Россиянын акы төлөнүүчү жолдорунда карызы бар жүк ташуучуларга чектөө киргизилет
1-сентябрдан тарта Россиянын акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунда карызы бар жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.
Жаңы тартипке ылайык, Россиянын бажы органдары транспорттун мамлекеттик номерин колдонуу менен акы төлөнүүчү жолдордун акысы төлөнгөн-төлөнбөгөнүн автоматтык түрдө текшерет.
Эгер карыз аныкталса, транспорт каражатынын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынат. Жүк ташуучу унаанын жүрүүсүнө карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин гана уруксат берилет.
Ушуга байланыштуу Бажы кызматы кыргызстандык ташуучуларга сапар алдында акы төлөнүүчү жолдордун төлөмдөрүн текшерип, карыз болсо алдын ала төлөөнү сунуштайт. Бул эл аралык каттамдардагы кечигүүлөрдүн алдын алууга жардам берет.
