«Барс» клубу 2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогун жеңип алды
Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиевдин катышуусунда “Алга” спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Суперкубогу үчүн беттеш болуп өттү.
Оюн башталардын алдында, МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев клубдун музей бурчу жана 2026-жылы курулган жаңы гибриддик машыгуу талаасы менен таанышты.
2026-жылы базада дагы бир маанилүү долбоор ишке ашырылды — Нидерланддык «Sport Pitch Systems» BV компаниясы менен биргеликте жаңы гибриддик машыгуу талаасы курулду. 300 миң евродон ашкан долбоор талаанын жүктөмөгө туруктуулугун жана сапатын бир нече эсе жогорулатты.
Ошондой эле клубдун тарыхый мурасын сактоо максатында спорт базасынын мейманкана комплексинде ПФК «Алганын» музей бурчу ачылган.
Андан соң МинКаб Төрагасы өлкөнүн учурдагы чемпиону — Каракол шаарынын «Барс» футбол клубу менен 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубунун ортосундагы беттешти көрүп, оюн аяктаган соң, жеңүүчүгө сыйлыктарды тапшырды.
Оюн 2:0 эсебинде аяктап, «Барс» клубу 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңип алды.
