Жаныш Алмаз уулу: «Тагдыры оор адамдарга зээним кейип ыйлаган учурларым болду»
Элден чогултулган кийим-кечелерди кайра эле элге жеткирүү аркылуу жакшылык көпүрөсүн түзгөн бул демилге кыска убакытта кеңири жайылып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.
Бул иштин башында турган – Жаныш аттуу демилгелүү жаш жигит. Ал кайрымдуулукту сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүп, адамдардын бири-бирине болгон ишенимин арттырууга салым кошууда. Биздин редакция бул жакшы иштин артында турган инсан менен жолугуп, анын кайрымдуулукка болгон көз карашы, «Берешен» долбоорунун жаралышы жана алдыдагы максаттары тууралуу маек курду.
– Жаныш мырза, «Берешен» уюму кайрымдуулуктун кандай түрү менен алектенет?
– Биз элден алып элге беребиз. Тактап айтканда, биздин дарекке каалоочулар кийилбей калган кийимдерди, колдонулбай калган буюмдарды, азык-түлүк, жууп-тазалоочу каражаттарды берип жиберишет. Аны муктаждар келип алып кетишет.
– Кабыл алууда жана берүүдө кандайдыр бир шарттар барбы?
– Андай деле шартыбыз жок. Болгону өтө эски, сүзүлгөн, жыртылган кийимдер болбош керек. Ал эми азык-түлүк болсо бузулбай тургандарын алабыз. Ал эми алууда чек жок. Бүт үй-бүлөгө керектүүлөрүн каалашынча алып кетсе болот. Башында бардык жерде бекер болчу. Кийин арендабызды төлөөдөн кыйнала баштаганыбызда Бишкек, Балыкчы шаарларындагы дүкөндөрүбүзгө кирүү акысын 250 сом кылып койгонбуз. Мындайча айтканда, 250 сомго бүт үй-бүлө кийинет. Аябай кыйналган, чыныгы муктаждардан ал каражат деле алынбайт. Нарында болсо бепбекер эле алып жатышат.
– Бул ишти кантип жетектеп калдыңыз?
– Негизи мен автосалон иштетчүмүн. Ага катар кайрымдуулук иштери менен да алектенип турар элем. Ар бир эле мусулман баласынын тапкан кирешесинен муктаждарга берип, көмөк көрсөтүп туруусу жаратканга жаккан иш эмеспи. Ал эми “Берешен” долбоорунун башталышы мындай болду: Бишкекте Интергельпо деген көчө бар экен. Ошол жакта бир дарекке жардам берүү максатында барган элек. Үйүнө кирип чындыгында оор шартта жашаган бүлөнү көрүп аябай кайгырдым. Сыртка чыксак: «жардам берилип жатканын угуп келдик. Мүмкүн болсо бизге да жардам берсеңиздер»,- деп он чакты адам күтүп туруптур. Аларга эртең келип жардам берип кетерибизди убада кылдык. Жөн кетпей социалдык баракчам аркылуу “эртең кайрымдуулук иш уланат, кийим-кечеден жардам берилет” деп жар салып койдум. Анткени мага бирөөлөр “кийим-кече сакталган кампа бар, аларды тарата берсең болот” деп убада беришкен эле. Мен аларга ишенип элге убада берип алыпмын. Эртеси ал кампаны ачып бере турган адамды таппай калдык.
– Эл көп келиптирби? Абалдан кантип чыктыңыз анан?
– Жүздөй адам келиптир. Шаардын ар кайсы тарабынан келген элге “ачкыч жок” деп кантип айтам? Акыры айласын таптым. Келгендерден видеого түшүп берүүнү өтүндүм. Он чактысы макул болду. Алар менен биргеликте коомчулукка кайрылуу жасадык. Азыр интернеттин заманы эмеспи, ал кайрылуу тездик менен тарап, дароо эле ар тараптан кийим-кече, тамак-аш түрүндө жардамдар келе баштады. 3 сааттын ичинде эле келген жардамдар үйүлүп, таратууга жетишпей досторумду жардамдашууга чакырдым.
– «Берешен» кайрымдуулук иши ушинтип башталган турбайбы?
– Ооба, биз жүз адамга жардам беребиз десек, берешендер андан да көп болуп чыкты. Бир эле күндүн ичинде келген азык-түлүк, кийим-кече, буюмдар абдан көп болду. Көбүнчө жарандар такси кызматы менен салып, тосуп алгыла деп жиберип жатышкандыктан анча кийимди каякка алып барабыз деген суроо туулду. Ошентип кийим сактоочу жана таратуучу кампа издей баштадык.
– Учурда андай жайларыңыздар кайсы жерлерде бар?
– Берешен элден чогулган кийимдерди таратуучу жайды Бишкектин чет жакасынан таптык. Бир түн ойлонуп отуруп «Берешен» деген сөз оюма келип ушул аталыш менен атадым. Ошол кездерде авто салондо сатыкта турган эң кымбат машинабыз кырсыктады. Ага деле кайыл болуп, айтор, ал жактагы ишти таштап биротоло кайрымдуулукка баш-отум менен кириштим. Жанагынча аманатты мойнума алгандан кийин деп бул ишим биринчи орунга чыкты. Жолдун алыстыгына карабай ар кайсы жактан келип жаткан элди көрүп андан бетер жардам бергим келди. Бул жакшы ишти жайылталы деп Бишкектин эки жеринен, анан Балыкчы, Нарында дүкөндөрдү ачтык. Буга чейин кайрымдуулук фонд катары катталган эмес элек, эми каттоодон өткөрөлү деп юристтер менен пландап жатабыз.
– Чыгымдарын өз чөнтөгүңүздөн жабасызбы?
– Албетте чыгымдары бар. Жайлардын ижара акысы, ал жерде иштеген кыздардын маянасы дегендей. Аларды башында өз чөнтөгүмдөн төлөп келдим. Кыйынчылыктар көп болду. Жогоруда айткандай 250 сом элден келген “взнос” да жетпейт экен. Кыздардын бир нече айлык маяналарын төлөй албай, кийимдер турганда имараттын ижара акысын андан бетер көтөргөн ишкерлердин жоругу өкүндүрдү. Ошол эле учурда кайдыгер карабаган боорукер инсандардын жардамы менен ишти жөнгө салып кеттим. Бирөө кыздардын айлыгын төлөп берем десе, дагы бири ижара акысын моюнуна алган азаматтарыбыз чыгып жатат. Ишенесиңерби, Кыргызстанда канча бай болсо, жашоо-шарты оор, жардамга муктаж адамдар эки эсе көп экенин өз көзүм менен көрдүм. Мүмкүнчүлүгү чектелген, ден соолугунун айынан иштей албаган замандаштарыбыз да арбын. Ушундан улам бул жакшы ишти ар бир аймакка жайылтууну максат коюп жатам.
– Байкасак, өзүңүз эч кандай пайда көрбөйт экенсиз. Анда сиздин максатыңыз эмне?
– Менин максатым - баштаган ишти таштабай улантуу. Кайрымдуулук бир нукка түшүп уланып кете турган болсо өзүмдүн жеке иштеримди кайрадан улантам. Азырынча мен Кудайдын ыраазычылыгы үчүн чын дилимден элге кызмат кылып жатам.
– Жардамга муктаж ар бир адамдын тагдырын жүрөгүңүз аркылуу өткөрөсүзбү?
– Тагдыры оор эже-карындаштарыбызды, жаш бөбөктөрдүн көз жашын көрүп зээниң кейийт. Алардын көзүнчө сыр бербегеним менен, иштен чыкканда БЧК жакка барып жалгыз отуруп алып ыйлаган күндөрүм болду. Балдары үчүн ушунчалык көтөрүмдүү, күчтүү болгон энелер бар экенине таң калдым. Аларды көрүп кадимкидей чыйралып, кайрымдуулук кылууну уланткың келет экен.
– Өзүңүз кандай бүлөдөн тарбия алгансыз?
– Мен Нарын облусуна карашту Жан-Булак деген айылда 1996-жылы мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энемдин беш баласынын улуусу болом. Мектепти жакшы окуган үчүн 6-классымда эң жогорку балл менен Нарындагы Кыргыз-Түрк лицейине өтүп, ал жакты окуп бүтүргөм. Кийин Улуттук университеттен жогорку билим алып, өз кесибим менен эмес, жеке иштер менен алек болдум. Ата-энеме ыраазымын, кыйналса да балабыз татыктуу билим алсын деп жакшы билим алдыртышты. Биздин башыбыздан деле кыйналган, оорчулук күндөр өткөн. Бирок ошого карабай бизге ата-энебиз “бирөөнүн акысын алба, ашык болсо элге бер” деп мыкты тарбия беришкен. Баарын таштап кайрымдуулукка ооп кетсем, ата-энем: «Сен бала кезиңде эле колуңда бар акыркы нерсеңди башкага берчүсүң. Сенин Кудай жараткан табиятың ушундай» деп колдошту. Учурда үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын. Бул жашоо ансыз деле кыска жана убактылуу. Ошо себептен колдон келсе жардам бергенден аянбашыбыз керек.
