Кыргызстан менен Индия 10 жылдан ашуун убакыттан бери бийик тоолуу аймактардагы медицинаны биргелешип изилдөөдө
Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору 10 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстан менен Индиянын бийик тоолуу аймактардагы медицина жана биология жаатындагы биргелешкен изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу «Биринчи радио» берүүсүндө борбордун директору Назгүл Өмүрзакова билдирди.
Анын айтымында, бул багыттагы кыргыз-индиялык кызматташтык өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде өнүгүп келет. Борбордун ишмердүүлүгү 2011-жылдан бери жүргүзүлүүдө.
Негизги багыттардын бири — адам организминин бийик тоолуу шарттарга кантип ыңгайлашарын изилдөө. Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын абалын, кандын көрсөткүчтөрүн, ошондой эле адаптациянын молекулярдык жана генетикалык өзгөчөлүктөрүн изилдешет.
Борбордун ишмердүүлүгүнүн жылдарында кыргызстандык жана индиялык адистердин катышуусунда биргелешкен илимий-практикалык экспедициялар өткөрүлүп келген.
Изилдөө иштери калкка практикалык медициналык жардам көрсөтүү менен да коштолгон. Экспедициялардын жүрүшүндө адистер 10 миңден ашуун кыргызстандыкты медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн.
Өмүрзакованын айтымында, кызматташтык эки өлкөнүн окумуштуулары жана дарыгерлери арасында тажрыйба алмашууну, ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүүнү да камтыйт.
