Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат
19 август

Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулат

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына салыктык жеңилдиктер берилерин маалымдайт.

2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин төмөнкү субъекттер бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча салыктык отчет берүүдөн бошотулат:

– тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттер (селлерлер).

Бошотуу Кыргыз Республикасынын салык органдарында белгиленген тартипте катталган субъекттерге карата колдонулат.

Селлерлер үчүн жеңилдикти колдонуудагы милдеттүү шарт — электрондук соода аянтчасынан субъект тиешелүү платформада өзүнүн ИННин колдонуу менен иш жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин болушу.

Белгилей кетсек, бошотуу бирдиктүү салыкка жана ал боюнча отчеттуулукка гана тиешелүү. Башка салыктык милдеттенмелер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелер сакталат.

Тактап айтканда, жалданма кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. Иш берүүчүлөр мурдагыдай эле өз кызматкерлери үчүн тиешелүү төлөмдөрдү эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.

Уюмдар да мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген тартипте төлөөнү улантышат.

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр белгиленген тартипте демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.