Курманалиева Айнура: “Алсыз болууга акым жок”
24 август

Курманалиева Айнура: “Алсыз болууга акым жок”

Келечекке үмүт, ишеним менен караган 45 жаштагы Айнура айым эки колу жок майып болсо да жашоо менен татыктуу күрөшүп келет. Таянган апасы, ишенген бир туугандары, эш туткан балдары бар. Анын таасирдүү тагдыры кимге болсо да үлгү болчудай. 

“Кыйын турмуштун артынан кырсык келди”

2008-жыл эле, кызым чоңоюп, уулум 3 айга толгон кезде аларды апама таштап, өзүм шаарга жумуш издеп келдим.Чыгыш автобекет тараптан батирге чыгып, иштеп баштадым. Жашоом жаңы эле жакшы боло баштаган, бир күнү жумуштагы кыздар менен автоунаага түшүп үйгѳ бет алгам. Үйгө аз калганда жол кырсыгына учурадык. Кырсык кандай болуп кеткенин деле билбейм. Ошол жерден эле эсимди жоготуптурмун, ооруканадан эсиме келдим. Көрсө, кырсык болгондо электрощитке барып жабышкан экенмин. Эки колум капкара болуп күйүп калыптыр. Доктурлар өмүрүмдү сактап калуу үчүн эки колумду тең кесип салууга аргасыз болушуптур. Ошентип күтпѳгѳн жерден эки колумдан бирдей айрылып сыздап отуруп калдым.Ооруканада эки жарым ай жаттым. Каралашар адамым жалгыз гана апам болгондуктан кызым экөөбүз апамдын колунда калып, уулумду агам багып берди. Күйѳѳм менен ага чейин эле ажырашып кеткен элем, ал кабарлашкан жок.

“Колу жок жашоого кѳнүүгѳ аргасыз болдум”

Кол өнөрчүлүккө, чыгармачылыкка болгон каалоом, алдыга койгон жакшы максаттарым, балдарымдын келечегине кам көрсөм деген тилектеримдин баары эки колум менен кошо кесилди. Көпкө чейин тагдырдын жазмышына моюн суна албай кыйналып, жаман абалда жүрдүм. Бирок жашоо үчүн күрөшүүнү токтотпой колума протез салдырып кѳрдүм. Бизде механикалык, желим протездер гана бар экен. Механикалык протез салдырсам салмагы абдан оор экен. Аны көтөрүп жүргөнгө алым келчүдөй эмес. Чет жактан алдырайын десем баасы 7 миң доллардан башталат экен. Ага чамам чак келбегендиктен ойлонбой деле калдым. Канчалык кыйын болбосун, колу жок жашоого үйрөнө баштадым.

“Алсыздык кылганым өзүмчүлдүк болуп калат”

Апама жүк болбоо үчүн кээ бир жумуштарды бутум менен жасаганды өздөштүрүп, телевизор коюп которгонду, телефон менен сүйлөшкөндү, дааратканага барганды кайра башынан үйрөндүм. Сүрөтчүлүк өнөргө башынан кызыкчумун, бир жолу интернеттен колу жок баланын бут менен сүрөт тартканды үйрөнүп алганын кѳрүп калдым. Сүрөттөрү да сонун экен. Ага таасирленип бутум менен сүрөт тартканды үйрѳнүүнү ойлонуп калдым. Ал баланын тагдыры мага кадимкидей дем болду. Башында калем сапты бутум менен кармоо кыйынчылык, ыңгайсыздык жаратты. Бирок токтоп калбай тынымсыз машыгып, эмгектене бердим. Акыры аракетимдин үзүрүн кѳрүп бутум менен сүрөт тартканды, жазганды үйрөнүп алдым. Учурда чий чырмаган бир туугандарыма эскиздерин чийип берем. Колум жок, жашоого алсызмын деп жатып алуум өзүмчүлдүк болуп калат. Ошондуктан буга чейин кандай күрѳшүп келген болсом, мындан ары да ошол бойдон өзүмдү таштабай, татыктуу жашоо үчүн күрөшѳ берем.