Ош шаарындагы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгы каралды
19 август

Ош шаарындагы билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгы каралды

Бүгүн, 19-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы билим берүү уюмдарынын 2026–2027-жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, вице-мэр Масуда Айдарбекова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Алматов, мектеп директорлору жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында билим берүү уюмдарынын имараттарын жана башка мүлктөрүн оптималдуу пайдалануу, профилдик багыттагы мектептерди ачуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо, кесипке багыт берүү жана профилдик окутууну уюштуруу жана алдыда аткарыла турган иштердин планы талкууланды. Ошондой эле балдар жана педагогдор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрликтин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды колдонуу боюнча кеңири маалымат берди. Ал билим берүү уюмдарынын жетекчилерин эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана ишмердүүлүктү мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен ачык баарлашып, алардын суроолоруна жооп беришти.

Андан тышкары министр бир катар мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыктары менен таанышып, М.В. Ломоносов жана “Олимп”мектептеринин жамааты менен жолугушуу өткөрүп, “Олимп” мектебинин имаратын көрдү.