Надира Жусупбекова: 2025-2026-окуу жылындагы билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр – жаңы программа,  жаңы окуу китептери, квалификациясын жогорулаткан мугалимдер
13 июнь

Надира Жусупбекова: 2025-2026-окуу жылындагы билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр – жаңы программа,  жаңы окуу китептери, квалификациясын жогорулаткан мугалимдер

КР Агартуу министрлиги 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарды. Келерки окуу жылында дагы өлкөнүн билим берүү системасы бир катар жаңычылдыктар менен толукталат. Өткөн окуу жылы кандай болду жана алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүүдө – бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берди.

– 2024-2025-окуу жылында билим берүү системасын жакшыртууга багытталган кандай иштер жасалды?

– Бул жыл «Алтын Казык» улуттук билим берүү программасын ишке ашыруунун маанилүү этабына айланды. Программа билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу программаларын модернизациялоого, алдыңкы билим берүү технологияларын киргизүүгө жана мектеп инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле, Агартуу министрлиги Кыргызстандагы билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоонун маанилүү элементи болгон мектептердеги 12 жылдык билим берүүгө этаптуу өтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Өнүккөн өлкөлөр 12 жылдык билим берүүгө өтүшкөн, бул модель балдарга билимди сиңирүүгө, жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана жашоого, окууга, кесипке даярданууга жетиштүү убакыт берет.

– Ошондо, жаңы окуу жылында бизди кандай өзгөрүүлөр күтүүдө?

– 2024-2025-окуу жылында бир катар маанилүү нормативдик-укуктук документтер бекитилди. Алар:

  • 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн концепциясы,
  • Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты;
  • Жаңыланган предметтик стандарттар жана окуу программалары.

Мына, ушулардын негизинде 2025-2026-окуу жылында:

  • 2029-жылы төрөлгөн 6 жаштагы балдар 1-класска барышат,
  • Мектепке даярдоо программасынан өткөн балдар 2-класска отурушат,
  • 5- жана 7-класстар жаңы программа жана окуу китептери боюнча билим алууга өтүшөт.

Мында, мугалимдердин даярдыгына да көңүл бурулду. Алар жаңы ыкмаларга даяр болушу үчүн масштабдуу окутууларды жүргүздүк жана анын негизинде 80 мастер-тренерлер 16 миңден ашуун мугалимди STEM-багыты боюнча окутушту. Ошондой эле, башка предметтер боюнча 37 миң мугалим квалификациясын жогорулатышты.

– Учурда мектептерде канча мугалим иштейт жана билим берүү системасын санариптештирүү канчалык деңгээлде ишке ашууда?

- Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2024-2025-окуу жылында республика боюнча 93 696 мугалим иштеди. Анын 87 385и мамлекеттик мектептерде.

Мугалимдерди санариптик билим берүү жаатында колдоо үчүн 1000 даана компьютердик техника сатып алынды. Андан тышкары жаңы 2025-2026-окуу жылында 27 миң ноутбук сатып алуу пландалууда.

Билим берүү тармагын санариптештирүү активдүү уланып жатат. Мисалы, «Санарип Кампа», «Балалык» электрондук сервистери ишке кирди. Андан тышкары мектептерге балдарды кабыл алуу электрондук каттоо менен жүрөт, электрондук күндөлүккө, билим берүүнүн санариптик документтерине өткөнбүз.

– Мектептерде орун таңкыстыгы бар эмеспи. Буга чейин 1-класска гана кабыл алуу болгондо да, орун боюнча маселе жаралчу. Эми 1- жана 2-класска кабыл алуу жүрүүдө,  көйгөй курчубайбы?

– Жогоруда айтылган билим берүү системасын жакшыртуу аракеттеринин алкагында, мектептердин инфраструктураларына да өзгөчө көңүл бурдук. “Мектеп” системасындагы интеграцияны колдонуу менен орундарга инвентаризация жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 1 534 мектепте дээрлик 489 бош орун даярдалды. Бирок 577 мектепте 163 миңден ашуун орун жетишпей турганы да аныкталды.

Мындан улам 2025-жылы өлкө боюнча 500 чакты билим берүү объектилерин куруу, оңдоо жана долбоорлоо иштери пландаштырылды.

Белгилей кетчү нерсе, 2025-жылы мамлекет билим берүү системасына 68,8 миллиард сом (өлкө ИДПсынын 4,2 пайызы) бөлдү. Бул  билим берүүгө инвестиция салуу приоритетке айланганын көрсөтөт.

– 5- жана 7-класстын окуучулары келерки окуу жылында жаңы программа жана жаңы окуу китептери боюнча окушат деп айттыңыз. Окуу китептери жетиштүү эле болобу?

– 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында, бардык окуу процесси тереңдетилген кайра кароодон өтөт. Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды, 38 предметтик стандарт өзгөртүлдү, замандап окуу программасы жана окуу-методикалык комплекс иштелип чыкты. Айрыкча математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили сабактарына басым жасалды. Мугалимдер STEM-программасынын алкагында, жаңы практикага багытталган технологияны үйрөнүшүүдө.

Жаңы окуу материалдары – бул жөн эле окуу китептери эмес, иш дептерлери, аудио жана видеоконтент менен окуу-методикалык комплекс, ошондой эле мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. Мунун баары билимди практикалык колдонууга, ой жүгүртүүнү өстүрүүгө жана окуучуларга мотивация берүүгө арналган. Материалдар мамлекеттик да, эл аралык да стандарттарга шайкеш келтирилди. 

Быйыл мамлекет тарабынан жаңы окуу китептерин чыгарууга 744 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 3-9-класстарга англис тили боюнча окуу китеби басып чыгарылды. Анын көп бөлүгү мамлекет бөлгөн каражаттан болсо, азыраагы Улуу Британиянын Элчилигинин көмөгү менен чыгарылды. Ошондой эле, 1,2,5 жана 7-класстарга математика жана табият таануу китептери басылып чыгуу алдында турат. 1,2,5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты окуу китептери Россиянын Агартуу министрлиги менен биргеликте адаптацияланууда.

– Ушундай өзгөртүүлөрдүн шарында мектепке чейинки билим берүүгө да көңүл бурулуудабы? Бала бакчалардагы орун жетишсиздигин жоюу үчүн кандай шарттар түзүлүп жатат?

– Мектепке чейинки билим берүү – мектеп жолунун ийгиликтүү болушунун башаты. Учурда толук күн иштеген бала бакчаларда 257 миңден ашуун бала тарбияланса, бир жыл ичинде бала бакчалардын саны 85ке өсүп, өлкө боюнча 1997 мектепке чейинки билим берүү мекемелери катталды.

Мектепке даярдыкты эске алганда, мектепке чейинки билим берүү жалпысынан 44,3 пайызды камтыды. Биздин максат – бул көрсөткүчтү жакынкы жылдарда 60 пайызга жеткирүү.

Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты жана бир катар документтер кабыл алынды. Алар бала бакчалардын ишин жөнөкөйлөштүрөт жана ата-энелер үчүн жеткиликтүү кылат. 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылды, бул баланы толук күн иштеген бала бакчаларга берүүгө мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер үчүн ыңгайлуу.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун жаңы модели - ваучерлер системасы кабыл алынды.

25 645 бала 570 бала бакчанын жаңы 985 жаңы тайпасына кабыл алынды, ал жерде уктоочу бөлмөлөр окутуу бөлмөлөрүнө ылайыкташтырылды.

257 үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, бул жаатта иштеген жеке ишкерлер үчүн салык жеңилдиктери каралды.

Мамлекеттик банктар бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоого 10 миллиондон 70 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыяларды беришүүдө.

Бул аракеттердин баары жакынкы жылдарда бала бакчаларды бардык балдарга жеткиликтүү кылат деп ишенебиз.

– Азыр өлкө боюнча балдарды 1- жана 2-класска кабыл алуунун 2-этабы жүрүүдө. Ушул боюнча айтып берсеңиз, канча бала кабыл алынды жана дагы канча бош орундар бар?

– «Мектепке электрондук каттоо» системасы бул жылы жаңы шартка ылайыкталды: бардык мектеп ар бир класс жана кайсы тилде билим берилери боюнча квота бөлүштү. Кампаниянын башталышында өлкө боюнча 1-класс үчүн 151 000 жана 2-класс үчүн 164 000 орун бош берилген.

1-этапта 1-класска 47 592 бала, 2-класска 66 404 бала кабыл алынса, анын 20 632си Бишкек шаарында болду.

2-июнда башталган 2-этапта ата-энелерге жашаган жериндеги каттоосуна карабай, бош орун бар мектептерди тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. 9-июнга карата алынган маалыматта республикада 148 миң бош орун бардыгы айтылат, анын 4 699у Бишкекте.

Ички миграция, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларындагы абал эске алынып, министрлик Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте балдарды мектепке каттоонун альтернативдик варианттарын өз убагында жолго койгон. Анын жыйынтыгында, ата-энелердин тандоосуна 2-3 мектеп берилди. 

– Каттоо жаңы башталган маалда система жакшы иштебей, үзгүлтүккө учурап жатканына даттанган ата-энелер болду. Мындай көйгөй эмнеден улам жаралды жана баланы каттоо боюнча ата-эненин арызы четке кагылган учурлар кездештиби?

– Бишкекте орун таңкыстыгын алдын алуу максатында Билим берүү департаменти 30-майда кошумча квота бөлгөн. Бирок айрыкча Бишкек шаарында суроо-талап өтө көп болгондуктан “Мектепке электрондук каттоо” системасына жүк көбөйдү. Бир убакта 9 миң колдонуучу кирген учурлар катталып, бул платформанын ишинин жайлашына алып келди. 2-июнда биринчи сааттарда мүнөтүнө 90 баланы каттап жатышты, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Ошол эле күнү 2000дей ата-эне мурда тандаган мектебинен баш тартышты, бул дагы системанын ырааттуу иштешине терс таасирин тийгизди. 2-этап башталганда өлкө боюнча 162 миң бош орун бар болчу, бирок цифралар абдан тез өзгөрүп жатты.

Ал эми ата-эненин арызы документтерди туура эмес көрсөткөндө четке кагылат. Айрым учурда ата-энелер туура эмес маалыматтарды, тастыкталбаган документтерди тиркешкен. Анын баары атайын комиссия тарабынан каралып, орундар жокко чыгарылды. Мисалы, Бишкектеги №29 мектепте эле 86 мыйзамсыз каттоо аныкталган. 

Каттоо ачык-айкын жана акыйкат болушу үчүн процессти мониторингдөө күчөтүлүп, мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Бардык аракетибиз билим алуу ар бир балага жеткиликтүү болушуна жана система үзгүлтүксүз, ачык иштөөсүнө багытталууда.

– Инклюзивдүү билим берүүнү кандай жол менен калыптандырууну пландаштырып жатасыздар?

– Министрлик 2024-2025-окуу жылында сапаттуу билим берүү бардык балдарга, анын ичинде өзгөчө балдарга да жеткиликтүү болушу үчүн иш аракетин улантты. Өлкөдөгү 650 мектепке инклюзивдүү билим берүү киргизилүүдө, аймактарда болсо ресурстук борборлор тармагы өнүгүп жатат.

Мында, билим берүүнүн ийкемдүү формасы киргизилди: «Туңгуч» онлайн-мектебинде аралыктан окуу, баланын муктаждыктарына ылайыкташтырылган жеке жана үй-бүлөлүк окутуу. Окуу программалары да жаңыртылды. Мугалимдер инклюзия жаатында атайын окуудан өтүшүүдө. 

Басым санариптик чечимдерге жасалды, 2024-жылы Кыргызстан «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын катышуучусу болгон. Бул долбоордун алкагында, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды коштоп жүрүү, ата-энелерге, мугалимдерге жана адистерге онлайн-куралдарды жеткиликтүү кылуу боюнча санарип платформасы иштелүүдө. Ушул жылдын соңуна чейин ушундай санарип сервистер 3 миң баланы камтыйт деп пландап жатабыз.

Жакында, 27-майда Бишкекте Евробиримдик тарабынан каржыланган Twinning «Инклюзивдик жана STEAM билим берүүнү алдыга жылдыруу» жаңы долбоору старт алды. Ал Литва менен өнөктөштүктө ишке ашат жана инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүүгө, билим берүүнүн ыкмаларын модернизациялоого жана мектептерди каржылоону жакшыртууга багытталган. Жакынкы эки жылда литвалык эксперттер кыргыз мектептери менен иштешип, мугалимдерди окутушат жана инклюзив практикасын жергиликтүү шартка адаптациялоого жардам беришет.

– Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мугалимдерди ашыкча кагаз түйшүгүнөн арылтуу сунушун жолдошкон болчу. Ал сунуш сиздер тараптан кандай кабыл алынды?

– Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдерге жүктөлгөн жүктү оптимизациялаштыруу жана алардын көп убактысын окуу процессине буруу максатында министрлик тараптан жалпы билим берүү мекемелериндеги кагаз иштерин азайтуу боюнча чечим кабыл алынган.

2025-жылдын 22-апрелиндеги №432/1 буйруктун негизинде, жумушчу топ түзүлүп, ага педагог кызматкерлерден суралчу отчет формаларын анализдөө милдети жүктөлгөн. Иштин жүрүшүндө жумушчу топ отчетторду маанилүүлүгү жана зарылдыгы боюнча иреттеди жана көпчүлүк формаларды «Е-Kyzmat» бирдиктүү платформасы аркылуу санарип форматына өткөрүү сунушу иштелип чыкты.

Ошентип, санариптик чечимдин шарапаты менен мугалимдердин кагаз иштери 80 пайызга кыскартылды. Ошондой эле, акыркы 25 жылдагы аттестаттар менен дипломдорду оцифровкалоо башталды, жакында аларды онлайн алууга мүмкүн болот.