Эмил Борончиев: Аттын алдында калып катуу жаракат алгам
8 февраль

Эмил Борончиев: Аттын алдында калып катуу жаракат алгам

Аталышы: “Эрте келген турналар”
Сценарийин жазгандар: Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев 
Режиссёру: Болот Шамшиев
Тартылган жылы: 1978-79-жылдар
Тартылган жери: Чүй облусу
Узактыгы: 1 саат 30 мүнөт

Башкы ролдордо: Эмил Борончиев (Султанмурат), Нургүл Кендирбаева (Мырзагүл), Марс Кутманалиев (Анатай), Сүймөнкул Чокморов (Султанмураттын атасы), Гүлсара Ажыбекова (Султанмураттын апасы), Сүйүтай Шамшиева (Султанмураттын карындашы), Советбек Жумадылов (Султанмураттын таякеси), Орозбек Кутманалиев (бандит) ж.б. 

Эмил Борончиев:  «Аттын алдында калып катуу жаракат алгам»

– Султанмураттын ролу сизге кандайча буюруп калган?

– Мен ал учурда борбордогу мектептердин биринде окуган он беш жаштагы бала болчумун. Бир күнү класста олтурсам Тынчтык Алыкулов деген чакырып «киного тартыласыңбы?» деп калды. Менин киного кызыгуум бар болчу. Бирок, ага ишенген жокмун. Кийин анын айтканындай эле киночулар келип төрт баланы тартып кетишти. Үйгө келип «бизди киного тартабыз деп жатышат» десем, үйдөгүлөр «башыбызды оорутпа, эс алуу болсо айылга барып таятаңдарга жардам бересиң» деп коюшту. Ошол жуманын эс алуу күндөрү айылга кетип калгам.

Артымдан Болот Шамшиев, Тынчтык Алыкулов, Темир Дүйшекеев үчөө келип “сен бизге жактың” деп мени ээрчитип киностудияга алып келишти. Ал жакка келсем бир автобустун ичинде кырктай Султанмурат болчу балдар, элүүдөй Мырзагүл болчу кыздар олтурат. Анан киного тандоо башталып, баарыбызды тартып калышкан. Бир нече күндөн кийин эле үйгө киностудиядан бирөө чалып киного тартылмак болгонумду айтып мени куттуктап калды. Ошентип, Султанмураттын ролун жаратуу бактысы мага буюруп калган. Биринчи жолу киного тартылдым, биринчи жолу Чыңгыз Айтматовду көрдүм ошондо. Агайдын көзүнө карай албай уялганым азыр дагы көз алдымда турат. Кино тартылып жаткан учурда агай дайыма келип биз менен сүйлөшүп, көп нерселерди айтып берчү. Ошол учурда бала экенбиз да, сөзүн укпай качып кеткен учурларыбыз дагы болчу. 

– Үйүңүздөгүлөр каршы болбой калыштыбы?

– Алар кабар келгенде «кантип эле сени киного тартышсын?..» деп ишенишкен жок. Кийин Болот Шамшиев өзү телефон чалып айткандан кийин ишенүүгө аргасыз болушту. 

– Мурда бул чыгарма менен тааныш белеӊиз?

– Албетте, биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойгонбуз да. Бирок, «Эрте  келген турналар» чыгармасындагы Султанмураттын ролун ойноп киного тартылып калам деп такыр ойлогон эмесмин. 

– Жаш бала үчүн кинодо роль жаратуу оор эле болгон болсо керек?

– Ооба, мен үчүн абдан эле оор болду. Өзүм киного тартылуу деген эмне экенин билбеген 9-класста окуган бала болсом… Кинодо Мырзагүлдү сүйүү, ыйлоо деген жерлерин аткаруу кыйын эле болгон. Анан да биз минген аттар ипподромдуку болгондуктан, ооздору абдан катуу эле. Тасмада бандиттер ат менен кууган жеринен мен аттын алдында калып катуу жаракат алгам. Ал жерден мени тез жардам дароо ооруканага алып барды. Катуу жыгылган экенмин, же тура албай, же баса албай абдан кыйналдым. Дарыгерлер «ооруканада эки айдай жатасың» дешкен. Бирок, кинону тартыш керек болуп, режиссёр мени бир жумадан кийин эле тургузуп кеткен. Барып Мырзагүлгө белек берип аткарган жеринде белим ооруп абдан кыйналгам. 

– Тасма жарыкка чыккан соң «жылдыз» болуп кеткен жок белеңиз?

– Эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калгам. Май айында кинонун ачылышы болду. Андан кийин эле Москвага актёрдук боюнча билим алайын деп окууга кетип калдым. Менин актёрлук кесипти тандап калышыма дагы ушул кино себепчи болгон десем болот. Анткени, киного тартылганга чейин актёр болуу оюмда жок эле. Эжем экономика тармагында билим алчу эле, мен деле ошонун арты менен кетем деп ойлогом. Бул тасма мага абдан жакшы мектеп болду.  

– Канча гонорар алганыңыз эсиңиздеби?

– Менин жашым жете элек болгондуктан, гонорар менин колума эмес, апамдардын колуна тийген. Ошондуктан, канча алганымды билбейм. Кийин апамдардан сурасам «жакшы эле» деп коюшкан. Гонорарымдан мага арнап костюм-шым алып беришкени эсимде.