүздүүлүк – таң калтырат. Бетиңе бирди айтып, артыңдан башканы айтышат. Адамдардан бир аз көңүл калууга туура келди. А жалпысынан саламаттыкты сактоо системасында эмненидир өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилгени кубандырат.

Менин буга чейин бардык билим алууларым, тажрыйбам 50 жашка жакындаган мезгилде саламаттыкты сактоо системасына саясий планда таасир этүүгө алып келди. Приоритетти өзгөртүүгө катыштырды. Канча деген жылдар бою башымда жүргөн нерселерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралды.  Бир жыл ичинде баарын жасап бүтүү мүмкүн эмес, ар бир өзгөртүү даярдыкты талап кылат. «Жети өлчөп, бир кесүү» зарыл, «шашкан шайтандын иши» деп коет.

Анализдеп, кесепеттерин эсептөө керек, саламаттыкты сактоо саясатынын мурдагы аналитиги катары мен эволюциялык өнүгүүнүн тарапташымын, ал бир топ туруктуу. Өзгөртүүлөр этап менен болууга тийиш, биринчи пилоттук долбоорлордон баштап, андагы кайсы бир өзгөртүүлөрдү кайра иштеп чыгып, кемчиликтерди эске алып, анан улам кийинки кадамды таштоо туура болот.

Качан практикада колдонуп баштаганда, бул сырттан карагандай жөнөкөй боло бербейт экен. Нормативдик укуктук базаны түзүү макулдашуу жана талкуудан тургандыктан убакытты талап кылат. Башка министрликтер бир нече жолу артка кайтарышы да мүмкүн.

Экинчиден, өзүңдүн командаң болуусу зарыл, жетекчидей ойлонгон, жетекчиге каршы иштеген эмес, аны менен чогуу иштеген багытташ адамдар керек. Мындай команданы Саламаттыкты сактоо министрлигинин деңгээлинде эмес, республикалык деңгээлде түзүү зарыл. Тарыхы ушундай калыптаныптыр: бардык министрликтердин арасында эң чаканы биздин министрлик. Учурда штатта жүз чакты кызматкер иштейт. Облустук жана райондук деңгээлде башкармалыктарыбыз жок, мурда облустук саламаттыкты сактоо бөлүмү иштеп, бир топ жеңил болчу. Азыр биздин адистер бүт республика боюнча кадимки облустук саламаттыкты сактоо бөлүмү сыяктуу иштөөгө аргасыз болушууда. Бардык бейтаптардын арыздары, дарыгерлер ортосундагы чыр-чатактар, ошондой эле бири-бири менен согушуп жаткан жамааттар бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинде талдоо жүргүзүүгө, саясатты иштеп чыгууга убакыт жетишпейт, болбосо министрлик так ушул нерсе үчүн түзүлгөн эмеспи.

– Кыргызстанда медицинаны өнүктүрүү боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

– Саламаттыкты сактоо министрлигинин саясатынын векторун дарылоодон алдын алууга буруу керек. Акчанын, күчтүн жана ресурстардын 95 пайызын ооруп калгандарды дарылоого жумшоо менен биз улуттун саламаттыгын бекемдей албайбыз. Адамдар узак, бактылуу, сапаттуу, дени сак жашай баштасын десек, приоритетти өзгөртүү керек. Адамдык индекс - бул өмүр сүрүү узактыгы, мен биздин пенсионерлер пенсияга чыккандан кийин ооруканаларда дарыланып жүрбөй, эс алышын каалайм.

– Сиздин оюңузча, кандай системалык көйгөйлөр бар?

– Бул албетте, Саламаттыкты сактоо министрлигинин деңгээлиндеги, дарылоо мекемелеринин жетекчилеринин деңгээлиндеги коррупция. Ар бир жетекчи тендер жарыялабашы үчүн, дары-дармектерди сатып алууну борборлоштурулган деңгээлге бириктирип, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Эми "Кыргызфармациянын" ишмердүүлүгү коомчулуктун жана парламенттин көңүл чордонунда турат. Үч айдын ичинде биз уставды өзгөрттүк, бул уюмдун өнүгүүсүнүн жаңы стратегиясын бекиттик жана бардык сатып алууларды санариптештирүү аркылуу мүмкүн болушунча ачык-айкын кылуудабыз.

Менин пландарым боюнча, 2026-жылдан баштап бир жылдык келишимдерден узак мөөнөттүү келишимдерге өтөбүз. Азыр дары-дармек менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болуп жатат, анткени, өтүнмөлөр берилет, иштелип чыгат, өндүрүүчүлөр изделет - бул төрт-алты айга созулат. Бизде өтө маанилүү дары-дармектердин тизмеси бар.

Бир  сынакты ар кайсы тараптардын максималдуу катышуусу менен мүмкүн болушунча ачык-айкын өткөргөн жакшы деп эсептейм. Айрым адистер белгилүү бир дары-дармектерди лобби кылышы мүмкүн. Өндүрүүчүнү тандап, бир нече жылга узак мөөнөттүү келишим түзө турган жана ушул келишимдин негизинде жакшы сапаттагы, жакшы жарактуулук мөөнөтү менен узак мөөнөттүү жеткирүүлөрдү жолго коё турган мүмкүн болушунча көз карандысыз комиссия болууга тийиш.