Спорт залы, ашканасы менен: Караколдо 150дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында заманбап эмерек өндүргөн завод ишке кирет. «Нурислам Эмерек» ишканасынын ири инвестициялык долбоору жыл аягына чейин ишке киргизилет.
Долбоордун алкагында 150дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлүп, алардын 70 пайызга жакыны жергиликтүү тургундарга берилет. Бул Каракол шаары жана жалпы Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири.
Ишкана үй жана кеңсе үчүн эмеректерди өндүрөт. Жаңы өндүрүштүк комплекс 7 миң чарчы метр аянтты ээлеп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Долбоордун өзгөчөлүгү — жаңы жумуш орундарын түзүү менен гана чектелбестен, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын камсыздоого да көңүл бурулат. Ишканада жумушчулар үчүн спорт зал жана түшкү тамактануучу жай каралган. Ал эми ширетүүчүлөргө жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу эртең менен сүт берилет.
Мындан тышкары, кызматкерлердин эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүлүп, аларды жылына бир жолу санаторийлерге жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Ишкана жергиликтүү кадрларды тартууга да өзгөчө маани берет. Учурда эмерек жасоо тармагында тажрыйбасы жок жарандар үчүн да ишке орношуп, кесипти өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул айрыкча жаштарга жаңы кесип үйрөнүп, тажрыйба топтоого шарт түзөт.
Долбоордун ишке ашырылышы ата мекендик эмерек өндүрүшүн кеңейтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого жана Каракол шаарынын өнөр жай потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
