Айсулуу Алмаз: Балдарды кичине чагынан финансылык сабаттуулукка кантип үйрөтүүгө болот
26 октябрь

Айсулуу Алмаз: Балдарды кичине чагынан финансылык сабаттуулукка кантип үйрөтүүгө болот

Ар бир ата-эне баласынын ийгиликтүү, табышкер жана бакыбат жашоонун ээси болушун каалайт. Бирок бакыбаттуулукка жетүү үчүн балага кичине кезинде эмнелерди үйрөтүү керектигин көбү биле беришпесе керек. Финансист катары он жылдан ашуун тажрыйбасы бар Айсулуу Алмаз балдарды кичине чагынан акча кармоого, коротууга жана чогултууга көндүрүү алардын келечек жашоосу үчүн маанилүү кадам болот деп эсептейт. Жана анын балдарга финансылык сабаттуулукту үйрөтүүдөгү беш сунушу. 

1. Акчанын баркын сездирүү. Балдарга тыйын жана кагаз акчаларды карматып, анын баркын жеткире билүү керек. Азыр санарип дүйнөдө жашап, көбүнчө кагаз акча кармабай, картага өтүп алдык. Бирок ошондо да балага кагаз акчаны түшүндүрүү керек. Мисалы, санаганды жаңы үйрөнүп жаткан балдарга он сомдук, жыйырма сомдук, элүү сомдук акчаларды алып келип, “бул он сом, эки он сом болгондо, ал жыйырма сом болот” деген өңдүү акчаны саноону да үйрөтө кетүү керек. Муну жөнөкөй оюн катары эле сиңирүүгө болот. Жөн гана көрсөтүп, санатып койбой, беш сомго эмне келет, а жыйырма сомго эмне келет, элүү сомго эмне сатып алууга болот – аны да үйрөтүү маанилүү. Мисалы, жүз сомго эмне келээрин билген бала, миң сомго эмне келээрин божомолдой алат. А бул анын келечегине маанилүү. Кийин акчасын жөн эле чачып жок кылбай, ар биринин баркы мээсине орноп калат. “Балдарга кайсы бир нерсени үйрөткүңүз келсе, беш жашка чейинки курагын тандаңыз. Бул убакта алардын мээси жумшак жана ийкемдүү болот, үйрөткөн нерсеңиз өмүр бою коштойт” деп айтышат балдардын психологиясын изилдеген дүйнөлүк адистер. Андыктан, сиз дагы бул куракты колдон чыгарбаңыз. 

2. Күнүмдүк керектөө. Ар бир ата-эне күн сайын баласына күнүмдүк керектөөсүнө акча берип турса керек. Жок дегенде жол киреге, аны-муну алып жегенге беребиз. Мектеп курагындагы бардык эле балдар күн сайын үйүнөн акча алып чыгат. Сиздер баланын мектебинде тамак-аш канча сомдон сатылаарын, эгерде дагы бир кошумча буюм керек болсо, ал канча сом тураарын билсеңиздер керек. Ошого жараша эсептеп акча берип, андан кийин чын эле ошолорду алдыбы – көзөмөлдөңүз. Мисалы, мен айылда 5-класска чейин окуп, андан соң Караколдогу лицейге которулгам. Шаарда мен жумасына беш күн жашайм, андан соң таксиге отуруп айылыма кетем. Ал убакта азыркыдай карта которуулар, телефон жана тез-тез каттаган таксилер болгон эмес, ошондуктан, ата-энем бир жумага жетчү акчаны бир беришчү. “Ушуну бир жумага жеткир”, – дечү апам. Мен биринчи жуманын аягында айылга кетчү таксиге жетерлик акчаны алып коюп, калганын күн сайын эсептеп коротчумун. Кайра айылга барганымда, апам ошол акчаны эмнеге, кантип жумшаганымды такып сурачу эмес. Мага ишенгени, багыт бергени келечек жашоомо абдан чоң жардам бериптир. Кийин университетте окуп жүргөндө иштедим, андан соң туруктуу жумушка кирдим. Айлыгымды туура пайдаланып, кичине кезимде мээме сиңип калган адат менен бөлүктөргө бөлүп, бир бөлүгүн чогултуп, бир бөлүгүн үйдөгүлөргө жардам катары берип, бир бөлүгүн өзүмө коротчумун. Акча жок карайлап калган учурлар аз болгон. Анткени, керектөөмдү акчама жараша жүргүзчүмүн.  Ошондуктан, мектеп курагындагы балдарга күнүмдүк керектөөсүнө акчаны күн сайын эмес, жумасына бир жолу берүүнү сунуштайм. Анан акырын көзөмөлдөңүз. Алгачкы күндөрдө туура эмес коротсо, урушуудан карманыңыз, түшүнүңүз. Эркиндик да бериңиз. Балага эркиндик болгондо, жакшы нерсени бат өздөштүрөт. Ошентип, бир канча жуманын ичинде бала бюджетин туура бөлүштүрүүгө көнөт. 

3. Акча үнөмдөө күндөрү. Балдарга ар кайсы жактан акча келип калышы мүмкүн. Мисалы, конок келгенде же көчөдөн туугандарды жолуктуруп калганда, бизде балага акча карматуу адат эмеспи. Ошондой акчаларды үнөмдөө күндөрүн жарыялап, балага бул акчаны чогултса, китеп же дагы бир керектүү буюмун алып алаарын айтыңыз. Бала кайсы бир буюмдуу болгусу келсе, ошону алдын ала пландап, акча чогултуу менен болоорун айтуу – анын напсисин тыйганга, каалоосуна жетүүгө убакыт, сарамжалдык керек экенин билүүгө жардам берет. Мисалы, мен кичине кезимде куурчакка кийип тигип ойногонду жакшы көрчүмүн. Бирок апам сабагынан алаксыйт деп, куурчак алып берген эмес. “Сен акча чогулта бер, каникулда аласың”, – деп айткан. Мен жыл бою акча чогултуп, үч айлык каникул башталганда апам менен барып куурчак сатып алгам. Азыр да ошол нерсе ичимде калыптыр. Бир нерсе алгым келсе, дароо барып сатып албайм, пландаштырам же кайсы бир максатымды ишке ашырам, ал ишке ашканда, өзүмө белек катары каалаган буюмумду сатып алам. 

4. Зарыл буюм менен каалаган буюмдун айырмасын түшүндүрүү. Мисалы, тамак-аш сыяктуу күнүмдүк керектүү буюмдар бар, ошол эле убакта албай койсоң эч нерсе өзгөрбөгөн нерселер бар. Нан алууга баратсаң, ал зарыл нерсе, ал эми нан алганы барып балмуздак жеп койсоң – бул каалоо дегендей. Мына, ошолордун айырмасын балага жеткирүү керек. Улуулар дагы керексиз буюмдарга жакын болобуз. “Кереги жок болсо да кийим сатып алууну жакшы көрөм” деп жазгандар көп. Ушул нерсе бала кезден калыптанган. Мисалы, балага куртка алып берүү керек болсо, а өзү кооз көйнөк алгысы келип жатса, “биринчи куртка алалы, акчаны үнөмдөп кийинчерээк көйнөк сатып алабыз” деп түшүндүрүү, келишимге баруу баланы да таарынтпайт, тез көндүрөт, ошол эле убакта андагы акчага болгон мамилени да жакшыртат. Мисалы, биз азыр Канадада жашайбыз, 3 жаштагы уулубуз бар. Бул жакта оюнчук дүкөндөр абдан чоң, анын ичине кирген жаш бала эмес, улуулар дагы ошол оюнчуктар менен ойногусу келип кетет. Жолдошум экөөбүз балабызга тандоону үйрөттүк, бир жолку барганда – бир гана оюнчук. Дүкөнгө баратканда эмне алаарын сурайбыз, мисалы, ал трактор деди, дүкөнгө барганда трактор тандайт, алабыз дагы, кетебиз. Балабыз да бактылуу, ашыкча акча коротпогон биз да бактылуу. Үч оюнчукту жактырып калса, бирөөсүн алабыз, танда дейбиз, балабыз тандайт. Бир шым алам деп барып арзандатуу болуп жатканынан пайдаланып, эки шым алган чоңдор да бар. Ошол арзандатылган шым мага керекпи, алганым менен аны киемби же кийбей коембу деп ойлонуу керек. Ошондой эле, ошол ойду балага кичине кезинде сиңирүү туура. 

5. Сапатка жана баасына көңүл буруу. Баланы базарга, дүкөндөргө соода кылууга бараарда ээрчитип алыңыз. Мага апам акча кармоо боюнча жакшы багыт бергени менен эркиндик жактан бир аз чектеп койгон экен, азыр мен дүкөнгө бир кийим алаарда сөзсүз жаныма бирөөнү ээрчитем. Баарыбызда эле ошондой, “мага жарашабы, алайынбы?” – деп сураганга бирөөнү коштоп алабыз. Баланы кичине чагында базарга же дүкөнгө алып барып, “Кайсы жемишти алалы? Кечээ бүлдүркөн жегенбиз, бүгүн карагат алалы э? Баасы мынча экен, а даамы кандай экен?” – деп сурап туруу азыр бизде болуп жаткан башкалардын пикирине болгон көз карандуулукту жок кылат. Кичине чагынан базар, дүкөнгө барып, соода-сатык кылууга аралашып, керектүү нерсени өзүнүн көз карашына гана таянып сатып алууга көнгөн бала, чоңойгондо да ушул адатын улантат: ал өзүнө керектүү гана буюмду керектүү өлчөмдө гана сатып алат.