Чолпон Тургунбаева, балчы: «Бал Кыргызстандын бренди болуп калды»
20 август

Чолпон Тургунбаева, балчы: «Бал Кыргызстандын бренди болуп калды»

Балчы Чолпон айым өзүнүн аарыларындай эмгекчил. Биз тамшанып жеген бал дасторконуңузга келгенге чейин кандай жолдорду басып өтөрүн, ага кандай эмгек жумшаларын бизге Чолпон айым айтып берди.

– Чолпон, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз, бал менен качантан бери иштейсиз?

– Мен, Тургунбаева Чолпон Кадыровна, кесибим – экономист. Экинчи билимим – фармацевт. Бирок мен аарычылык менен алектенип келем. Анткени балчылык – ата тегибизден бери келаткан ардактуу кесип. Учурдагы бал чарбабызга 70 жылдан ашты. Чоң таятам Токобай 1953-жылдан бери бал кармаган, андан кийин таятам, чоң атам, атам, анан эми минтип биз улантып келатабыз.

– Аарылардын жашоосун өздөштүрүп бүтсөңүз керек, алардын кандай сырлары бар?

– Бал аары дүйнөсү азыркы убакка чейин изилденүүдө, алардын жашоосу абдан кызыктуу. Аарылардын үй-бүлөсүндө бир эне аары болот, ал башкаруучу болуп саналат. Андан башка аарылардын да ар бирине бөлүнгөн милдеттери бар. Мисалы, бал уюктун ичин ар дайым бир температурада кармап туруучу аарылар болот, алар канаты менен желпип отуруп уюкту жылытышат, ашыкча ысып кетсе муздатышат. Аябай таза келишет, үй жыйноочу, бала кароочу аарылар да болот. Бир тынчысы болот, ал гүлдөрү көп жерди байкап, көрүп келип жумушчу аарыларга бийлеп түшүндүрөт: 8 санын көрсөтүп бийлесе – «алыс учабыз» дегени, канатын эки жакка серпсе – «жакын жерге эле учабыз, гүл нектарын чогултабыз» дегени. Аарылардын жашоосу мартта күн жылыганда башталат. Бул маалда аары эне күнүнө 2000–3000ден жумуртка тууйт, алар 21 күндө жумушчу аарыга айланып, өз милдеттерин аткарып бал чогулта башташат. Бирок жумушчу аарылар 30–45 күн эле жашашат, а эне аарысы 3–6 жылга чейин жашайт.

– Аарылар сиздерди чагышабы же ээсин таанышабы?

– Аарылар кара түстү, атырдын, спирттин жытын жаман көрүшөт. Ушул нерселерге ачуусу келип, чагып алышат. Бизди таанышабы билбейм, аларды сүйүп карасаң чагышпайт. Бирок бал тартуу мезгилинде чагышат. Ал маалда аарылар талаага кеткен учурда, башкача айтканда эртең мененки 10дон кечки 5ке чейин иштеп жетишип калышыбыз керек.

– Бал челектериңиздер каякта? Бир жылда канча бал өндүрөсүздөр?

– Биздин бал челектерибиз Токтогул районунда, айтылуу «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркында. Алатайдын экологиясы таза, ал жакта 450дөн ашык кызыл китепке кирген дарычылыгы бар гүлдөр өсөт. Мына ошол гүлдөрдүн ширелеринен биз органикалык таза бал өндүрөбүз. Ал эми анын көлөмүн алдын ала божомолдой албайбыз, ал аба ырайынан көз каранды. Күн тийип, убагында жамгыр жаап берсе, мол түшүм алабыз. Ал эми күн катуу ысып кетсе гүл ширелери кургап кетет, тескерисинче жамгыр көп жааса аарылар иштей албай калышат да, бал аз өндүрүлүп калат. Андай учурда сабыр кылып кийинки сезонду күтүүгө туура келет.

– Балга аюулар «уруулукка» келген учурлар болобу?

– Аюулар жайында тоо малинасын, чөптөрдүн тамырын жешет да, кеч күздө алма, бал жегени биз жакка чейин келишет. Бал челектерибизди оодарып, чачып кеткен учурлары болгон. Алардан коргоо үчүн короону кыска ток тарткан зымдар менен курчап койгонбуз. Бирок мен аюуну жанынан бир эле жолу көргөм. Балдарымды ээрчитип малина тергени баратканбыз. Бир маалда суунун аркы жагынан эки мамалагы менен суу ичип жаткан күрөң аюуну көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Бизди көрө коюп «болгула, кеттик» дегенсип мамалактарын башка чаап алып кетти.

– Өндүрүлгөн балды чет өлкөлөргө да экспорттойсуздарбы?

– Ооба, кыргыз балы 30дан ашык өлкөгө экспорттолот. Кээде ички рыноктон артпай калат. Себеби туруктуу кардарларыбыз абдан көп. Алар биздин балдын курамында эч кандай кумшекер, крахмал жана башка кошулмалар жок экенин жакшы билишет. 2005-жылдан бери ыктыярдуу бал аарычылар коому жылына 3–4 жолу бал жарманкесин уюштуруп келчүбүз, акыркы жылдары бал аз өндүрүлүп, кыргыз балы чет өлкөлөргө экспорттолуп кеткендиги үчүн «Бал дүйнөсү» жарманкеси көп болбой калды. Кайсы бир товарды бренд кылуу үчүн анын биринчи сапаты, сорту эң жакшы болуусу керек. Биз көлөм эмес, сапатка иштейбиз. Кыргыз балы – Кыргызстандын бренди болуп калды.

– Азыр бардык эле бал таза эмес, кошулмасы жок таза балды кантип айырмалап тандасак болот?

– Көп учурда адал эмгектенген бал аарычылардын эмгегин жасалма бал саткандар булгап коюшат. Ошолорго мамлекеттик деңгээлде чара көрүлсө жакшы болот эле. Мисалы, башка өлкөлөрдө тамак-аш коопсуздугуна талап күчтүү. Бизге да ошондой талап керек.

Таза балды тандоодо биринчи кезекте көлөмүнө карасак болот. Бир литрлик идишке 1400 грамм бал батат. Андан аз болсо, демек кошулмасы бар. Андан тышкары, даамынан, жытынан билсек болот. Анан ошол бал өндүрүүчүнүн аары чарбасынын ветеринардык паспортун, балдын физика-химиялык, органолептикалык анализ жыйынтыгын сураш керек. Биздин балдан ооз тийгендер «оо, балалыктын даамы» дешет. Анткени табигый балдын жыты буркурап дароо эле билинет.

– Таза балды такай колдонгон адам катары анын кандай пайдаларын көрдүңүз?

– Мен таза балды ар дайым пропагандалап келем. Таза тоо балын такай колдонуп жүргөн адамдын иммунитети бекем, гемоглобини нормасында, өзү күч-кубаттуу болот. Анткени бал дары азыктары витаминдерге, пайдалуу микроэлементтерге бай келет.

Балды өтө көп жегенге да болбойт, жаш балдарга 15–30 грамм, орто жаштагыларга 60–100 грамм, карыларга 30 граммдан эле колдонуу жетиштүү. Ошол менен күнүмдүк витаминдерди, организмге керектүү макро жана микро элементтер менен камсыз болосуз. Балдын ден соолукка пайдасын айта берсек түгөнбөйт. Андыктан баарыңыздарга ден соолук, балдай таттуу өмүр каалайм.