Кадамжай районунда акча жана зергер буюмдарын уурдоого шектелген 28 жаштагы жаран кармалды
19 август

Кадамжай районунда акча жана зергер буюмдарын уурдоого шектелген 28 жаштагы жаран кармалды

Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө Үч-Коргон айыл аймагынын 7 тургуну арыз менен кайрылган. Алардын билдирүүсүндө, 2026-жылдын июнь айынын аягынан июль айынын ортосуна чейин белгисиз жаран алардын үйлөрүнө кирип, акча каражаттарын жана зергер буюмдарын уурдап кеткендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 700 миң сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү, А.Масалиев айыл аймагынын мурда соттолгон 28 жаштагы тургуну М.М. Кадамжай районунун аймагынан аныкталып, кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрушүндө жабырлануучуларга зергер буюмдары кайтарылып берилди.