​​​​​​​Ысык-Көл облусунун төрт районунда жаңы сот имараттарынын курулушу башталды 
Жогорку сот
20 август

​​​​​​​Ысык-Көл облусунун төрт районунда жаңы сот имараттарынын курулушу башталды 

2026-жылдын 19-августунда  Ысык-Көл облусунда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп жана Ысык-Көл райондук сотторунун жаңы административдик имараттарын курууга мезгил кутусун салуу иш чарасы болуп өттү.

Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын башкы сот аткаруучусу Канатбек Осмонов, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, жергиликтүү соттордун судьялары жана кызматкерлери, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Медербек Сатыев сот-укуктук реформанын алкагында сот инфраструктурасын өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, заманбап сот имараттары судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсүнө, ошондой эле сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүүгө тийиш.

«Заманбап сот инфраструктурасы – бул жөн гана жаңы имараттар эмес. Ал судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин натыйжалуу иштөөсү, ошондой эле жарандар үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу сот адилеттигин камсыз кылуу үчүн зарыл шарт», – деп белгиледи Жогорку соттун Төрагасы.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы административдик имараттардын курулушу жарандарды кабыл алуу, сот отурумдарын өткөрүү жана сот иштеринин архивин талаптагыдай сактоо үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

Белгилей кетсек, Ак-Суу райондук сотунун азыркы имараты 1980-жылы курулуп, мурда банк катары пайдаланылган. Учурда ал соттун ишмердүүлүгүнө коюлган заманбап талаптарга толук жооп бербейт.

Ал эми Ысык-Көл райондук сотунун имараты 1954-жылы курулган. Узак жылдар бою пайдаланылгандыктан, учурда судьялардын жана сот кызматкерлеринин иштөөсү үчүн зарыл шарттарды толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Жаңы имараттарда судьялар жана кызматкерлер үчүн заманбап иш бөлмөлөрү, сот отурумдары өтүүчү залдар, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу жайлар, ошондой эле прокурорлор, адвокаттар, медиаторлор жана сот процессинин башка катышуучулары үчүн тиешелүү шарттар каралат. Мындан тышкары, сот архивин талаптагыдай сактоого ылайыкталган жайлар түзүлөт.

Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунда жаңы сот имараттарынын курулушу райондун тургундары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Ысык-Көл облусунун укуктук инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жаңы сот имараттарын куруу сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жаңыртууга жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган ырааттуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат.